Индиянын Айга жетүү аракети

Сүрөттүн булагы, EPA
Индия Айга конуу миссиясы 22-июлга жылдырылганын жар салды. Буга чейин "Чандраян-2" аппараты космоско учуунун акыркы мүнөттөрүндө токтотулган эле.
"Срихарикота" космос станциясынан дүйшөмбү күнү таңкы саат 02:51ге пландалган учуруу техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 56 мүнөт калганда токтотулган.
Индия "Чандраян-2" (Ай спутниги-2) аталыштагы космос аппараты Айдын түштүк тарабындагы сууну, минералдык заттарды жана Айдын чайкалуусун изилдеп чыкмак.
Наркы 150 млн доллар турган бул саякат ийгиликтүү болсо, Индия Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калмакчы.
Ошондой эле АКШ, Кытай жана Советтер Союзунан кийинки Айдын бетинде "из калтырган" төртүнчү өлкө болмокчу.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди космос программасы өлкөнүн артыкчылыктуу максаттарынын бири экенин баса белгилейт.
Бирок, бул космос сапарына каршы чыккандар Индия алгач жокчулук, жакырчылык менен күрөшүүсү керек деп жатышат.
Индиянын Космос изилдөөлөр уюмунун башчысы (ISRO) К. Сиван Айга аппарат учуруу эң ири космостук долбоор экенин айтууда.
Бул долбоор пландалган саатта ишке ашса, космос аппараты 54 күнгө созулган сапардан кийин сентябрдын башында Айга конмок.
Индиянын Айга болгон алгачкы сапары ("Чандраян- 1") 2008-жылы ишке ашкан. Космос аппараты радарлары менен Айга конуудан мурун суу издеген эле.
Индия "Чандраян-2" долбоорунда эң күчтүү ракетасын колдонууда. "Geosynchronous" космостук аппаратынын салмагы 640 тонна жана узундугу 44 метр.
2014-жылы Марстын орбитасында спутник орноткон төртүнчү өлкө Индия 2017-жылы космоско 102 спутник учуруп, рекорд койгон эле.
Ал эми Орусия 2014-жылы 37 спутник жөнөтүп рекорд койгону белгилүү. (JK)













