Пакистанда катуу ысыкта 500 ашык адам каза тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эдхи тез жардам кызматы күн сайын Карачидеги моргго отуздан кыркка чейин адам сөөгүн жиберип жатканын кабарлады.
Соңку алты күндө ысыктан көз жумган 568 адамдын сөөгү чогулду, анын 141 шейшембиде эле өлгөндөр.
Азыр ар бир адамдын өлүмүнүн так себебин айтууга эрте.
Бирок Карачиде күн кайнап, температура 40° ашты, ал эми нымдуу абада ысыктын таасири 49°C болуп жаткандай сезилүүдө.
Адамдар жардам сурап ооруканага түшө баштады
Карачидеги шаардык ооруканага жекшембиде ысык тийген 267 адам жаткырылганын тез жардам бөлүмүнүн башчысы Имран Сарвар Шейх билдирди.
«Ооруканага түшкөн адамдардын көбүнүн курагы 60-70 жашта экен, кээ бирлерине, балким, 45 жаш берсе болот. 20 жаштагы жубайлар да бар»,-деди дарыгер Шейх.
Ооруканага түшкөндөр кусуп, ичи өтүп же температурасы жогору болуп жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Биз көргөндөрдүн көбү көчөдө иштеп аткандар. Биз аларга сууну көп ичүүгө, температура жогору болгондо жука кийинип жүрүүгө кеңеш бердик».
Бир метеоролог «ысык толкун» деп атаган жогорку температура жекшембиде эле башталган.
Ысыктан коргонуу борборлору жана лагерлери ачылып, элге жардам көрсөтө баштады.
Сүрөттөрдө фонтандарга түшүп ойноп аткан балдарды көрсө болот.
"Карачы мени! Менин кийимим терге чыланып калды»,-деди дүйшөмбүдө ысыкта шалдырап араң жүргөн Мохаммад Reuters маалымат агенттигине.
Мээ кайнаткан аптаптан кыйналгандардын арасында ооруканага жетпей каза тапкандар да бар.
Васим Ахмед үйгө келгенде өзүн жаман сезип баштаган. 56 жаштагы кароолчу 12 сааттык нөөмөтүн жаңы эле аяктап бүткөн болчу.
«Ал эшиктен кирди да мындай ысык күндү көтөрө албайм деди», - деп айтты Васимдин тууган иниси Аднан Зафар.
«Ал бир стакан суу сурады. Ошондон кийин эле эс учун жоготту».
Васимди үй-бүлөсү ооруканага жеткирген убакта дарыгерлер аны жүрөгү кармап каза болгонун айтышты.
Аднандын айтымында, агасынын жүрөк оорусу болгон эмес. Мурда ысыктан дагы анчалык кыйналган учуру болбоптур.
Кээ бир адамдар ден соолугунан чочулап турган дагы бир себеп, Карачиде күндүн ысыгына электр энергиянын өчүп жатканы дагы кошул-ташыл болууда. Көп жерлерде желдеткичтер менен кондиционерлер иштебей калды.
Мухаммад Амин электр өчүп жаткан убакта көз жумган адамдардын бири.
Электрди маал-маалы менен өчүрүп үнөмдөө Пакистанда болуп келген практика. Үйлөрдө электр бат-бат өчүп турат.
Анын үй-бүлөсүнүн айтымында, 40 жаштагы Мухаммед кокустан эле ооруп калып, бат эле каза болду.
Анын эмнеден өлгөнү тактала элек, бирок үй-бүлөсү ысыктан болду деп жатат.
Dawn гезитинин маалыматына караганда, шаардын көчөсүндө тез жардам кызматтары дээрлик отуздай адамдын жансыз денесин табышты.
Алардын көбү баңгиликке башы байлангандар деген божомол болууда, деп газетага полициядагы хирург айткан экен.

Сүрөттүн булагы, EPA
Карачи – мээ кайнаткан ысыктан кыйналып жаткан Пакистандагы жалгыз шаар эмес.
Reuters кабарына караганда, өткөн айда Синд провинциясында дагы рекорддук температура - 52,2°C катталды.
Пакистандын коңшулары дагы соңку аптада катуу ысыктан жабыркап турган убак.
Чек аранын ар жагындагы Индияда баш калаа Делиде дагы «болуп көрбөгөндөй» ысык: майдан баштап күндүн ысыгы 40°C ашты, кээде 50°C жетип барууда.
Шаардык дарыгерлер буга чейин мындай ысыкты көрүшпөгөнүн айтууда.
Карачинин жашоочусу Мохаммед Зешан бул көйгөйдүн себебин түшүнүп турат.
«Бул климаттык өзгөрү менен байланыштуу», — деди ал Reuters агентигине. «Бүт дүйнөдө ушундай болуп жатат. Европада дагы. Аларга да ысык келди, бирок тийиштүү чара көрүп коюшту».
«Тилекке каршы, бул жакта өкмөт эч кандай эффективдүү чара көргөн жок».
Эксперттер мындай күн ашкере катуу ысыган учурлар көп болуп баштаганын жана климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу күчөп жатканын айтууда.
Карачидеги мээ кайнаткан ысык эмки аптага чейин созулат деп күтүлүүдө, бирок эртелеп эле басаңдашы да мүмкүн.
Dawn менен сүйлөшкөн эксперттердин айтымында, метерологдор азыркы учурда жаан-чачын алып келе турган муссондор эрте келерин болжоп турган чагы. (КС)












