Ак илбирсти сактап калуу жана санын аныктоо жаштардан көз каранды

The Altaisky Nature Reserve in Russia has significant number of snow leopards

Сүрөттүн булагы, Altaisky Nature Reserve/WWF

Жапайы жаратылышта канча ак илбирстин калганы боюнча окумуштуулардын так пикири жок. Ошондуктан алар глобалдык санак жүргүзүүнү чечишти. Бирок экологдор ак илбирстерди тукум курут болуп кетүүдөн сактап калуу жаштардын көмөгү болбосо ишке ашпай турганын белгилөөдө.

"Жаштар болбосо ак илбирстерди изилдөө жана сактоо боюнча бардык аракеттер текке кетет,-деди Ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) эл аралык координатору Кустуб Шарма Би-Би-Сиге берген маегинде. - Изилдөө иштеринде Азиянын тоолуу, катаал аба ырайында адам буту баспаган бийик жерлерге такай чыгып, байкоого алуу жумуштары болот. Адистер мунун бардыгын жасай алышпайт. Жергиликтүү жаштардын көмөгү болбосо муну аткаруу мүмкүн эмес".

Биз айрым өлкөлөрдөгү окумуштуулардын изилдөөлөрүнө жардам көрсөтүп келе жаткан жаштар тууралуу айтып беребиз.

Рахим Куленбеков, Кыргызстан, 31 жашта

Рахим Куленбеков

Сүрөттүн булагы, Piia Kortsalo

Рахим Куленбеков 2014-жылдан тарта ак илбирстерди изилдөө иштерине аралашып келүүдө.

"Алгач төрт жылдай Сары-Чат-Ээр-Таш коругунда ак илбирстин моюнуна каргы тагып иштедик. Кыргызстандан беш ак илбирстин моюнуна каргы тактык. Спутник аркылуу алар байырлаган жердин аянттарын байкоого алганбыз. Бири-бири менен байланыштары, канчалык бийик жерлерде жүрөт? Ак илбирстер эмне жандыктарды жеп жатканын алар калтырган калдыктар аркылуу иликтөө алдык. Ак илбирстердин тактары адамдын манжа изи сыяктуу эле ар бириники ар башка болот",-дейт Рахим.

Ал азыр "Илбирс" деген коомдук фондунда ишин улантууда. Фотокапкандарды коюп, жергиликтүү мергенчилер менен иш алып барышат. Мергенчилерди дагы фотокапкандарды коюга үйрөтүп, изилдөө иштерине тартышкан. "Илбирс" фонду 2016-жылдан бери Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоо жана изилдөө боюнча иш жүргүзүп келүүдө.

"Биздин фонд негизинен ак илбирстердин санын тактоо жаатында иш алып барууда. Алардын санын тактоо оңой нерсе эмес. Тоого барып эле бирден санай албайсың. Анын комплекстүү иш-чаралары бар. Дүйнөдө эң көп колдонулган ыкма - фотокапкандар. Ошондой эле илбирстер байырлаган жерлерди аныктоо, алардын тактары аркылуу санын билүү. Кышкы мезгилде азыгын иликтеп, ал аркылуу дагы санын чыгарса болот. Айталы, илбирс үч-төрт күндө бир аркар же текени жейт. Ошол аркылуу болжолдуу сандарын аныктаса болот. Ушул жаатта иш алып барып жатабыз",-дейт Рахим.

Ала-Арча коругунда биринчи жолу фотокапканга түшкөн ак илбирс, 2017-жыл

Сүрөттүн булагы, Ilbirs Foundation

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ала-Арча коругунда биринчи жолу фотокапканга түшкөн ак илбирс, 2017-жыл

Кыргызстандагы ак илбирстер көбүнесе тоо текелер менен азыктанып, кар оор түшкөн мезгилде төмөн көздөй түшүп аркар-кулжага аңчылык кылышат. Аймагынын дээрлик чоң бөлүгүн тоолор ээлеген өлкөдө ак илбирстердин саны боюнча так маалымат жок. Болжолу 300дөн 500гө чейин деп айтылып жүрөт. Соңку жылдарда ак илбирстерге байланыштуу илимий изилдөөлөр жанданды. Буга негизинен жаштар тартылууда. Ушул аркылуу санын аныктоо жана көбөйтүү аракеттери жүрүүдө. Мындай аракетти эл аралык эксперттер дагы жогору баалаган.

Кыргызстандагы ак илбирстер 3 миң метрден жогору бийик жерлерде байырлайт. Жаз келери менен Рахим фотокапкандарды текшерүү үчүн кайрадан бийик тоого сапар тартат.

Цеванг Гурунг, Непал, 19 жашта

Цеванг Гурунгдун негизги тапшырмасы фотокапкандарды коюп, анан такай текшерип туруу

Сүрөттүн булагы, Chnadra Jung Hamal, WWF Nepal

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Цеванг Гурунгдун негизги тапшырмасы фотокапкандарды коюп, анан такай текшерип туруу

Цеванг Гурунг Непалдын баштышындагы Жогорку Долпо аймагында үч жылдан бери ак илбирстерге фотокапкан коюп иштейт.

"Мен 20дан ашуун жерге камераларды коюп чыгам. Кээде деңиз деңгээлинен 5 км бийиктикке чыгууга туура келет",-деп айтып берди каржылык тартыштыктан улам окуусунан баш тартып, апасы менен жашап жаткан Цеванг.

"Биринчи жолу камераны 2017-жылы койдум. Мага аны Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фондунан келип үйрөтүшкөн. Мен аны чөлкөмдөгү эң бийик чокуга орноттум. Абдан чоң иш кылгандай таасирлендим. Мага абдан кызыктуу болду, ак илбирстерди изине түшүү, алардын кантип аныктоо тууралуу көп нерселерди үйрөтүштү".

Цеванг камерасынан флэш-картаны сууруп чыкканда убаракерчилиги текке кетпегенин түшүндү.

"Ак илбирс сүрөткө түшүп калыптыр. Ал камерага кызыгып келип, аны жыттап көрүптүр",-дейт ал.

Болжолдуу маалыматтарга караганда Непалда 300дөн 400гө чейинки сандагы ак илбирстер байырлайт. Катуу борошо же кар көчкү камераны жылдырып коюшу мүмкүн. Ошондуктан Цеванг 10 күн сайын текшерип турат.

"Бут кийимимди кырлуу таштарга жыртып алган учурлар болот. Тайгаланып жыгыласың, бирок ошентсе деле мен бул оор жумушту аткарып жатканыма ыраазымын,-дейт Цеванг. - Башкалар дагы менин эмне жумуш кыларымды жакшы билип, урмат менен мамиле кылышат. Мага "жолдош илимпоз" деп кайрылышкандары жагат".

Цевангга окшогондордун көмөгү менен Непалда ак илбирсти изилдөө иштери жүрүп жатат.

Баярмаа Чулуунбат, Монголия, 20 жашта

Bayarmaa Chuluunbat has been creating awareness among herders about the importance of snow leopards in local ecosystems

Сүрөттүн булагы, Bayarmaa Chuluunbat

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баярмаанын айтымында, эң эле кыйыны жергиликтүү малчыларды ак илбирске капкан койбогула деп көндүрүү

Неаплдын түндүгүнөн 2500 км аралыкта, Монголияда жаш эколог тоолуу Ховд провинциясында жергиликтүү малчылар менен иш алып барууда. Бул чөлкөмдө мындан бир нече жыл илгери Баярмаа жана анын активист достору ак илбирске коюлган 250дөн ашуун капкандарды жыйнашкан.

"Бирок жергиликтүү тургундар жана браконьерлер мурдагыдай эле ак илбирске чоң коркунуч бойдон кала берүүдө. Биз дагы деле болсо капкандарды таап жатабыз. Бул абдан кейиштүү. Эгерде браконьерлердин айласын таба албасак, анда жергиликтүүлөргө ак илбирсти сактап калуу зарылдыгын айтып, ишендирүүгө аракет кылалы деп иштеп жатабыз"",-деди Баярмаа.

Ак илбирстердин саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Монголия турат. Болжолу аймакта алардын тукуму миңге чукул деп айтылып жүрөт. Бирок экологдор соңку жылдары чөлкөмдө мал-жандык көбөйүп, кишилердин ак илбирске аңчылыгы күчөттү.

Малчылар жайыт тарып бараткандыктан жапайы жаныбарлар жердеген аймактарга чейин жайлоолоп чыгууда. Ошол себептүү ак илбирстер аңчылык кылган кайберен тукуму жер оодарып кетүүгө аргасыз болду. Ак илбирстер болсо мал-жандыкка чап салган учурлар көбөйдү.

Баярмаа ак илбирстерди сактоого өспүрүм кезинен тарта эле кол кабыш кыла баштаган. Алгач капканга түшүп калган ак илбирстин сүрөтүн көргөн.

"Бала кезимде атам мага ак илбирсти тынчтыктын символу деп айткан эле. Алар коопсуз болсо, биз дагы коопсузу жашайбыз деген. Ошондуктан анын капканга түшүп калган сүрөтүн көргөндө өтө капаландым. Түнү менен уктай албай түйшөлүп чыкканым эсимде".

Ошондон тарта Баярмаа буга кантип кол кабыш кылууну ойлоно баштаган. 15 жашында достору менен мектепте экологдор клубун түзөт. Ошентип алар биринчи жолу капкандарды алып салуу үчүн тоого бет алат.

Ал азыр жогорку окуу жайында экология багытында билим алууда. Ыктыярчы катары айылдарга барып, ак илбирстерди коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Эркин Тадыров, Орусия, 23 жашта

Erkin Tadyrov in Sailyugemsky national park in Russia's Altai republic wants to become a ranger to protect sow leopards

Сүрөттүн булагы, Erkin Tadyrov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркин Тадыров сыяктуу мыкты даярдыктагы жаштардын көмөгү болбосо, экологдор ак илбирстер байырлаган бийик аймактарга бара алмак эмес

Өткөн жылы Орусиядагы окумуштуулар жер шартынын жана аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу ак илбирстердин санын тактай алган эмес. Изилдөөдө ак илбирстер байырлаган чоң аймактарды камтууга мүмкүн болбой калды.

Жыйынтыгында адситер 51 баш гана ак илбирсти такташкан. Бул 2019-жылга салыштырганда төрт эсе аз.

Мындай иликтөө кыйын болгон жайлардын бири Алтайдын Кош-Агачындагы Сайлуу-Кум аймагы. Февралда аймакка кайра барууга аракети болуп,бирок кар аралашкан жамгыр жаап, жол жабылып калды. Бирок андай аба-ырайы болсо деле бир кишини токтото албайт - парктын кызматкери Эркин Тадыров.

"Мен -40 градус болсо желе жүрө берем, анткени ушул чөлкөмдө туулуп өскөм. Зоологдор мага ак илбирстин изин тааныганды жана фотокапкан койгонду үйрөтүштү".

WWF маалыматына таянсак, Орусияда 70тен 90 чейин ак илбирс бар. Алардын дээрлик жарымы Алтайда.

Эркин өзү мергенчинин бүлөөсүндө туулган. 2010-жылдан тарта Монголия, Казакстан жана Кытай менен чектешкен бул регион улуттук парк деп жарыяланган. Ошентип атасы корукта иштеп калды.

2015-жылы атасы пенсияга чыккандан бери ал кызматты Эркин аркалап келүүдө. Ал корукту кайтарып, жергиликтүүлөр жана браконьерлер койгон капкандарды тазалайт.

An adult snow leopard walking on the mountains of Khovd province in Mongolia

Сүрөттүн булагы, WWF Mongolia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулар ак илбирстерди сактоо менен жалпы тоонун экосистеманы корголот деп түшүндүрөт. Бул планета үчүн өтө маанилүү нерсе

Ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) ак илбирстер байырлаган 11 мамлекет мүчө.

2018-жылдагы маалымат боюнча дүйнөдө ак илбирстин саны 7 миңден 8 миңге чейин. Бирок адистер бул өтө эле көбөйтүлгөн сандар деп эсептейт. Табияттын көркөм жандыгын туш тараптан коркунуч бар. Анын ичинде браконьерлер, жергиликтүү малчылар, климаттык өзгөрүүлөр. Климаттын өзгөрүшүнөн алардын жайыттары тарып барууда.

Бул жапайы жаныбарды коргоого алып, аракеттерди көрбөсө, тукум курут болуп кетиши мүмкүн.

Ак илбирстин мекени - бийик тоолор. Ак илбирстер биздин планетанын саламаттыгынын негизги индикатору дейт WWF өкүлү Риши Кумар Шарма. Илбирстерди сактоо менен биз үчүн өтө маанилүү болгон экосистеманы сактайбыз. (AbA)