Эске тутуш үчүн Шерлок Холмстой ойлонуу

BBC Future кабарчысы Хелен Томсон дүйнө боюнча эс-тутуму эң күчтүү адамдардын акыл-эсине сереп салып көрдү. Алар эмнеси менен айырмаланат болду экен?

Сүрөттүн булагы, Getty

Алекс Малленге бир нече жыл мурда калың жыйылган оюн картасынын тартибин 21,5 секундада эстеп калууга болот десе, ал күлмөк.

Анын эс-тутуму башкалардыкынан эч айырмаланбайт болчу. Ал эми азыр Миссисипи Университетинин медициналык факультетинин студенти Маллен эске сактоо боюнча дүйнөнүн чемпиону.

  • Бул макалаларды да окуңуз:
  • <link type="page"><caption> Кан, тер жана жаш: биздин купуя сырларыбыздын сырлары</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/world/2016/01/160112_health" platform="highweb"/></link>
  • <link type="page"><caption> Королеванын узак өмүрүнүн сыры</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/world/2016/04/160421_queen_90_longevity" platform="highweb"/></link>

Маллен мага “Эйншейт Айда сейилдеп жүрөт” деген китеп тууралуу айтып берди. Анын автору эске сактап калуу боюнча дүйнөлүк чемпионатты чагылдырууга барган журналист Жошуа Фоер.

Журналист ал жерде “генийлердин суперкубогун” көрүүнү күткөн. Иш жүзүндө ал белгилүү ыкмалар менен эс-тутумун абдан машыктырган катардагы адамдар менен жолуккан.

Фоер ал ыкмаларды колдонуп, өзүн сынап көрүүнү чечкен жана кийинки жылы ошол сынакты жеңген.

Фоердин окуясы Малленди шыктандырып, ал дагы эс-тутумун жакшыртууну чечет.

“Эстеп калууга менин табигый жөндөмүм жок эле. Бирок 2013-жылы Феор жазган ыкмаларды колдонуп, машыга баштадым”, - дейт Маллен.

Бир жылдан кийин Фоер эске сактап калуу боюнча АКШда экинчиликти алган. “Ал мени абдан шыктандыргандыктан улантууну чечтим. Натыйжада, 2015-жылы эс-тутум боюнча дүйнө чеимпионатына катыштым”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty

Чемпионат декабрь айында Кытайда, Гуанчжоуда өткөн. Ал он баскычтан туруп, ар биринде катышуучуларга оор тапшырмалар берилген. Бир саатта болушунча көп санды, он беш мүнөттө адамдын жүздөрүн жана аттарды же нөлдөрдүн, бирлердин айкалышын эстеп калуу өңдүү тапшырмалар бар болчу.

Финалында катышуучулар жыйылган картанын иретин болушунча бат эстеп калыш керек эле.

Маллен акыркы тапшырманы аткарып баштаганда экинчи орунда болчу. Ал карталарды 21,5 секунда карап, сынактын лидери Ян Янгды бир секундага утту. Бир секунда анын чемпион болушуна жетиштүү эле.

Азыр Маллен “бир саат ичинде сандарды эстөө” титулу боюнча дүйнөдөгү эң ылдам адам, ал 3029 санды эсине сактай алган. “Бир нече жыл мурда бул мүмкүн эмес демекмин”, - дейт ал.

Ал ошондой эле АКШнын 4-5 сынагынын жеңүүчүсү. Мисалы, жарым саат ичинде 3888 нөлдүн жана бирдин баш-аламан тизмегин жаттап кала алган.

“Акыл-эстин мейкиндигине” кириңиз

Сүрөттүн булагы, Michael Cory Flickr CC BY NCND 2.0

Миңдеген нөл менен бирди эмес сатып алчу нерселериңиздин тизмесин жаттап калалбасаңыз, бул рекорддорду сиз жарата албай тургандай сезилесиз.

Бирок Маллен аны ар бир киши кылалат деп эсептейт. Ал болгону акыл-эстин мейкиндигин түзүш керек дейт.

Шерлок Холмсту билбегендер үчүн тактап коюш керек: акыл-эс мейкиндиги – бул, адам жакшы билген жер жана аң-сезиминде анын образын жаратат. Бул анын үйү же жумушуна чейинки жол болушу мүмкүн.

Карта болсун, базарга барчу тизме болсун көптөгөн нерселерди эстеп калыш үчүн болгону акыл-эстин мейкиндигине өтүш керек жана ар бир нерсенин образын белгилүү бир жерде таштап кетиш керек.

Бул эске сактоо техникасын биздин заманга чейин 5-кылымда жашаган грек акыны Симонид Кеосский ойлоп тапкан дешет.

Легендага ылайык, бир сараң бай Симонидди конокко тойго чакырат. Салтанаттын так ортосунда акын чабарманды күтүп алуу үчүн көчөгө чыгат.

Ал босогодон аттаганда имараттын чатыры түшүп, келгендердин баарын басып калат. Таанылбай калган сөөктөрдү жакындары териштирип жатканда Симонид кимдин кайсы жерде отурганын эстегенге аракет кылат.

Бир учурда ошол кече анын көз алдына тартылат. Ал өзүнүн маңдайында отурган конокту, сол жагындагыны, оң жагындагыны, столдун башындагыга чейин көргөн болот.

Отургузулгандардын тартибин эстеп, ал өлгөндөрдүн денесин тааный ала турганын түшүнөт.

Ушундай кайгылуу окуя аны ачылышка алып келген. Акын объектилердин же фактылардын тобун жаттап калуунун эң мыкты жолу алардын образын белгилүү бир жерге жайгаштырып, тартипке салуу экенин түшүнөт.

Көптөгөн кылымдардан кийин Лондондун университеттик коллежинин өкүлү Элеонор Магуайр жана анын кесиптештери жаттоо боюнча он дүйнө чемпионунун баш мээсин изилдеп чыккан.

Алар мээнин түзүлүшүндө өзгөчөлүктөрдү табабыз деп ойлошкон. Болгону мээнин мейкиндикти жакшы ажыратып билүү үчүн жооп берген бөлүгүнүн көп колдонулганын байкашкан.

Кыскасын айтканда, эс-тутуму жакшы генийлер укмуштуудай натыйжаларга акыл-эсиндеги мейкиндигин колдонуу менен жетишкен.

Сандар жана образдар

Сүрөттүн булагы,

Сандарды же экилик сандарды эстеп калуу үчүн ар бир катышуучу алардын образын жаратуу үчүн өзүнчө система ойлоп табат.

Мисалы, карталардын жыйындысын эстеп калыш үчүн Маллен “эки карта” системасын ойлоп тапкан. Ага ылайык, сүрөттөр менен сандар бар карталар фонетикалык үндөргө окшоштурулат.

Мисалы, жети кыштымды жана беш карганы алалы. Маллен кыштым менен карганын биригүүсү “м” тыбышын берет дейт. Жети “к”, беш “л” тыбыштарына айланат.

Бул тыбыштар кайдан алынат? Маллен ал көп жыл мурда ойлоп табылган коддор дейт.

“Картаны көргөндө болгону “м”, “к”, жана “л” деген тамгаларга туура келген образды түзүш керек. Алар жеке мен үчүн Майкл деген атты эске салды. Андыктан мен бул карталарды көргөндө Майкл Жорданды эстейм”, - дейт Маллен.

Ал картанын 2704 комбинациясын эки эсе кыскарта турган дагы бир ыкмасын билем дейт. Бирок анын сырын айтпайт экен.

Маллен Йонас фон Эссенден дүйнө чемпиону титулун жеңип алган. Фон Эссен дагы эстеп калуу менен кийин эле алектенип баштаган.

“Мен китепкананы кыдырып жүрүп, эс-тутумду жакшыртуу тууралуу китеп көрүп калдым. Анын мага окууда жардамы тийет деп окудум”, - дейт фон Эссен.

Ал учурда фон Эссен Гётерборг университетинде студент болчу. Ал бир нече ыкманы колдонуп көргөндө жаман эмес жыйынтыкка жетишкен.

“Мен кыялдангандан алда канча жакшы натыйжага жете аларымы дароо түшүндүм”, - дейт ал.

Фон Эссен биринчи жолу 2012-жылы Швециядагы чемпионатка катышканда утуп алган. 2013 жана 2014-жылдары дүйнө чемпиону болду.

Карталарды эстеп калыш үчүн фон Эссен башкачарак система колдонот. Ар бир картага өзүнчө образ бар. Үч образдан айкалышкан форманы оюндагы үйгө жайгаштырат.

“Сейилибизди башкы эшиктин жанынан баштайбыз. Мисалы, төрт алма, тогуз алма жана сегиз чырым бар. Мен эшикти ачып, колунда гамбургер бар Шерлок Холмстун гитара ойноп жаткан образын көрөм. Андан ары басып, калган үч карта катышкан жаңы окуяны түзөм”, - деди фон Эссен.

Сүйүктүү рестораныңыз жардам берет

Акыл-эстин мейкиндигин каалаган жерде түзсө болот – отелде, ишке бараткан жолдо, тааныш ресторанда, курортто, паркта же поездде.

“Ойлонсоң эле көп тааныш жерлерди эстейсиң”, - дейт Маллен.

Сүрөттүн булагы, iStock

Эки чемпион тең кыска убакытта эстеп калыш керек болгон жана узак убакыт эсинде сактагысы келген нерселер үчүн ар кандай акыл-эс мейкиндигин колдонот.

“Беш мүнөттө сандарды эстеп калуу үчүн мен дайыма бир эле мейкиндикти колдоном. Бул керексиз маалыматтардан учурунда кутулууга жардам берет. Бирок сабак боюнча ашказан дарыларынын атын жаттап калыш керек болуп жатса, ушул өңдүү гана маалыматтар сакталчу мейкиндикти колдоном”, - деди Маллен.

Мен экөөнөн тең “бул ыкмалар ишке жарабай калган учур болду беле, кантип эле башыңардан эч нерсе чыгып кетпесин” деп сурадым. Алар “жок” дешти.

“Акыл-эс мейкиндигинде маалымат дайыма коопсуз”, - дейт фон Эссен.

Алар жакшы эс-тутумга ар бир адам жете алат дешет.

Дүйнө чемпионатына даярдануу үчүн Малленге бир күндө жарым саат гана кеткен. Фон Эссен да машыгууга аздан эле убакыт сарптаган, сынакка аз калганда гана беш сааттык машыгууларга өткөн.

Фон Эссен кийинки жылы Пи сандарын эстеп калуу боюнча рекорд коём деп турат.

Бул багытта чемпион болуу көп каражат алып келбегендиктен Маллен жөндөмүн окуусуна жана башкаларга жардам берүүгө колдоном дейт. Ал эстеп калуу күндөлүк жашоого абдан керек болгондуктан ыкмаларды башкаларга болушнча айтып берет.

Фон Эссен болсо эстеп калууну велосипед тебүүгө салыштырат. Аны айдап көрбөгөндөргө кыйын сезилет, бирок бир аз машыкса, баары тебе алат дейт фон Эссе.