Каалаганыңды 20 саатта кантип үйрөнсө болот?

Кыз китеп окуп жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы маалыматты окуп, тез кабыл алабыз

Орус, араб же кытай тили болобу? Же балким квант физикасыбы? Биздин мээ - канчалык татаал маалымат болбосун бардык нерсени, өзгөчө башында тез кабыл алат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жаңы бир нерсени өздөштүрүп баштаганда алгачкы 20 саат абдан маанилүү.

Дал ушул учурда мээ жаңы маалыматты тез кабылдайт. Кызыгууңузга жараша, мээ жаңы нерсеге тез реакция жасайт.

мээ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алгачкы 20 саатта мээбиз жаңы маалыматты тез кабыл алат

19 кылымдагы немис философу жана психологу Герман Эббингауз, алгачкылардан болуп мээ жаңы маалыматты кантип кабыл аларын изилдеген.

Ал "ийри үйрөнүү" идеясына же жаңы жөндөм менен ага кеткен убакыттын өлчөмүнүн байланыштырган.

Аны графикага чийип көрсөтө турган болсок, "маалыматты" узунунан же у-огуна жана "убакытты" туурасынан же х-огуна жайгаштыруу керек.

x - y графиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Немис Эббингауздун ийри графиги. Эгер "у" "маалымат" болсо, "х" "убакыт" болот

Эббингауз, ийри графикада - алгачкы сааттарда жаңы нерсени үйрөнүүгө канчалык көп убакыт коротсок, ошончолук көп маалымат аларыбызды аныктаган.

Андан кийин мээнин маалыматты тез кабыл алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөгөн. Жаңы бир нерсени үйрөнүүгө кеткен убакыт жогорулаган сайын, жаңы маалыматты бат кабыл албай каласыз.

Бүгүнкү күнү Эббингауздун графиги жаңы нерсени үйрөнүүгө кеткен убакытты өлчөө жана бизнес чөйрөсүндө иш канчалык жемиштүү болуп жатканын аныктоо үчүн колдонулуп келет.

Демек, жаңы бир нерсени өздөштүрүп жатканда, баштапкы 20 саат аябай чыңалган жана жемиштүү убакыт болот. Анткени жаңы маалыматты көргөндө, мээбиз болушунча көп маалыматты сиңирүүгө ылайыкташкан.

Алгачкы үйрөнгөн билимиңиз жемиштүү болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алгачкы үйрөнгөн билимиңиз жемиштүү болот

Убакыттын өтүшү менен, маалымат кайталанса, мээ жакшы кабыл албай калат жана тез үйрөнүү жараяны токтойт. Бул баскычты "адаттануу" деп атасак болот. Ал учурда биз жаңы үйрөнгөн өнөр же жөндөмүбүздү акырындык менен курчутабыз.

Ошондуктан жаңы бир нерсени үйрөнүп жатканда, ал канчалык татаал болбосун, кабыл алуу басаңдаганча болушунча көп маалыматты өздөштурүү керек.

Маалыматты өздөштүрүү ыкмасын тандаңыз

Америкалык илимпоз Жош Кауфман маалыматты натыйжалуу өздөштүрүү, жаңы ыкманы тез үйрөнүү тууралуу дарс окуйт. Ал эрте үйрөнүү ыкмасына терең ишенет.

Мындай ыкма анын "Алгачкы 20 саат: Бардык татаал нерсени өздөштүрүү" деп аталган белгилүү китебинин өзөгү болгон.

Китептер, алма жана саат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окууга убакыт бөлүңүз. Ошондо жаңы интеллектуалдык деңгээлге көтөрүлөсүз

Кауфман жаңы маалыматты өздөштүрүү үчүн, аны жеңил болчудай кылып бөлүп алып, күн сайын эч нерсеге алаксыбай 45 мүнөт ага көңүл бурууга үндөйт.

Албетте, сиз тандаган тармактын эксперти болуп кетпейсиз, бирок 20 саат алгылыктуу иш жасагандан кийин (ага бир ай кетет), сизди тынчсызданткан тоскоолдуктардан арыла аласыз.

Жаңы жөндөмгө ээ болгондон кийин, аны мыкты өздөштүрүүгө өтөсүз.

Маалыматты сиңирүүнүн дагы бир жолу - "беш сааттык эреже" болуп саналат. Анда жаңы бир нерсени үйрөнүүгө күнүнө бир сааттан, беш күн бөлүү керек.

АКШны негиздеген Бенжамин Франклин, дал ушул ыкманы жактырган. Ал күн сайын атайын убакыт бөлүп, жаңы бир нерсени үйрөнүүгө же маалыматты өздөштүрүүгө умтулган.

Бенжамин Франклиндин доллардагы сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бенжамин Франклин мектепте үч гана жыл окуган, бирок ал өмүрүнүн аягына чейин китепти колунан түшүрбөй, акылын көптөгөн маалымат менен азыктандыра алган

Франклин жаңы нерсени үйрөнүүгө дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин жок дегенде бир саат убакытын бөлгөн.

Тандаган темасы боюнча жетиштүү маалымат алгандан кийин, ал жаңы темага өткөн. Ушундай тартипте уланта берген.

Эксперттердин айтымында, эгерде "беш саат" ыкмасын колдонсок, анда жаңы нерсени ар төрт аптада өздөштүрөбүз. Ал үчүн мотивация жана дисциплина керек.

Мугалим кызына кыякта ойноону үйрөтүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгер өзүңүзгө ишенбей турсаңыз, аракет кылып көрүңүз. Андан кийин төрт аптада эмне үйрөнө алганыңызды байкаңыз

Дүйнө жүзүндө мындай ыкманы жактагандар арбын. Чынында бул ыкмалардын көптөгөн түрлөрү бар.

Опра Уинфри, Билл Гейтс, Илон Маск, Уоррен Баффетт же Марк Цукерберг сыяктуу атактуу ишкерлер жаңы бир нерсени үйрөнүү үчүн күн сайын убакыт бөлгөндүктөн ийгиликке жеткенин айтышат.

Эгер сиз да дайыма билим алып турууну, жаңы маалыматты өздөштүрүүнү көздөсөңүз, анда сизге эки маанилүү нерсе керек: үйрөнүүнү улантуу ынтызарлыгы (мотивация) жана аны ишке ашыруу тартиби (дисциплина). (NT)