Индияда мээ кайнаткан аптаптан ондогон киши каза болду, шайлоосу уланууда

Сүрөттүн булагы, SANCHIT KHANNA/HINDUSTAN TIMES VIA GETTY IMAGES
Климаттын тез ысышынын айкын мисалыбы? Индиянын борбору Делиде ушул тушта абанын табы +53°C, ысыкты көтөрө албай ондогон киши каза болду.
Индия үрөй учурган ысыкты баштан кечирүүдө: абанын температурасы бир нече шаарларда Цельсий боюнча 45 градустан ашып, ондогон киши ысыктан каза болду. Буга карабай өлкөдө жалпы элдик шайлоолор өтүп жатат.
29-майда Делиде рекорддук температура 52,9 градус Цельсий катталды. Шаарда киши турсун канаттуулар менен жапайы маймылдар ысыктан эс-учун жоготуп жатышат.
Катуу ысык суу кризисине да алып келди. Мындайда суу адаттагыдан да көп керектелип, тайыздап тартылып калган дарыялардан да суу мурдагыдан азыраак келип жатат. Индиянын баш калаасынын айрым бөлүктөрүндө суу түтүктөрүнүн алы келбей, чорголор какшып калды. Бийлик жагдайдан чыгуу үчүн суу бөлүштүрүүчү коомдук пункттарды уюштуруп, автоцистерналарды алып келүүгө аргасыз болду.
Индиянын айрым аймактарында мектептер ишин убактылуу токтотуууга аргасыз болду. Көчөлөр ээн калып, далай дүкөн четинен жабылууда. Мээ кайнаткан аптаптан корголоп, кишилер көчөгө сейрек гана чыгып калды.
Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү өлкө боюнча кеминде 50гө жакын адамдын өмүрүн алды. Тагыраак айтуу кыйын: Индия ысыктан каза болгондордун өлкө боюнча жалпы санын жарыялабайт.
Ушул аптада эң ысык аба ырайын башынан өткөргөн батыш Ражастан штатынын Жогорку соту бийлик коомчулукту коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрө алган жок деп билдирди.
"Аптаптуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ушул айда жүздөгөн адамдар каза болду", - деп билдирди бейшемби күнү сот.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Индияда жыйынтыкталып жаткан парламенттик шайлоону уюштурууга катышкандардын айрымдары да ысыктан көз жумуп жатат.
Шайлоо алты жумага созулуп, жети этапта өтөт жана көптөгөн шайлоо кызматкерлери эртеден кечке нөөмөттө көбүнчө ачык асман алдында турушу керек.
Бейшемби күнү Бихар штатында ысыктан 14 адам каза болгонун расмий булактар кабарлады, алардын ону шайлоону уюштурууга катышкандар.
Индиянын калк эң жыш жайгашкан Уттар-Прадеш штатында кеминде тогуз шайлоо кызматкери, анын ичинде коопсуздук кызматкерлери өткөн жума күнү каза болгонун Reuters агенттиги билдирди.
“Аларды алып келгенде дене табы көтөрүлгөн болчу. Бул ысыктан улам да болушу мүмкүн. Учурда шайлоодон бери карай жеткирилген кеминде 23 кишини дарылап жатабыз", - деди жабырлануучулар алынып келинген медициналык мекеменин директору журналисттерге.
Шайлоочулар да кыйынчылыкка дуушар болушууда: шайлоо участкаларында кезек пайда болуп, ысыкта турууга туура келет. Шайлоо комиссиялары добуш берүүгө келгендерге суу берип, кезекте тургандарга желдеткичтерди (вентилятор) беришет.
Аптаптан каза болгондордун жакындары AFP агенттигине эскирген мамлекеттик ооруканалар бейтаптардын агымына туруштук бере албай жатканын айтышты.
Муссон жамгыры келчү мезгил аба ырайын салкындатканча Индиянын көпчүлүк аймактарында апрель, май жана июнь айлары ар дайым ысык.
Бирок акыркы жылдары ысык адаттан тыш, экстремалдуу болуп кетти.
Өткөн жылы апрель жана май айларында эле Индия менен коңшу Пакистанда катуу ысыктан 100дөн ашуун адам каза болгон. Жогорку температура Индиянын эбегейсиз зор айыл чарба тармагындагы миллиондогон адамдарга оор кесепетин тийгизип, жүз миңдеген акр эгиндерди жок кылды.
Бирок бул жолку ысык мурунку рекорддорду да жаңылоодо.
Окумуштуулар Азиядагы экстремалдуу ысыкты климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда. Индия - дүйнөдө калкы эң жыш жайгашкан өлкө - парник газдарын чыгаруу боюнча үчүнчү орунда турат
Ырас, Индия 2070-жылга карата таза нөлдүк эмиссия экономикасына жетишүүгө милдеттенди, бирок бул көпчүлүк өнөр жайлуу Батыш өлкөлөрүнөн жыйырма жылга кеч.
Азырынча Индия электр энергиясын өндүрүү үчүн негизинен көмүргө басым жасайт.
Ошол эле учурда жылуулук электр энергиясын ашыкча керектөөгө алып келет, анткени адамдар кондиционерлерин максималдуу түрдө күйгүзүшөт.
Ушул жумада борбор калаа Нью-Делиде абанын температурасынын жогорулашы менен, 30 миллионго жакын калкы бар шаарда электр энергиясын керектөө шаршемби күнү рекорддук чекке жетти.















