Советтер Союзу Айга АКШдан биринчи жеткен - үч жолу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Fernando Duarte
- Role, BBC World Service
1959-жылы 15-сентябрда СССРдин жетекчиси Никита Хрущев тарыхый сапары менен АКШга келген. Ак үйдү кыдырып жүрүп, Хрущев АКШнын президенти Дуайт Эйзенхауэрге белек берген. Айдын формасына окшош, темирден жасалган топ "Луна-2" аппаратына салынып, Айга барган топтун көчүрмөсү болчу.
Бул окуядан кийин СССР айга дагы эки жолу аппаратын жөнөттү. Андан кийин гана АКШнын космостук агенттиги (НАСА) 1969-жылы "Аполлон-11" кемесин Айга кондурууга жетишкен.
Айыгышкан космостук жарыш
1957-жылы СССР менен АКШнын ортосунда космостук жарыш башталган. Ага Советтер Союзунун алгачкы жасалма жандооч "Спутник-1" аппаратынын космоско ийгиликтүү учканы себеп болгон. Андан кийин СССРдин Айга биринчи жетиши АКШ үчүн чоң сокку болгон.

Сүрөттүн булагы, NASA
1966-жылы февраль айында "Луна-9" аппараты Айга ийгиликтүү конуп, Айдын бетинен биринчи жолу сүрөт тартууга жетишкен. Эки айдан кийин "Луна-10" аппараты Айды айланып келген биринчи космостук кеме болуп калды. Аппараттан алынган маалымат өтө маанилүү болду.
"Айга адамды кондуруудан мурун ага космостук аппаратты кондуруу керек болчу. Бул багытта Советтер Союзунун ийгилигин унутсак болбойт",- дейт окумуштуу Даг Миллиард.

Сүрөттүн булагы, NASA
"Луна-2"
Аппарат 1959-жылы 12-сентбярда космоско учкан. СССР космостук программасын өтө жашыруун кармап келген. Бирок "Луна-2" Айды көздөй учканда, жашыруун маалыматты британдык астроном Сэр Бернард Ловелл менен бөлүшкөн.
Башында АКШ СССРдин маалыматын четке какканы менен Сэр Ловелл "Луна-2" аппараты Айга ийгиликтүү жеткенин тастыктаган. 1959-жылы 14-сентябрда "Луна-2" саатына 12,000 чакырым ылдамдык менен Айдын бетине түшкөн. Аппараттан Айга өтө тез учуп келгендиктен, ал дароо талкаланган экен.

Сүрөттүн булагы, Kansas Cosmosphere
Бул жетишкендикти бир гана "кансыз согуш" учурундагы пропаганда деп айтуу болбойт. "Луна-2" маанилүү илимий ачылыштарды жасаган. Аппарат Айдын өзгөчө магниттик талаасы жана радиациясы жок экенин аныктаган.
Ошондой эле Айдын геологиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу дагы маалымат топтогон.
"Луна-9"
Жети жылдан кийин "Луна-9" аппараты "Аполлон" миссиясына дагы көмөк көрсөткөн. Аппарат Айга коно электе АКШ менен СССРдин окумуштуулары Айдын бетин кум сыяктуу элестетишкен. Айрымдар космостук кеме айга консо, кумга сиңип кетиши мүмкүн деген кооптонууларын билдирген.
"Луна-9" аппараты Айга ийгиликтүү конгону эле окумуштууларга ачылыш болду.
"Илимий жетишкендик келечектеги миссияларга жол ачты",- дейт британиялык окумуштуу Либби Жаксон.
"Луна-10"
СССР космостук жарышта пропагандалык жеңишке жетти.
"Геосаясат космостук жарыштын кыймылдаткычы болгонун унутпайлы",- дейт Жаксон айым.

Сүрөттүн булагы, NASA
"Луна-10" аппараты Айдагы топурактын курамын изилдеп, микрометеориттер боюнча ачылыштарды жасаган. Микрометеориттер астронавттарга жана космостук изилдөөгө тоскоолдук жаратат. Космосто чакан метеорит дагы өмүргө коркунучтуу.
"СССР 1961-жылы биринчи жолу адамды космоско жөнөтүп, 1965-жылы астронавт биринчи жолу ачык космоско чыккандан кийин бул жарышта жеңишке жеттик деп ойлогон. Алар АКШ Айга жете аларына ишенген эмес",- дейт тарыхчы Асиф Сиддики.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1968-жылы АКШнын "Аполлон-8" миссиясында астронавттар башкарган кеме Айды айланып, кайра Жерге конгон. Бир жылдан аз убакыттан кийин "Аполлон-11" миссиясы Айга ийгиликтүү конгон.
Советтер Союзу космостук жарышта биринчи болуп келе жатып эмне болду?
"СССРдин экономикалык, технологиялык жана илимий базасы начар болчу. Ошондой эле уюштуруу структурасы начар эле",- дейт НАСАнын тарыхчысы Рожер Лауниус.
Башкача айтканда СССРдин программасы Айга жеткен аппараттарды мыкты жасаганы менен, астронавттарды Айга жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар космостук кемелерди чыгара алган эмес. Ошондой эле совет окумуштууларынын адам баласын Айга жеткире алгыдай кубаттуу ракетасы дагы жок болчу.
АКШ кубаттуу "Сатурн-5" ракетасын ойлоп чыгарган. Бул ракета "Аполлон" миссияларын ийгиликтүү Айга жеткирген. СССР болсо "Н-1" ракетасын ойлоп чыгарып, ал төрт жолу сыноодон өтпөй калган.
СССРдин космостук программасынын башкаруу системасында дагы мүчүлүштүктөр бар эле. Бул программа саясий упай топтоо жолуна айланган. Коммунисттик партиянын ич ара тирешүүлөрү жана армиянын баллистикалык ракетага жетүү ниетинен улам, СССРдин космостук программасына көңүл мурдагыдай бурулбай калган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Башаламан космостук программа
Тарыхчы Асиф Сиддикинин айтымында, СССР 1964-жылы гана астронавттарын Айга жеткирүүнү пландаган.
"Советтер Союзу космостук программасын жашыруун кармаган. Ошондуктан ачык космоско ийгиликтүү чыкканы чоң жаңылык эле. Бирок чынында СССРдин космостук программасы башаламан башкарылган эле",- дейт тарыхчы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай ойго Советтер Союзунун мурдагы офицерлери дагы кошулат.
"СССРдин космостук программасы тууралуу сөз кылганда, Батышта программа өйдө жактан түз башкарылган деп туура эмес ойлошот. Чынында АКШда "Аполло" программасы түз башкарылган. СССРде болсо окумуштуулар бири-бири менен атаандашкан",- дейт аэрокосмос инженери Сергей Хрущев.
Ал аз келгенсип 1966-жылы январь айында Советтер Союзунун космостук программасынын атасы делген инженер Сергей Королев көз жумган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айга биринчи жетүү аракети
СССР астронавтын айга жеткирүү жарышында утулуп калганын билген соң, "Аполлон-11" Жерге кайтып келгиче Айдын топурагын биринчи алып келүүгө аракеттенген.
1969-жылы 13-июлда "Аполлон-11" миссиясын үч күндөн кийин баштайт деп айтылганда, "Луна-15" аппараты космоско көтөрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Луна-15" АКШнын "Аполлон-11" кемесинен 72 саат алдыда Айдын орбитасына жеткен. Бирок америкалык астронавттар Армстронг менен Алдриндин Айдагы миссиясы жыйынтыкталып, Жерге кайтканы жатканда гана Советтер Союзунун аппараты Айдын бетине кулап түшкөн.
"Биз АКШдан биринчи болуп Айга жетебиз деп ишенгенбиз. Бирок эңсөө менен мүмкүнчүлүк эки башка нерсе",- деп айткан эле 1999-жылы Сергей Королевдун ордуна келген Василий Мишин.












