Жапониялык миллиардер Айга сапарлаш болчу сүйүктүүсүн издейт

Yusaku Maezawa

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юсаку Маэдзава Space X компаниясынын ракетасы менен 2023-жылы Айга бармакчы

Жапониялык миллиардер Юсаку Маэдзава Айга болгон биринчи туристтик сапар үчүн сүйүктүүсүн издеп жатканын жарыялады. 44 жаштагы Юсаку Маэдзава Space X компаниясынын ракетасы менен 2023-жылы Айга бармакчы.

Интернетке жарыялаган пикирине ылайык, Маэдзава мырза укмуштуу саякатты "өзгөчө" аял менен бөлүшкүсү келет. Миллиардер жакында эле сүйлөшүп жүргөн кызы, актриса Аямэ Горики менен кол үзгөн. Ошондон кийин бизнесмен дүйнө жүзүндөгү аялдарга интернет аркылуу кат жолдоп, "жолугушууга" чакырды.

"Жалгыздык жүрөгүмдү сыгып жаткан кезде, мен бир аялды сүйгүм келет деген ойдон арыла албай жатам. Сүйүктүмдү тапкым келет. Аны менен ачык космоско барып, сүйүүмдү билдиргим келет жана космосто туруп Жер планетасына тынчтык деп чогуу кыйкырабыз",-деп жазат Маэдзава.

Japanese billionaire Yusaku Maezawa speaks near a Falcon 9 rocket during the announcement by Elon Musk to be the first private passenger who will fly around the Moon, 17 September 2018

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маэдзаванын үч миллиард долларга тете байлыгы бар

Миллиардердин интернет баракчасында анкета тапшыруунун шарттары так жазылган. Эң негизгиси каалоочулар 20 жаштан жогору, позитивдүү жана космоско кызыгуусу болушу керек. Анкетаны 17-январга чейин толтуруп бүтүү дагы шарт. Юсаку Маэдзава марттын аягына чейин "сүйүктүүсүн" тандайт.

Айдын башында Маэдзава анын "твиттердеги" пикирин бөлүшкөн 100 кишиге 100 миллион иен ($925,000) берүүнү убада кылган.

Zozo Inc кийим дүкөнүнүн ээси Маэдзаванын үч миллиард долларга тете байлыгы бар. Ал акчасын искусство менен маданий иш-чараларга жумшап келет.

Moon loop

Сүрөттүн булагы, SpaceX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, SpaceX компаниясы туристтерди Айга алып барат

Маэдзава SpaceX компаниясынын Айга болгон сапары үчүн билетти канчага сатып алганы ачык айтылган эмес. Бирок компаниянын ээси, атактуу миллиардер Илон Маск биллеттин баасы "абдан, өтө кымбат" деп айткан.

Буга чейин Маэдзава Айга өнөрпоздорду чогуу алып баруу ниетин дагы билдирген. (AT)