Европадагы ысык: Испания менен Португалияны өрт каптады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Кыргызгидромет” жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба 4-5 градуска чейин ысып, 16-июлга чейин жамгыр жаабайт деп билдирди. Кийинки апта болсо өлкөдө аба 40°С чейин ысышы мүмкүн. Ал эми Европада абал кандай?
Батыш Европада аномалдуу ысык аба ырайы болууда. Испания өрт жана кургакчылыктан жапа чегүүдө, ал эми Франция өрттүн коркунучунан Бастилияны алуу күнүнө арнап салют атуудан баш тартты. Португалияда жакынкы күндөрдө жаңы температуралык рекорд коюлушу мүмкүн.
Быйыл Испаниядагы ысык бардык аймактарында болуп жаткандыгы менен өзгөчөлөнүүдө. Абдан жогорку температура өлкөнүн түштүк жана борбордук бөлүгүндө гана эмес, адатта ушул мезгилде салкын болуучу түндүк тарабында да болуп жатат. Испаниянын түндүк-батышындагы Галисияда аба температурасы 42°С жетиши мүмкүн.
Түштүктө жана борбордо - Андалусия, Кастилия-Ла Манча жана Эстремадуранын батыш аймактарында - аптанын башында эле аба температурасы 40°С көрсөтүп турган. Испанияда эң жогорку температура 12-июлда Канделеда шаарында болду: кечке маал бул жерде абанын ысыктыгы 43.3°С жеткен. Севильяда температура 42.4°С чейин көтөрүлдү.

Сүрөттүн булагы, OSCAR DEL POZO
11-июлдан тарта Эстремадуранын айрым аймактарын жалын каптады, 300гө чукул куткаруучу ондогон учак жана тик учактардын жардамы менен 2.5 гектардай токойду жок кылган өрт менен күрөшүүдө. Аймактык бийликтин башчысы Гильермо Фернандес Вара чагылгандан башталган өрттү өчүрүү үчүн бир канча күн керек болот деп билдирди.
Мээ кайнаткан ысык Испаниянын көптөгөн аймактарында абанын начарлашына алып келди, жергиликтүү тургундар күндүз сыртка чыкпай жатат.
IPMA улуттук метеорологиялык институтунун маалыматы боюнча, Португалиянын 80 пайызында өрт чыгуу коркунучу “өтө жогору”. Өлкөдө 15-июлга чейин өзгөчө кырдаал киргизилди - жергиликтүү бийлик өрт өчүрүү жана башка кызматтарга кошумча акча бөлүшү керек.
Куткаруучулар Португалиянын борборун жана түндүгүн каптаган өрт менен дагы эле алышууда. 12-июлда эле бул жерде отузга чукул өрт болду, ал жерде 800дөн ашуун өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Бир күн мурун алардын саны эки миңден ашуун болчу.
Абал 14-июлга карата дагы начарлашы мүмкүн: абанын температурасы жогорулаганы аз келгенсип, өлкөнүн кээ бир аймактарында түнү шамал да күчөп жатат.
IPMA метеорологиялык институтунун маалыматы боюнча, Португалияда жакынкы күндөрү температура рекорддук 47°С градуска жетиши мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, PATRICIA DE MELO MOREIRA/AFP
Өрт болбогон аймактарда да ысыктын айынан туризм жабыр тартууда. Лиссабондун аймагына караштуу Синтрада белгилүү туристтик шаарда көптөгөн көңүл ачуучу жайлар жабылды.
Ал эми Франциянын түштүк-батышындагы кээ бир аймактарында аба ырайы болжом боюнча 39°С чейин ысык болуп, 8-10 күнгө чейин созулат.

Сүрөттүн булагы, KIRAN RIDLEY/GETTY IMAGES
Франциянын 23 аймагында ысыктан улам кооптуулуктун “сары деңгээли” киргизилди.
Бул жылы Францияда 14-июлда белгиленүүчү Бастилияны алуу күнү салтка айланган салют атылбайт - өлкөнүн кээ бир аймактарында өрт чыгуу коркунучу бар.
Бул жай Францияда 2003-жылдан берки эң ысык жай болушу күтүлүүдө. Анда июль-августта аба ырайынын ысышы Европада он миңдеген адамдын өмүрүн алып кеткен.
Бул жумада Улуу Британияда да ысык болду - синоптиктер өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы 35°С жетиши мүмкүн деп айтышууда. 11-июлда температуранын рекорддук көрсөткүчү (31.5°С тегереги) Лондондун айланасында жана башка түштүк-чыгыш аймактарында катталды.
Дүйшөмбүгө караган түнү Англия жана Уэльстин көп бөлүгүндө “сары эскертүү” киргизилди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images








