Ысык урбашы үчүн эмне кылыш керек? Аптапта ден соолукту сактоо кеңештери

Аптапта бөтөлкөдөн суу ичип жаткан бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргыз гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү Кыргызстанда күндүн аптабы +40 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Британиянын метеорология кызматы дагы аба ырайынын катуу ысышы боюнча эки эскертүү жарыялады.

Мындан улам күнгө күйүп калуудан сактануунун жана ысык өткөрүп албоонун маанилүүлүгүн эскертип жатышат. Күндүн ысыгы денеге кандай таасир берет жана кимдерди ысык урушу мүмкүн? Аптаптын денеге тийгизген таасири жөнүндө билишиңиз керек болгон маалыматтарды бөлүшөбүз.

Аптап денебизге кандай таасир этет?

Аптап денеге кандай таасир берет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аптап денеге кандай таасир берет

Дене ысыган сайын, кан тамырлар кеңейе баштайт. Бул кан басымдын төмөндөшүнө алып барат да бүт организмдин булуң-бурчуна канды айдап туруусу үчүн жүрөктү көбүрөөк иштөөгө мажбурлайт.

Кан тамырларга күч келип, мындан улам денеде кызыл тактар же буттун шишиши сыяктуу жеңил симптомдорду пайда кылат. Ошол эле учурда тердөөнүн натыйжасында денедеги суу жана туз азайып, эң эле маанилүүсү, организмдеги суу менен туздун тең салмагы бузулат. Бул кан басымынын төмөндөшү менен коштолуп олтуруп ысыктын уруусуна алып барат. Анын симптомдору төмөнкүлөр:

  • баш айлануу
  • жүрөк/көңүл айлануу
  • эстен тануу
  • өзүн жоготуу
  • булчуңдардын карышуусу
  • баш оору
  • ашыкча тердөө
  • чарчоо

Эгерде кан басымы өтө түшүп кетсе, анда жүрөк кармап калуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Эмне үчүн денебиз мындай реакция кылат?

Борошолоп кар жайбы же мээ кайнаткан аптап болобу биздин организмибиз негизги эле +36.5C градус температураны сактоого аракет кылат. Дал ушул температурада биздин денебиз иштөөгө ылайыкташкан. Бирок күн ысыган сайын, денеге температураны төмөндөтүш үчүн көбүрөөк иштөөгө туура келет. Ал териге жакын турган кан тамырларды ачып, ысыкты киргизет да анан дене тердей баштайт. Тердөө бууга айланып олтуруп, тери ашыкча ысыктыкты жоготот.

Бирөөнө ысык өтүп кеткенин көрсөм эмне кылышым керек?

Эгерде анын денесин жарым сааттын ичинде муздатууга мүмкүн болсо, анда өтө деле олуттуу түрдө ысык өтүп кеткен эмес.

Британиянын улуттук саламаттык сактоо кызматы (NHS) төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- Муздагыраак жерге алып баруу

- Жаткырып, буттарын бир аз көтөрүп коюу

- Көбүрөөк суу ичирүү. Спорттук жана регидрация суусундуктары жарайт

- Терисин муздатуу. Муздак сууну аз-аздан чачып же денесине сүртүп, анан шамалдатуу. Колтук же моюн жактарга муз салынган пакеттерди койсо да болот.

Бирок ал 30 мүнөттүн ичинде жакшы болуп калбаса, анда аны ысык уруп кетти. Тез жардамды чакыруу керек болот. Тез жардам кызматынын номери 112. Ысык өтүп кеткен адамдар денеси аябай ысып атса да тердебеши мүмкүн. Алардын температурасы +40C дагы ашып, калтырап тырышып же болбосо эсин жоготушу ыктымал.

Кимдерге ысык өтүү коркунучу жогору?

Жашы өтүп калгандар же жүрөк оорулары сыяктуу көпкө созулган илдеттери бар адамдар аптаптын денеге тийгизген таасиринин кесепеттери менен күрөшүүдө алсызыраак келишет.

Диабет денедеги суунун тез эле азайышын шарттап, илдеттин айрым кесепеттери кан тамырларды жана тердөө жөндөмүн өзгөртүп коюшу мүмкүн.

Жаш балдарга жана азыраак кыймыл аракет кылгандарга ысык өтүү ыктымалдыгы жогору.

Деменция (алжуу) сыяктуу мээ илдеттери бар адамдар дагы аптаптан бейкапар болуп же эч нерсе кыла албай эле ысык өткөрүп алуусу мүмкүн.

Үйсүз адамдар күндө көп жүргөндүктөн жана эң үстүңкү кабаттарда жашагандар да өтө ысык абага туш болушу ыктымал.

Зарылчылык болбосо сыртка чыкпаган оң

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зарылчылык болбосо сыртка чыкпаган оң

Айрым дарылар коркунуч жаратабы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ооба. Бирок адамдар дары-дармектерин адаттагыдай эле колдоно бериши зарыл жана мүмкүн болушунча өздөрүн салкынараак сактап, көбүрөөк суу ичип турушу керек. Диуретикалык (заара айдоочу) каражаттар — “суу дары” деп да атап коюшат — денеден чыккан суунун көлөмүн көбөйтөт. Алар кеңири колдонулат, анын ичинде жүрөк токтоп калганда да. Күн аябай ысып кеткенде алар денедеги суунун азаюу коркунучун жаратат жана негизги минералдардын балансын бузат. Кан басымын төмөндөтүүчү антигипертензиялык каражаттар кан тамырлары менен айкалышып кетиши мүмкүн. Андай учурда ысыктык менен күрөшүү үчүн кан тамырлар кеңейип, кан басымы олуттуу түрдө түшүп кетиши ыктымал. Талма же Паркинсон болуп ооругандар үчүн колдонулган айрым дары-дармектер тердөөнү токтотуп, дененин өз алдынча салкындоо аракетине кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Эгерде организмде суу аябай азайып кетсе, анда литий жана статин сыяктуу башка дарылар канда көбүрөөк топтолуп көйгөй жаратат.

Аптапта коопсуз жүрүү эрежелери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аптапта коопсуз жүрүү эрежелери

Аптаптан адам өлөбү?

Ооба. Жыл сайын Англияда 2,000дей адам күндүн катуу ысышынан курман болот. Алардын көпчүлүгүнө дене температурасын туруктуу сактоого аракет кылып атып пайда болгон басымдан улам жүрөк кармап жана инсульт болуп көз жумгандар кирет. Термометр +25C-26C гардус ысыкты көрсөтө баштаганда адамдардын аптаптан өлүү ыктымалдыгы да өсө баштайт. Бирок далилдер көрсөткөндөй, “жайкы аптапка” караганда жаз жана жай айларынын башындагы ысык температура өлүмгө көбүрөөк себеп болот. Бул жай келерде биздин күнүмдүк жүрүм-турумубуздагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, күн ысыган сайын биз ошого ылайыкташып көнө баштайт эмеспизби. Мурдагы аптаптар боюнча маалыматтарга ылайык, күн өтүп кеткендеги өлүм өтө тездик менен, башкача айтканда, аптаптын алгачкы 24 саатында катталат.

Күндүн ашыкча нуру онкологиялык оорулурга да себеп болушу мүмкүн

"Онкологдордун кооптонуусу абдан туура. Мындан 20-30 жыл мурда илимде жазылып жүргөндөрдү окуп, меңдер, калдар бир жериңди тилип алганда, канатып жаракат алганда пайда болот деп келгенбиз. Бирок, акыркы изилдөөлөр боюнча бул четке кагылып жатат. Соңку изилдөөлөр күн нурунун таасиринен болоорун көрсөтүп жатат. Күн нуру, кызгылт-көк нур деп коёт, булар бөлүнөт: А, В, С дегендей. Ошол А, В күн нурлары биздин денебизге өтөт. Бул көлөкөдө олтурганда да өтөт. А ачык күндө жүргөндө мең, калдар болсо алар күнгө күйгөндө жаман ооруларга алып келиши мүмкүн",- дейт дерматолог, медицина илимдеринин доктору Мейкин Усубалиев.

Кантип сактануу керек?

Көбүрөөк суу же сүт ичүүгө аракет кылыңыз. Чай же кофе да боло берет. Ашыкча алкоголдук ичимдик ичүүдөн сактаныңыз, себеби ал денедеги суунун азайышына алып келет. Эгерде сырттагы аба үйүңүздүн ичиндегиге салыштырмалуу ысыгыраак болсо, анда терезелерди жаап, пардаларды тартып койгонуңуз оң.