Жерге кайтып келген космонавттар: космосто 272 күн

Сүрөттүн булагы, NASA
Өткөн апта соңунда Эл аралык космос станциясынын үч кишиден турган экипажы Жерге кайтып келди. Албетте, Жерде дагы кишилер космонавттар орбитада өткөргөндөй эле изоляцияда олтурат.
Космонавттар Казакстандын Караганда облусунун аймагына келип конду. Орусиялык Олег Скрипочка менен америкалык Жессика Меир Эл аралык космос станциясына 2019-жылы сентябрда учуп кетишкен. Дагы бир америкалык астронавт Эндрю Морган станцияда 2019-жылдын июлунан бери болду.
43 жаштагы астронавт Жессика Меир Эл аралык космос станциясында экипаж изоляция режиминде жашаганга көнүп калганын айтты. Бирок "Жерде дагы изоляцияга кабыларыбызды күткөн эмеспиз" деди ал.

Сүрөттүн булагы, NASA
Апта соңунда алар казак тааласына ийгиликтүү келип конду. Скрипочка менен Меир космосто 205 күн, ал эми Морган 272 күн өткөргөн. Казакстанда өзгөчө абал режими болгондуктан, айрым аэропорттор жабык. Ошондуктан космонавтарды Байкоңурга жеткирип, мекенине жөнөтүшөт.
Адатта Жерге кайтып келген космонавттар такай гравитациядан жүргөн үчүн кадимки жашоого көнүү үчүн бир нече аптага созулган атайын реабилитациялоо программасынан өтөт. Бул ирет космостон келгендерди дарыгерлер коронавирустан дагы сакташы керек. Мындай диагнозду Роскосмостун тогуз кызматкерине коюшкан. АКШда НАСАнын дагы изилдөө борборлорундагы бир нече кызматкерден аныкталган.

Сүрөттүн булагы, NASA
Адистер кайтып келген космонавттарга башкаларды жолотпой турууну макул көргөн. Ошондуктан алар белгилүү бир убакыт үй-бүлөсү менен чогуу боло алышпайт.
Булардын ордуна Эл аралык космос станциясына орусиялык Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер, ошондой эле америкалык Кристофер Кэссиди 9-апрелде учуп барды.
Жаңы экипаж орбитада 196 күн болушу керек. Адистер Эл аралык космос станциясынын бортуна коронавирустун жетип барышы азыркы маалда нөл пайыз деп турат. Бирок буга чейин инфекция космос аппаратынын бортунда болгон учур бар. 1968-жылы "Аполлон-7" аба кемесинин экипажы грипп жуктуруп алган. Астронавт Уолли Ширр суук тийгизип алып, анан кесиптештерине жуктурган деп айтылат. Бул станциядагы астронавттардын ишине тоскоолдук жараткан. Дары-дармеги түгөнүп, мурун бүткөндүн кандай чарасын табышты билбей катуу кыйналышкан. Ушундай эле кыйынчылыктар "Аполлон-8", "Аполлон -9" экипажында да болгон экен. (AbA)








