Эстутумду жакшыртуунун оңой жолдору

Сүрөттүн булагы, Alamy
Экзаменге даярданып жатканда, зарыл маалыматты улам-улам окугандан эч натыйжа болбойт. Анын ордуна ушул усулдарды колдонгонуңуз оң болоор. Эмнеси болсо дагы карап көрүңүз.
Канчалык акылдуу болбоңуз, керектүү учурда маалыматты эстей албай калган кырдаалдар көп болот. Сурамжылоолорго ылайык, окучуулардын көбү "эстутумду жакшыртат" делген ыкмаларды колдонбойт. Көп учурда натыйжасыз усулдар менен сабак окушат.
Буга ата-эне, мугалимдер, окумуштуулар дагы күнөөлүү. Себеби алар каараманча каршы усулдар тууралуу сөз кылышат. Дал ушул себептен кайсы ыкма чынында жардам берерин билбей деле калдык.
Бактыга жараша, психология боюнча эң алдыңкы журналдардын бири айтылган ыкмаларды изилдеп чыгып, эң мыкты, эстутумду жакшырткан делген төрт ыкманы аныкташты. Эски стратегияңызды өзгөртүп, жаңы ыкманы колдонуп, экзамен, сабактарыңызга даяр барыңыз.
Биринчи жаңылыш стратегия: улам кайталап окуу
Чет тилди үйрөнүп жатсаңыз, жаңы сөздөрдү жаттоо оор болот эмеспи. Көптөр жаңы сөздөрдү жана анын маанисин улам-улам окуп, эмнеге унутуп калам деп кыжырланат.
Психологдор бул ыкманы чабал деп аташууда. Маалыматтын көбү эсте калбайт.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Биринчи ыкма: маалыматты аралык менен кайтып келип окуу
Улам кайталап окуу эң чабал стратегиялардын бири. Бирок айрым учурда, теманы жакшылап түшүнүү үчүн маалыматты кайталап окуганыңыз туура.
Кайталап окуп жатканда, маалыматты аралык менен кайталап окусаңыз эсте калат. Мисалы, бир бапты же жаттап жаткан сөздү жана анын маанисин окугандан кийин, аны бир сааттан кийин кайталап окуңуз. Андан соң үч сааттан кийин, анан бир күндөн кийин, бир жумадан кийин кайталаңыз.
Кайталап окуунун алдында, өзүңүзгө суроо жолдоп, ага жооп берүүгө аракеттенсеңиз дагы болот. Ошондо, кайталап окуганда материалдын кайсы жерлерин эстебей калганыңыз аныкталат. Эсте калган маалымат толукталат.
Экинчи жаңылыш стратегия: барактагы маанилүү делген текстти белгилөө
Кайталап окуу ыкмасы сыяктуу эле, текстти сызып белгилөө кеңири тараган. Көлөмдүү текст окуп жатканда маанилүү жактарын белгилеп коюп, кийин кайталоо жеңилдетилет деп ойлойт эмеспизби. Бул логикалуу эле нерсе го.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Бирок бул ыкма кайталап окугандан бир топ натыйжалуу болгону менен, аны абдан эффективдүү деп айтуу болбойт. Себеби студенттердин көбү барактагы тексттин дээрлик баарын сызып белгилейт эмеспи. Кайсы маалыматты эстеп калуу керек экени билинбей калат. Китептин баарын эстеп калуу мүмкүн эмес.
Экинчи ыкма: пауза кыл, ойлон
Текстти дароо сызып белгилөөнүн ордуна, окумуштуулар "текстти бир окуп туруп, андан кийин кайталап окуп жатканда гана белгиле" деген акыл айтышат. Бул ыкманы колдонсоңуз, экинчи жолу окуп жатканда кайсы маалымат маанилүү экенин ойлонуп белгилейсиз. Жалпы текст эмне тууралуу экенин билгенде, айрым пикирлер маанисиз болуп калышы мүмкүн.
Бул ыкма сизди терең ойлонууга түртөт. Мээ активдүү иштейт. Ушундай учурда маалымат эсте калат.
Үчүнчү жаңылыш стратегия: маанилүү маалыматты жазып алуу
Дарс бөлмөлөр же китепканага киргенде, студенттер жанталашып маанилүү маалыматтарды дептерине көчүрүп жатканын көрөбүз.
Текстти сызып белгилөө ыкмасындай эле, бул учурда дагы кайсы маалымат эң маанилүү деген суроо чыгат. Биринчи жолу угуп жаткан маалымат болсо, анын баары эле маанилүү деген ой пайда болбойбу?

Сүрөттүн булагы, Alamy
Бул учурда сиздин ашыкча дымагыңыз миссияңызга тоскоолдук кылат.
Үчүнчү ыкма: кыска, так жана ток этер жерин эле жазыңыз
Изилдөөлөр студенттер дептерлерине кыска түшүндүрмө жазганда, алар маалыматтын идеясын жакшы түшүнгөнүн, кийин ал эсте калаарын аныктаган.
Көп маалыматтын корутундусун, ток этер жерин издегенде студент ойлонуп, мээнин эстутумга байлануу тарабын иштетет. Дал ошол себептен маалымат эсте калат.
Ошондой эле лекцияларда компьютер эмес, калем менен дептер колдонуу дагы маанилүү. Себеби кол менен жазуу компьютерге караганда көбүрөк убакыт талап кылат. Дептерге жазып жатканда, болушунча кыска жазууга умтуласыз жана ал эсте калат.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Төртүнчү жаңылыш стратегия: флэш карта
Флэш карталарды жасап, өзүн-өзү текшерүү ыкмасы кеңири тарады. Бул маалыматты жаттап калуудагы эң жемиштүү ыкма деп аталган. Ал чынында жакшы стратегия, бирок мындан дагы эффективдүү ыкмалар пайда болгон.
Төртүнчү ыкма: текеберчиликтен абайлаңыз
Маалыматты жаттап, кыска мөөнөттүн ичинде артка айтып берип, болду эстеп калдым деп жаңылган студенттер арбын. Жаңы изилдөөгө ылайык, текебер мамиле кылгандардын көбү, экзаменде жаттаган маалыматын эстей албай коюшкан.
Флэш карталар буга жол ачышы ыктымал. Себеби жазылган маалыматты жаттап, аны артка дароо айтып бере алганыңыз менен, бир аптадан кийин бул маалымат эстен чыгып кетиши мүмкүн.
Ал себептен флэш картадагы маалыматты, эки-үч жолу кайталагандан кийин жаттадым деп ката кетирбеңиз. Андагы маалыматты аралык менен кайталап туруңуз. Демек, экзаменге эрте даярдануу стратегиясын колдонуңуз. Флэш картаны даярдасаңыз, аны кайталоодо аралыкты сактаңыз. (AT)












