Күнгө кантип туура күйүш керек?Дарыгердин кеңештери

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бети сепкил кыз

Сүрөттүн булагы, Pezibear from pixabay.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сепкил - көбүн эсе күн нурунан улам пайда болгон тери пигменттери

Ушул күндөрү жайкы аптаптын күчөп турган маалы. Күн нуру териден, чачтан, көздөн баштап ички органдарга чейин оң же терс таасирин берет. Айрымдар ден-соолук үчүн күнгө кактанам десе дагы бирлери сулуулук үчүн кызгылтым тартып күйөм деп убара. Туура күйүүнүн атайын эрежелерин билесизби?

Күнгө ашыкча күйгөндө кишинин дене табы көтөрүлүү, көңүл айнуу, кусуу сыяктуу дароо тийүүчү жана убакыт өткөндөн кийин тийүүчү бир топ кесепеттери бар. Ошондуктан бир эле күн кыйналдым, эч нерсе болгон жокмун деген жарабайт деп адистер эскертишүүдө.

Би-Би-Си медицина илимдеринин доктору, дерматолог Мейкин Усубалиев менен маектешти.

Күнгө күйөрдө атайын ыкмаларды унутпаңыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күнгө күйөрдө атайын ыкмаларды унутпаңыз

М. Усубалиев: Күнгө күйүүнүн өзүнчө эрежелери бар. Биринчиден, көл жээгине барып күнгө күйөөрдөн мурун атайын кремди эске алуу керек. Аны күндөн коргоочу кремдер жана күнгө күйүүдө колдонуучу крем деп коёт. Кремдин 15, 30, 50 деп күндөн сактаган фактору болот. Ошол кремдердин бирин шыбанып, имарат же бөлмөдө 20-30 мүнөт тыныгып олтуруп анан гана жээкке чыгуу керек. Экинчиден, дароо эле барып күйүп ийген жарабайт. Адегенде ашып кетсе 20 мүнөт кактанып, андан соң күнүнө 5-10 мүнөттөн кошуп узартуу керек. Жалпы денени туура, пайдалуу күйгүзүп алуу 20 мүнөттөн башталып, 1,5-2 саатка чейин жеткирсе жакшы болот. Аны эске албай дароо эле күнгө күйүп, нурдун соккусун алып ооруп калгандар аз эмес. Сонун сергип жатам деп ачык асман алдында, күн нуру түз тийген жерге уктап калганга болбойт. Эс алабыз деп барып, ооруп келгендер канча? Ошон үчүн абайлап күйүш керек.

Онкологдор аптаптуу күнгө көп чыкпагыла деп келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Онкологдор аптаптуу күнгө көп чыкпагыла деп келет

Би-Би-Си: Кээде талаада иштеп жатып деле териси күйүп, түлөп, а түгүл ыйлаакчалар пайда болуп кеткенин көрүп жүрөбүз. Муну дерматологияда кандай деп түшүндүрөт? Бул күйүктүн канчанчы стадиясы?

М. Усубалиев: Күнгө күйүүнүн бир нече стадиясы болот. Биздикилер күйгөндө көбүнчө I, II стадияга туура келет. I стадиясы болгондо - жөн гана дене кызарып, бир аз шишип, ооруксунуп, ачышат. Анан бир нече күндөн кийин түлөп баштайт, ошону менен күйүк процесси өтүп кетет. II-стадияга келгенде ыйлаакча пайда болот. Бул убакта ыйлаакчанын ичинде суюктук пайда болот, (межтканевая жидкость) сары суу десек болот. Кокус ага бактерия түшүп кетсе ириңдеп кетүү коркунучу бар. Буга көбүнчө жаш балдар кабылат. Себеби, алардын териси назик да. Ошондуктан жаш балдар ашыгыраак күнгө күйүп, ыйлакчадан улам бактерия түшсө пиодермия оорусуна өтүп кетиши мүмкүн. Муну ириңдүү жара оорулары деп коёт. Аны дарылоо бир аз кыйыныраак болуп калат. Ошондой кесепеттери бар.

Күнгө чыгаарда атайын каражаттарды колдонгонунуз оң

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күнгө чыгаарда атайын каражаттарды колдонгонунуз оң

Онкологдор да күнгө ашыкча күйбөгүлө деп келет...

Би-Би-Си: Бул ооруу менен сизге кайрылгандар да барбы?

М.Усубалиев: Кездешет. Өзгөчө азыркы маалда. Айтып кетчү жагдай, азыр чиркей көп, ошолор чагат. Мына ошол чиркей чаккан жерди тырмайм деп балдар инфекция киргизип алат. Ошондон күчөп кетет, андан башка себептери да бар. Дагы бир себеби күнгө күйгөндө ыйлаакча пайда болуп кадимки эле жанагы күйүк болуп жатпайбы ыйлаакча пайда болуп, ал жарылаганда жара пайда болот. Эрозия деп коёт. Ошол эрозияга бактериялар түшүп, ошол жер ириңдеп, анан инфекциялык оору болуп кетет да пиодермия болгондо. Ал башка жерлерге дагы жугуп, күчөшү мүмкүн.

Би-Би-Си: Онкологдор күн ачуу тийип турган маалда күнгө көп чыкканга болбойт деп келет эмеспи. Ушуну түшүндүрүп берсеңиз.

Күнгө туура күйүү үчүн ылайыктуу убакытты эске алыңыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күнгө туура күйүү үчүн ылайыктуу убакытты эске алыңыз

Күн нуру териге аябай чон таасир берет...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

М. Усубалиев: Онкологдордун кооптонуусу абдан туура. Мындан 20-30 жыл мурда илимде жазылып жүргөндөрдү окуп, меңдер, калдар бир жериңди тилип алганда, канатып жаракат алганда пайда болот деп келгенбиз. Бирок, акыркы изилдөөлөр боюнча бул четке кагылып жатат. Соңку изилдөөлөр күн нурунун таасиринен болоорун көрсөтүп жатат. Күн нуру, кызгылт-көк нур деп коёт, булар бөлүнөт: А, В, С дегендей. Ошол А, В күн нурлары биздин денебизге өтөт. Бул көлөкөдө олтурганда да өтөт. А ачык күндө жүргөндө мең, калдар болсо алар күнгө күйгөндө жаман ооруларга алып келиши мүмкүн. Муну трансформация деп түшүндүрөйүн. Жөнөкөй жакшы мең, башка меңге өтүп кетиши мүмкүн. Дароо айтып коёюн, мындай учур көп кездешпейт. Мисалы, мелономаны алалы. Мелонома- бул залалдуу шишиктердин (опухоль) эң начары болуп эсептелет. Бул 75-80% өзүнөн-өзү пайда болот. Жабык жерлерде деле болот. Бирок, көп изилдөөлөр боюнча бул күн нурунун таасири. Мен мелономаны эле айтып жатам. Андан бөлөк “актиникалык кератоз” деген бар. Көбүнчө жашы улгайган кишилерде болот. Акыркы мезгилде 40тан өткөн адамдарда деле кездешип жатат. Бул дал ошол күн нурунан келип чыгат. Базал-клеткалык кальценома деп коёт, ал дагы. Өзүнчө тери рагы бар. Көбүнчө анын да себеби - күн нуру болот. Ошондуктан дайыма күн нурунан сактанып жүрүүбүз керек.

Би-Би-Си: Ультра, инфра, күлгүн түстүү нуралар деген сыяктуу бөлүнөт эмеспи. Булардын кайсынысы кооптуу деп эсептелет?

Күнгө нык тоюп алып же ачка чыкканга болбойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күнгө нык тоюп алып же ачка чыкканга болбойт

М. Усубалиев: Булардын баары эле чегинен ашкан соң кооптуу. Организмге тийген дозасына байланыштуу болот. Кыргызстан күн жакшы тийген, күн нуру жетиштүү өлкөлөрдүн бирибиз. Андыктан күндө канча убакыт турасың ошого байланыштуу болот. Экинчиден, генетикалык жактан караш керек. Адамдын генетикасында залал шишик болсо, өзгөчө бул териде болсо, башкача айтканда тукумунда меланома оорусу болсо аябай абайлаш керек. Андан дагы тери оорулары болот. Мисалы, экзема, дерматит, башка оорулар. Ошолор да абайлаш керек, күнгө күйбөй этият болгону маанилүү. Мындай өз алдынча чыгып күнгө күйгөн болбойт. Экинчи маселе болсо, бул жерде мелономаны алсак. Бул ооруу - генетикалык аппарат. Теридеги клеткаларда өзгөрүүлөр болот. Көбүнчө өзгөрүүлөрдүн себеби - күн нурлары. Күн нурунун баардык түрү өзгөрүүгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан абайлап жүрүү керек.

Би-Би-Си: Туура күйүш үчүн, күндөн туура энергия алыш үчүн эң ыңгайлуу убакыт кайсы учур?

М. Усубалиев: Ынгайлуу убакыт дегенибиз саат сегизден он бирге чейинки аралык же болбосо түштөн ооп саат 4-5тен күн батканга чейинки убакыт десек болот. Башка убакытта күйбөгөнгө аракет кылуу керек. Күнгө чыга бербеш керек, эгер күндө жүрүп калсаңыздар кремдердин сүйкөнүп, баш кийим кийип жүргөндө дагы эки сааттан ашык жүрүүгө болбойт.Күнгө күйөөрдө аябай тоюп алып дагы, ачка дагы чыкпаш керек. Тамакты ылайыктап жеп, суюктукту нормасы менен ичкен оң.