Спутник учуруу кыялындагы кыргызстандык кыздар
Адамзат космос боюнча изилдөөлөрүн жана кыялдарын токтотпой улам жаңы ачылыштарды жасоодо. Экономикасы кубаттуу өлкөлөр спутниктерди учурууда. Бирок Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө андайга каражат бөлүнбөгөн менен кыялынын арты менен спутник жасайм дегендер бар.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Биз ошондой аракетте жүргөн кыздар тууралуу айтып берели.
23 жаштагы Анастасия студент, бир кыздын энеси. Түйшүгү көп болсо дагы ал учурда жан дилин коюп, ар бир элементти кылдаттык менен үйрөнүп жатат. Настя көп учурда кызын жанына ээрчитип, өзүнүн активдүүлүгү менен ага тарбия бергиси келет. Ал айымдар бала төрөп, үй жумуштары менен гана чектелип калбашы керек деп эсептейт.
"Аял киши бала багып, тамак жасап үйдө отурушу керек деген түшүнүктөн арыла албай келебиз. Атүгүл айымдарга болгон ишеним дагы азыраак. Биз мындай көз караштан кутулушубуз керек. Кыздар дагы инженердик, илимий-технологиялык жактан мыкты экенибизди далилдегибиз келет", - дейт Анастасия Мухамеджанова.
Спутник куруу үчүн IT технологиясын мыкты өздөштүргөн кыздар чогулган
"Мырзалар тарабынан силер эмнени жыргатмак элеңер, деген сыяктуу терс пикирлер айтылууда. Бирок биз баштаган ишти аягына чыгарабыз. Алгач топко балдарды дагы кошолу дегенбиз. Бирок, алар аралашканда кыздар четке чыгып калат экен. Биздин пикир менен жигиттер эсептешпей турганын байкадык. Ошондуктан жалаң кыздар ишке ашырууну чечтик",- дейт долбоордун дагы бир активдүү катышуучусу Жадырайым Акунова.
Аларга НАСАнын адистери дагы кеп-кеңештерин берип келет. Кыздарга билим берип жаткан окутуучулардын бири Алина Анисимованын айтымында, долбоор эки жылга багытталган. Бир жылга чукул кыздар окутуудан өтөт. Андан соң мыктынын-мыктылары тандалып алынып, алар спутник курууга киришет.
"Учурда окутуунун алгачкы этабы жүрүп жатат. Кыздар инженердик иштин негиздерин, ширетүүнү, тетиктерди туура бириктирүү сыяктуу нерселерди үйрөнүүдө. Жылды ортолоп алар Литвада биринчи спутникти коё берген Nano Avionics компаниясынын өкүлдөрүнүн жардамы менен түздөн-түз спутникти курууну үйрөнүүгө өтүшөт. Кыргызстанда келечекте аял-эркектин тең укуктуулугу сакталып, дүйнө таң калаарлык ачылыштар жасалат деп ишенем. Өлкөнүн алгачкы спутнигин жараткан кыздар, жаштар үчүн үлгү болуп, тарыхта калаарына үмүтүм чоң", - деди Алина Анисимова.
Спутник көлөмү жагынан кичинекей жана жөнөкөй болот. Анткени алгачкы жаратуучулар үчүн бул жетиштүү. Анын чыгымы болжол менен 100-150 миң долларды түзөт. Учурда демөөрчүлөрдүн жардамы менен ай сайын 800 доллардын тегерегинде каражат чогулууда. Ал эмнеге багыттала турганы азырынча тактала элек. Эки жылдан соң даяр болгон спутник Эл аралык космос станциясына жиберилип, орбитага коё берилет.
"Маселен, Кыргызстан радио, теле берүүлөрдү камсыздоо, интернет, уюлдук жана башка байланыштар үчүн чет мамлекеттердин спутнигин колдонот. Эгер өлкө өз спутнигин учурса байланыштын баасы арзандап, сапаты дагы жогору болмок. Өкмөткө өзүбүздүн спутникти учурууну сунуштап жатабыз, бирок качан ишке ашаары белгисиз. Ал үчүн 100 миллион доллардан тартып, 300 миллион долларга чейин каражат талап кылынат",- дейт Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев.(VO)










