Жумушка шыкты кантип ойготсо болот?

Корнелл жана Чикаго университтеринин илимпоздору кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгүн кантип арттырса болот эксперимент жүргүздү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Корнелл жана Чикаго университтеринин илимпоздору кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгүн кантип арттырса болоорун аныктоо үчүн эксперимент жүргүздү

Корнелл жана Чикаго университтеринин илимпоздору кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн аларга сыйлыктарды убада кылуу өз натыйжасын берет деген бүтүмгө келишти. Бирок сыйлыкты ишти бүтүргөндөн кийин эмес, жумуш процесси маалында берген жөн.

Иликтөөнүн жетекчиси, Корнеллдеги Жонсон атындагы Менеджмент боюнча жогорку мектептин доценти Кейтлин Вули кызматкерлерге сыйлык берүү кайсыл учурда өзүн актаарын аныктоо үчүн эксперименттерди жүргүзүп көрдү.

Экспремимент маалында адамдарга ар кандай тапшырмалар (мисалы, видео көрүү же китеп окуу) берилди. Тапшырмалар аткарылгандан кийин кызматкерлерге шоколад же акча берип сыйлашкан.

Илимпоздор байкагандай, кишилер жасаган иши үчүн сыйлыкты канчалык эрте алса, жумуш менен сыйлыктын байланышын эрте аңдашкан жана ишке болгон ички шыгы артып турган.

Эксперимент адамга каалаганын эрте берүү анын ишке болгон берилүүсүн арттырарын гана көрсөттү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперимент адамга каалаганын эрте берүү, анын ишке болгон берилүүсүн арттырарын гана көрсөттү

Алды менен - десерт

Вули айтайын деген негизги ойду мисал менен берсек: эгер сизге түшкү тамактан кийин дамдуу десерт убада кылышса эле, түшкү тамак андан дамдуу болуп кетпейт. Бирок, кызматкерде түшкү тамактануу маалында каалаган десертти алуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда түшкү тамак баштан аяк ырахат алуу сезими менен байланыштуу болмок.

"Эгер сиздин хоббиңиз бар болсо, кийим тигүүбү же футболбу, сизге процесс жагымдуу, шык өзүнөн өзү эле чыгат. Сиз хоббиңизди анын жыйынтыгы үчүн эмес, процесстин өзү кызык болгону үчүн ишке ашырасыз", - деди Вули.

"Иш үчүн эрте эле ыраазычылык билдирүү менен кызматкерлерге шык берүү дегенди көп адамдар логикага сыйбаган нерсе деп эсептешет. Эртелей эле белек берүү тапшырманы аткарууга дилгирликти жоготот деп ойлошот", - деп кошумчалайт Вули.

Бирок эксперимент көрсөткөндөй, адамга каалаганын эрте берүү ишке болгон кызматкерлердин берилүүсүн арттырарын гана көрсөттү.

Бактылуу кызматкер натыйжалуу иштеген кызматкерге тете

Вули жана анын кесиптештери келген бүтүм Уорикс университетинин илимпоздорунун теориясын дагы бир жолу бышыктагандай болду. Ага ылайык, бактылуу кызматкерлер эң натыйжалуу иштеген кызматкерлер болот.

Кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгү алардын маанайынан көз каранды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгү алардын маанайынан көз каранды

Уорикс университетиндеги иликтөөгө катышкан адамдардын маанайын атайылап бузуп же көтөрүп иштетип көрүшкөн. Эксперименттин максаты алардын иштеги натыйжасын көрүү эле.

Позитивдүү сезимдер менен ишке киришкен кызматкерлердин продуктивдүүлүгү 12%га жогорулап, ал эми өткөн кеткен жаман окуяларды эске салып туруп иштеткен жумушчулардын жөндүмдүүлүгү 10%га төмөндөгөнү аныкталган. (EKa)