Мөңгү көчтү... Укмуштай көркөм көрүнүшпү же чоң көйгөйдүн коңгуроосубу?
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, screenshoot
Жууку капчыгайындагы чокулардын биринен күр этип тоо жаңырта мөңгү көчтү. Баса белгилеп койчу жагдай, бул кар көчкүсү эмес, балким, бери дегенде жүз жылдап чогулган мөңгү. Мөңгү көчкөн учур видеого да тартылып калган. Бир караган кишиге көз жоосун алган кооздук. Көк мелжиген тоолор, ээ жаа бербей, кокту толо көчүп келе жаткан аппак көбүк өтө тез жүргөн коюу тумандай элес калтырат. Бирок бул канча жылдык кардын кору, таза суунун башаты көчтү дегенди түшүндүрөт.
Дал ошол учурда ошол чөлкөмдө онго жакын чет өлкөлүк турист жүргөн экен. Алардын бири үлгүрүп, видеого тартып калган.
Тобокелдүү тасма...
10 кишиден турган топ (тогуз британиялык жана бир америкалык) Ысык-Көл облусундагы Жууку ашуусундагы кар көчкүдө аман калышты. Мөңгү 8-июлда көчүп, видеону 10-июлда туристтердин бири Гарри Шиммин Инстаграмдагы баракчасына жарыялады. Тасмада маңдайдагы чокудан мөңгү көчүп, кокту ылдый түшүп, ал тургай экинчи беттин бир топ жерине чейин жете барганын көрүүгө болот. Ал соңку мүнөттөрдө чоң таштын буйткасына далдаланып калганга араң үлгүргөн. Шимминдин айтымында, ал туристтердин тобунан бөлүнүп, башкалар сүрөткө түшүп жаткан учурда мөңгү, муздун жарылган добушун уккан.
“Мен акыркы секундага чейин качпай турдум, ооба, дароо баш калкалоочу жайга кетүү коопсузураак болорун билем. Мен чоң тобокелге барганымды жакшы билем. Мен баарын байкап тургамын, бирок көчкүнүн эпкини жеткенде караңгылап, дем жетпей баратканда кысылып, өлүп калышым мүмкүн деп ойлодум”, - деп жазды ал.

Сүрөттүн булагы, Гляциолог Бакыт Эрменбаев тарткан сүрөт
Окумуштуу эмне дейт?
Би-Би-Си мөңгүлөрдү изилдеп келе жаткан гляциологго кайрылды.
«Жуукуда мөңгүнүн көчкөнү бул абдан кейиштүү көрүнүш. Кар көчкү менен мөңгүнүн көчкөнү өтө чоң айырма. Кар көчкү деген жылда боло турган, сезондук көрүнүш. Анда жылда жааган каардын топтому көчөт. Негизинен бул процесс жаз мезгилине мүнөздүү. Ал эми мөңгү дегенибиз бул бир жылда эле топтолбойт да. Мөңгүлөрдүн дагы түрү бар. Жуукуда көчкөн асылып турган мөңгү десек болот. Мөңгүнүн көчүп кетишине мөңгүдөгү деградация себеп. Мунун эң башкы фактору жылуулук. Кыргызстанда 8 миңден ашуун мөңгү бар дейбиз. Биз аларды такай байкоого алып, изилдеп жүрөбүз. Кемип, жылдап алардын формасы өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Муну спутниктен тартылган фотолор дагы далилдейт»,- дейт гляциолог Бакыт Эрменбаев

Мөңгүнү сактоо чакырыгы...
Жер планетасындагы климаттын өзгөрүүсү Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Кыргыз бийлиги Глазгодо өткөн саммитке чейин коңгуроо кагып, сунушун айтып, көйгөйгө дүйнөнүн көңүлүн бурууга болгон аракетин жасап жаткандай. Саналуу күн мурун эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дүйнөлүк атагы бар “The Independent” басылмасына дал ушул мөңгүлөр тууралуу кенен маек курду. Анда табияттын бүтүндүгү, ажайып кооздугу, мөңгү суусу жана кыргыз тоолорунун кереметинин бири ак илбирс тууралуу да кеп болгон.
"Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз”.
«Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам. Көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан, мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди. Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле».

Сүрөттүн булагы, president.kg
Аракеттер тууралуу…
"Биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз, көзөмөлүбүздө. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн эрип, дарыялардын кургап кетүүсүнөн сактап калуу максатында 2022-жылды “Тоо экосистемасын коргоо жана климаттын туруктуулугун камсыздоо жылы» деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койдум», - деген президент Садыр Жапаров.

Сүрөттүн булагы, ФГБУ НП "САЙЛЮГЕМСКИЙ"
Илбирс тууралуу илгери ой…
«Бала кезимде атам менен тоого көп барчумун. Ал токойчу болчу, анын иши – чөп чабуу эле. Эсимде, атамды ээрчип жүргөн ошондой балалык күндөрдүн биринде ал капысынан: “Балам, токточу, карачы”,- деп калды. Анын дүрбүсү боло турган. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак илбирсти көргөм. Биз Кыргызстанда ошол мен көргөндөгүдөй илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок эл аралык коомчулук чара көрбөсө, менин неберелерим бала кезимде атам менен көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком”, - деп кошумчалаган президент Садыр Жапаров.

Мөңгүнү коргоо чакырыгы эми башкалар тарабынан айтылууда…
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент мөңгүлөрдү коргоо чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылып жаткан чакта дагы бир кызуу талкуу башталды. Ал Нарын районундагы Жетим-Тоо темир кенине байланышкан. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, орун басары Эдил Байсалов баштаган расмийлер аталган темир кенин Кыргызстан өзү иштетсе болот деп жатат. Эки жетекчи тең экологияны эске алабыз, мөңгү, суу эң негизги маселенин бири дешет. Бирок жергиликтүү активисттерден баштап дагы бир топ тургун ал кенди иштетүүгө караманча каршы чыгууда. Эң негизги жүйөсү - экология жана мөңгүлөр. Алар бул жерде качанкы мезгилден берки мөңгүнүн ири кору жатканын, табияты укмуштуудай кооз экенин, канча киреше тапкан күндө дагы ал жерди казса, кайра андан дагы көп каражатка калыбына келтире албай калаарын айтууда. Анын үстүнө Жетим-Тоонун жака белинде бугу, марал багылган мамлекеттик корук бар экенин, ошонун өзү эле экология биринчи орунда тураарын түшүндүрөт деп жатышат.
Канча жылдап саясатташып, талкууга түшүп келе жаткан темир кени эми дагы бир ирет талаштуу маселеге айланууда.

Сүрөттүн булагы, "Шамбала"
Мөңгү көчкөн жерге барган өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 млн 011миң 500 м3 түзөт деп эсептеди.












