"Температуралык апокалипсис": Европаны өрт каптады, Британияда рекорддук ысык

кыз жана эркек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул апта Батыш Европаны мурдагыдан да алсыраткан ысык каптады. Метеорологдор кырдаалды "температуралык апокалипсис" деп аташты, ал эми Британияда температура рекорду жаңырды. Бишкектин өзүндө да аптаптан айласы кеткендер аз эмес. Сөздү Европа чөлкөмүндөгү куйкалаган аптап менен баштап, анан Кыргызстандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү аба ырайына токтололу.

Ысык абанын агымдары Европа континентинин түндүгүнө жылып жатат. Франция жана Улуу Британияда жергиликтүү калкка эскертүүлөр берилди.

Британия

Лондон, Трафальгар аянты.

Сүрөттүн булагы, DAN KITWOOD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон, Трафальгар аянты. Синоптиктер абанын температурасы 40°С ашат деп күтүүдө

Шейшемби Британиянын тарыхындагы эң ысык күн болду. Суррей графтыгында абанын температурасы 39,1°С жетип, мурунку рекордду жаңылады (2019-жылы Кембрижде 38,7°C болгон).

Абанын температурасы 42°С чейин көтөрүлөт деп синоптиктер эскертет. Англиянын түштүк-чыгыш аймактары ысыкты өзгөчө катуу сезет.

Лондондогу Лутон аэропортунда учуп-конуу тилкесинин бир бөлүгү былкылдап эрип кетти, рейстердин жүгүртмөсү үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле жогорку температурадан өлкөнүн түштүгүндөгү темир жол линияларынын чоң бөлүктөрү бузулду.

Ал эми аптанын экинчи бөлүгүндө абанын температурасы түшө баштады.

Франция

Франция, Нант

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франция, Нант. Бул жерде да аябай ысык

Францияда токойлор өрттөнүп жатат. Өлкөнүн түштүк-батыш аймактарынан 36 миңдей адам эвакуацияланды. Мындан сырткары, Нант аймагындагы зоопарктан миңдеген жаныбар көчүрүлдү.

Жиронда департаменти жалын кеминде 17 миң гектар токойду жок кылганын билдирди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 21-июлда Жирондага барып, өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Ал күйүп кеткен токойлорду жана объектилерди калыбына келтирүүнү убадалады.

Испания - Португалия

Испаниядагы өрт

Сүрөттүн булагы, MIGUEL RIOPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испаниядагы өрт

Испаниянын түштүгүндө температура 43 градуска жетти.

Кээ бир жерлерде өрт темир жолго чейин жетип, каттоолор үзгүлтүккө учурады. 

Испаниянын башкы өрт өчүрүү кызматы учурда өлкөдө 20 өрт көзөмөлсүз күйүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Португалия менен Грециядагы токойлор күйүп жатат. Шейшембиде португалиялык улгайган жубайлар эвакуациялоого аракет кылып жатып каза болушту: алар өрт болгон аймактан унаа менен эвакуациялоого аракеттенип, күйүп кетишти.

Абанын температурасы Португалияда түшө баштаса Испанияда дагы деле ысык.

Португалияда өрт коркунучунун эң жогорку деңгээли жарыяланды

Сүрөттүн булагы, PATRICIA DE MELO MOREIRA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Португалияда өрт коркунучунун эң жогорку деңгээли жарыяланды

Аптанын башында Португалияда июль айынын рекорддук температурасы катталган: +47°С.

Өлкөдө өрт коркунучунун эң жогорку деңгээли жарыяланды. Португалиянын бийлиги 2017-жылдагы өрт кайталанып кетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Жалпысынан акыркы апталарда Испания жана Португалияда ысыктан миңден ашуун киши каза болду. Европа боюнча он миңдеген адамдар үйлөрүнөн көчүүгө аргасыз.

ит

Сүрөттүн булагы, AFP

Мындан ары рекорддук ысык Германия, Бельгия жана Голландияда күтүлөт.

Синоптиктер эгерде шамал болбой, жаан-чачын жааганда жогорку температуранын өзү мынчалык кыйратуучу болмок эмес деп билдиришти. Жалпысынан өнөр жайлык доор башталгандан бери планетанын орточо температурасы 1,1°С жогорулаганын адистер эске салышат.

Анормалдуу ысыктын мезгили континенттерди улам каптап, узакка созулуп, ал эми температура жыл сайын жогорулап жатат.

Борбор Азия келерки апта "кайнайт"...

Бишкек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги ысык азыр эле сезилүүдө
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Борбор Азия боюнча эң ысык аба ырайы Тажикстанда болот. Синоптиктердин божомолдору боюнча, 25-26-июль күндөрү Тажикстандын түштүк-батышындагы Шаартуз жана Курган-Тюбе шаарында температура 48⁰Сге чейин жетет. Ал эми Тажикстандын борбору Душанбеде күн келерки аптада 42-46⁰Сге чейин ысыйт.

Бул аптанын аягында Кыргызстандын борбору Бишкекте аба 40-41⁰С, Ош шаарында 42-43⁰С ысыйт. Ал эми келерки аптада Жалал-Абад облусунда абанын ысыктыгы 44⁰С чейин жетет деп күтүлүүдө.

Коңшу Казакстанда эң ысык күн Шымкентте ушул аптанын аягында болот, термометрдин көрсөткүчү 43-44⁰С чейин жетет. Ал эми Кызылорда, Тараз жана Алматыда күн 40⁰С ысыйт.

Өзбекстандын көп аймагында ушул аптанын аягы, келерки аптада абанын температурасы 40-46⁰Сде болот. Эң ысык аба ырайы Карши шаарында болот, температура 47⁰Сге чейин жогорулайт.

Дээрлик ушул эле көрүнүш Түркмөнстандын аймагында - келерки аптада өлкөнүн борбор калаасы Ашхабадда температуранын эң жогорку көрсөткүчү 43⁰С чейин көрсөтөт. Түркмөнстандын башка аймактарында 39-42⁰С ысык болот.

Борбор Азиядагы аба ырайы тууралуу маалыматтар Gismeteo сайтынан алынды. (ЕВ)