Испаниядагы кыргыз: Ысыкты киши эле эмес, иттер да көтөрө албай калды
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа чөлкөмүн аптап катуу убайымга салды. Соңку мезгилде эле Испания менен Португалияда жүздөгөн адам ысыктан көз жумду. Адатта 40 градустан ашыптыр дегенде бизде деле ошондой эле го деп салыштырышыбыз мүмкүн. Бирок адистер абанын нымдуулугу, абанын басымы деген сыяктуу факторлорду эске алганда температуранын көрсөткүчү бирдей болгону менен таасири ар башка деп келишет.
Би-Би-Си Испанияда узак жылдардан бери жашаган Алтынай Байбекова менен байланышып, маек курду. Каарманыбыз жолдошу Луиз менен бирге учурунда испан тилинде Кыргызстан тууралуу дагы китеп жазган экен.
Алтынай Байбекова: Мен 2004-жылдан бери Мадридде турам. Бизде азыр 42-43 градус ысык болуп жатат. Мындай көрсөткүч 2 аптадан бери кармалууда. Мен келгенден бери эле ысык, бирок, акыркы жылдары ал күчөдү. Негизи июль айында бир апта, августта эки апта аябай ысык болот. Ал Африканын Сахара чөлүнөн келген ысык. Кадимкидей эле тап. Ал ысык өзү эле келбейт, чаң сапырып майда куму менен кошо келет. Аябагандай ысып, теребел будуң-чаң түшүп кадимкидей көрүнбөй да калат. Кышкысын Бишкектин коюу ышы бар го, ошондой эле каптайт. Болгону өңү кызгылт. Терезени ачык калтырдың дегенче кызыл чаңга толуп калат. Экстремадура, Андалусия деген жерлерде азыр бул жактагыдан дагы катуу ысып, эл аябай кыйналып жатат. Биз менен ал жактын аралыгы унаа менен 5-6 сааттык жол. Ал жакта токой, талаа дегендин баары өрттөнүп жаман болуп жатат. Эвакуация жүрүп. Жолдор жабылып жатат. Менин бир таанышым Мадридде жашайт, ал жактагы ата-энесине бара албай аябай кыйналып жатат. Үч күндөн бери такыр кете албай турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаш балдар менен улгайгандар кыйналды...
Августтун аягына чейин 42-43 градустан түшпөйт. Сентябрда араң басаңдайт. Жыл сайын ысык уруп бир топ киши каза табууда. Карылар менен алты жашка чейинки балдар аябай жапа чегишет. Маалымат каражаттары таңдан кечке эле көп суу ичкиле, 12ден 6га чейин сыртка чыкпагыла, чыксаңар баш кийимсиз жүрбөгүлө деген сыяктуу кайрылууну таратып жатышат. Өткөндө эле жолдошум кичинекей кызыбызды алып, жарым саат дүкөнгө барып койду эле ысык өтүп кетиптир. Кадимкидей эки күн ооруп, кыйналды. Болгону жарым эле саатка чыккан. Колунда суусу, нурдан калкалаган тосмосу да бар эле ошого карабай ысык урду. Кузуп, кыйналды.

Сүрөттүн булагы, OSCAR DEL POZO
Би-Би-Си: Ысыктан адамдар эле эмес, жаныбарлар да корголоп калса керек?
Алтынай Байбекова: Испаниянын көп аймактарында итти аябай көп багышат. Иттерди күнүгө кыдыртып, сейилдетип турушат эмеспи, азыр ысыктан улам жада калса иттерди дагы алып чыга албай жатышат. Себеби аба 42-45 градус ысык десек асфальт төшөлгөн жер андан да ысып, 65 градустан да ашып кетип жатыптыр. Иттердин таманы күйүп, кыйналат тура. Мадридден ылдыйкы бөлүгү бир канча жылда чөлгө айланат деп кооптонуп жатышат. Испаниянын мен айткан ысык жактарында жумуртканы асфалька таштап койсо 2 мүнөттө эле кадимкидей бышып калып жатканын теледен дагы көрсөтүүдө. Балким сиздер деле көргөн чыгарсыздар.
Би-Би-Си: Аптап элдин турмушуна, келечегине кандай таасир берип жатат?
Алтынай Байбекова: Жер которууга арагасыз болгондор көбөйгөндөй. Алар Испаниянын башка жерлеринен үй алып жатышат. Салкыныраак жактарына ыктап дегеним. Мурун мен маани деле берчү эмес экенмин. Эми кыздарымды карап алып, булар эми кантип жашайт деп келечегин көп ойлончу болдум. Себеби ушул климатка жашаганга туура келет да. Таза суу азаят, таза суу түгөнөт. Азыр эле ысыктын айынан суу азайды. Кыргызстанда мөңгү көчкөн турбайбы. Аны да көрдүм. Бул жактын тоолорун Кыргызстандыкы менен салыштырып болбойт. Жер шаарын ысык каптап эле калды окшойт.
Би-Би-Си: Мээ кайнаткан аптапта Кыргызстандын салкын тоолорун сагынсаңыз керек?
Алтынай Байбекова: Албетте! Кыргызстанда дагы күн ысык болот. Бирок бул жактын ысыгына салыштырып болбойт эмеспи. Үйдөгүлөр, туугандарым келебиз десе жайкысын келе көрбөгүлө, муздаткычты карап эле үйдө камалып олтуруп каласыңар деп токтотом. Майга чейин же сентябрдан баштап келгиле дейм.
Кошумча маалымат: Негизи эле абанын табын өлчөгөндө көлөкө жерден өлчөй турганын (термометр күндүн нурун эмес, абанын температурасын өлчөө үчүн көлөкө жер тандалат), эске алсак ачык жерде, күн чайыттай тийген же таштак жерде температура дагы өзгөрөт.













