Дүйнөдө абасы эң булганган шаар
Камала Тиагаражан

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүк Индияда ар түрдүү жети козу карындын аралашмасы дүйнө жүзүндөгү абасы эң булганган шаарды каптап турган түтүндү азайтууга жардам бериши мүмкүн.
Жаздын келиши Дели шаарына жеңилдик алып келет. Аба салкындап жана тазарып, мындай аба ырайында жааган жамгырдан улам өсүмдүктөр барпайып чыга келет. Апрель айларында бул аймакта түштүк-батыштан шамал согуп, күз жана кыш мезгилинде шаарды каптаган кычкыл түтүн акырындык менен азая баштайт. Бирок түтүн эч качан толугу менен тарап кеткен эмес.
Гуруграмдын тургуну Шахин Кохар 10 жылдан бери мына ушул жыл сайын кайталанган көрүнүшкө күбө болуп келген. Гуруграм жергеси Делинин түштүк-батышындагы Харяна штатында жайгашкан. Болжолдуу октябрь айларында, качан ал шаарды көздөй машина айдап баратканда, жасалма бозоргон асман билинбей эле бүркөлүп кетет. “Асмандан бир күн тийсе, бир түтүн каптап, түнөрүп кетет”, — дейт ал. “Күн сайын тынчыбызды кетирип, айлана-чөйрөнүн булганганы туурасында эскертип жаткан көрүнүшкө күбө болуп келебиз. Мына ушунун арасында жашоого аргасызбыз”.
Ошол кир абанын натыйжасында тери, көз оорулары, неврологиялык, жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарына чейин жаман илдеттер пайда болууда. Ошондой эле, астма, өпкө, бронхит, рак оорулары катталып, өлүм саны көбөйгөн. Сырттагы кир абадан улам дүйнө жүзү боюнча жылына 4,2 млн адам каза болот.
Нью-Делидеги 2,5 кир бөлүкчөлөрдүн бир жылдык көрсөткүчү дүйнөдөгү башка борбор шаарларга караганда чоң айырмачылык менен эң начар деп табылган
Октябрь жана ноябрда Түндүк Индиядагы, айрыкча Индиянын борбору Нью-Делидеги жана Гуруграмдын чеке белиндеги окуучулар тынбай тоскоолдуктарга туш болушат. Аба кирдеп кеткенде мектептер ар жылы болжолдуу эки аптага жабылып калат. “Биздин балдар коронавирус кризиси чыкканга чейин эле беткаптарды тагып жүрүшкөн”, — дейт Кохар.
Дүйнө жүзүндөгү абанын сапаты боюнча 2021-жылкы баяндамада келтирилген маалыматка ылайык, абасы өтө булганган 30 шаардын 21и Индияда жайгашкан. Индиянын алты шаары алдыңкы он сапта орун алган. Нью-Делинин абасы өлкөдөгү эң уулуусу болуп саналат. Индиянын калкы жылына майда бөлүкчөлөрдү (PM2,5) бөлүп чыгаруу боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат. PM2,5 булганган абанын зыяндуу экенин билдирет. Нью-Делидеги 2,5 кир бөлүкчөлөрдүн бир жылдык көрсөткүчү дүйнөдөгү башка борбор шаарларга караганда чоң айырмачылык менен эң начар деп табылган.
Observer Research Foundation аналитикалык борборунун баяндамасы боюнча, өнөр жайлар жана транспорт каражаттары кир бөлүп чыгаруу менен зыяндуу абаны жыл бою кармап турат. Бирок октябрь жана ноябрь айларында эгин талааларындагы өрттөн улам аба ого бетер кирдеп кетет. 2019-жылы НАСАнын Жерге көз салган спутниктери талаадагы өрттөрдү космостон байкаган.
Эгин талаасын өрттөөнүн натыйжасында аба жылына канчалык булганып жатканы так иликтене элек. Расмий маалыматтар боюнча, ал болжолдуу 10% түзсө, башка изилдөөчүлөр ал бир топ эле көп болушу мүмкүн экенин айтышат. Делиде эгин талаасын өрттөө абадагы кир бөлүкчөлөрдүн болжолдуу 42% туура келет. Харяна штатында күз мезгилинде талааны өрттөө маалында PM2,5 жана PM10 (чоңураак, бирок зыяндуу) кир бөлүкчөлөр Абанын сапаты боюнча улуттук нормадан 2-3 эсеге көбөйүп кетет. Жылдын дал ушул мезгилинде жаш-карысына карабай баарынын дем алуу органдары жабыркайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2015-жылы талаага өрт коюу Делиде жана Ражастан, Пенжаб, Уттар-Прадеш жана Харяна штаттарында мыйзамсыз деп табылган. Бирок мындай мыйзамды аткаруу иш жүзүндө оор болгон. 2019-жылдын январында Индия өкмөтү Улуттук таза аба программасын ишке киргизген. Бул беш жылдык программа өлкө боюнча абанын кирдешин ооздуктоону жана маалымдоо менен мониторинг жүргүзүүнү жакшыртууну көздөйт. Бүгүнкү күндө өлкө өзгөрүүнүн босогосунда турган болушу ыктымал. Индиянын айыл-чабра изилдөө институтунун директору Ашок Кумар Сингхтин айтымында, суроонун жообу абанын кирдешине жол ачкан, эзелден бери колдонулуп келаткан айыл-чарба ыкмаларын өзгөртүүдө жатат.
Түтүнсүз өрт болбойт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2021-жылы сентябрдын жагымдуу күндөрүнүн биринде Дхрув Соуни 200дөй аял-эркек аралаш отурган аудиторияда сөз сүйлөгөн. Ал nurture.farm санарип платформасынын инженери жана аткаруучу директору. Анын платформасы айыл-чарба тармагында туруктуу чечимдерге багытталган. Аудиторияда отургандар Харянадагы Карнал жергесине жакын жайгашкан айылдагы фермерлер эле. Айылдагы үйдүн ачык короосунда шылкылдаган отургучтар жана жеңил бүктөлмөлөр. Айланада күрүч шалылары бышып турат. Соуни айыл-чарба калдыктарын жаңы ыкма менен тазалоого өтүү менен дыйкандар кантип көбүрөөк пайда тапса болорун түшүндүрүп жатты. Ал эми келечекте жердин кыртышын жакшыртса болорун айтып берди.
КӨМҮРТЕКТИН САНЫ
Бул тема жөнүндө баяндоо үчүн саякаттоодон CO2 бөлүп чыгаруу 0 кг түздү. Бул материалдан санарип CO2 бөлүп чыгаруу ар бир окуган сайын болжолдуу 1,2 граммдан 3,6 граммга чейин. Көмүртекти кантип санап чыкканыбыз туурасында бул жерден кененирээк маалымат алыңыз.
Мындай жолугушууларда боло келгендей эле Соуниге да ишеним көрсөтпөгөндөр чыккан. Бир күржүйгөн дыйкан анча деле ишенгиси келген эмес. “Айткандарың чын эле ишке жарайбы?” — деп шектене сураган. “Мен талаама өрт койсом эле ишим тез бүтмөк”.
Соуни сөз ортосунда токтой калып “эгерде ал ишке жарабаса, анда талааңарды мен өзүм өрттөп берем” деп тамашалады.
Маселенин чечүү жолу төмөнкүдөй болчу. Делидеги Индия айыл-чарба изилдөө институту иштеп чыккан жаңы табигый микробиологиялык бүрккүчтү (спрей) дыйкандарды колдонууга чакыруу эле. Аталган институт Индиянын 12 компаниясына 2021-жылдын августунда жаңы технологияны колдонууга уруксат берген. Анын арасында Соунинин nurture.farm аттуу платформасы да бар.
Сингхтин айтымында, ал Pusa Decomposer (Pusa бөлүндүргүч) деп аталат жана жерде өскөн жети ар башка козу карындын аралашмасынан турат. Көптөгөн лабораториялык сыноолордон кийин мындай козу карындардын түрлөрү энергия жана азык заттарды алуу үчүн өсүмдүк паясын ажыратып жок кылууда аябай натыйжалуу болгон. Мындай микробиологиялык бүрккүч күрүч жыйнап кеткенден кийин калган паяны толугу менен жана тез арада жок кылат. Үч аптанын ичинде эски пая жерге сиңип жок болот да кийинки айдап-себүү мезгилине чейин жер семирткич катары кызмат кылат.
Бирок талаадагы сыноолордун өзү эле фермерлердин арасында бүрккүч колдонулуп кеткенин айгинелей бербейт. Сингхтин айтымында, эмне себептен дыйкандар биринчи орунда жерлерине өрт коюп жиберерин түшүнүү чечим чыгарууда маанилүү ролду ойногон.
“Күрүч жана буудай Индияда эң көп өстүрүлөт. Бул өсүмдүктөр жакшы өсүүсү үчүн суу өтө көп керектелет”, — дейт ал. “Он жыл мурда шалыны апрелдин башында, жайдын ысык күндөрүндө айдашып, сентябрда жыйнап алышчу”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок жер астындагы суулардын азаюусунан улам өкмөт айдоо-себүү мезгилин июнь айынын ортосунда жылдырууну чечкен (ал убактарда жер астындагы суулар индия муссондору менен толукталып калат). Ал эми түшүм ноябрдын биринчи аптасында алынып калат.
Ноябрь дагы дыйкандар үчүн буудай өстүрүүгө жакшы убакыт. “Буудай ноябрдын 20сынан кийин себилсе, түшүмү кескин түрдө азайып кетет”, — дейт Сингх. “Ошондуктан дыйкандарда шалыны тазалап, буудай себүүгө убакыт өтө аз. Паяны өрттөө талааны ыкчам түрдө тазалоого шарт түзөт”.
Мындай ыкма 1980-жылдардан тарта кеңири жайылып кеткен. Айрыкча индиялык фермерлер механикалык түшүм жыйноо техникасын колдоно баштаганда көп өлчөмдө пая жерге тыгылып калчу. Мурда салттуу ыкма боюнча шалыны кол менен жыйнашчу. Ага көп убакыт кеткен менен бирок пая жерде тыгылып калчу эмес дейт Сингх. Бирок дыйкандар иши кеңейип отуруп, азыр Түндүк Индияда жылына 23 млн тонна пая өрттөлөт. Эгерде өрттөлгөн паяларды 20 килограммдан таңгактап, биринин үстүнө бирин тизгенде, мунаранын бийиктиги Айдан дагы ары жакка жетмек.
Таштандыдан байлыкка
Козу карын спрейи эбегейсиз чоң көйгөйдү чечүү үчүн сунушталган алгачкы вариант эмес болчу. 2014-жылы фермерлерге кургакчылыкка туруштук берген жана 120 күндө түшүм берген күрүчтүн гибрид сортун эгүү варианты айтылган. Дыйкандар жерин кол менен айдап, паяны өрттөөнүн ордуна өздөрү тазалап чыгууга бир ай убактысы болмок. Бирок күрүчтүн гибрид сорту дыйкандардын арасында кеңири тараган да эмес, анын экономикалык жактан жашоого жарамдуулугу ынанымдуу боло алган да эмес.
2006-жылы Happy Seeder аттуу урук себүүчү машина иштелип чыккан. Ал урук себүүдөн тышкары паяны майдалап, талаага чача да алчу. Өкмөт майда дыйканчылык кылгандарга 50% жеңилдик сунуштаса дагы машинанын баасы кымбатка турган, айрыкча иштеткен жеринин аянты чакан болгондорго. Индиянын Айыл-чарба изилдөө институтунан белгилешкендей, машина уруктарды бирдей көлөмдө бөлүп себе алган эмес. Мындан улам уруктун өнүп чыгуусу көйгөйү жаралган. Көптөгөн фермерлер бул өзүн-өзү актабаган инвестиция деп эсептешкен.
Козу карын бүрккүчүнүн жолу да шыр башталып кеткен эмес. Башында дыйкандар микробиологиялык аралашманы өздөрү ачытып даярдашы керек болчу. Ар бир фермерге козу карын салынган бештен капсула берилген. Ар бир капсуланы беш литр сууга аралаштыруу керек эле. Ошондой эле 150 гр жаггери (козу карындарга азык катары кызмат кылган камыш кантынын түрү) жана 15 гр нокот (белок катары) кошуу айтылган. Ар бир капсуланы үч күн бою ачытып, 25 литр аралашманы эки апта бою талаага кол менен чачып чыкчу. Фермерлер ар бир капсуланы 60-70 рупийден (80-93 цент) сатып алышчу жана ал бир гектардай жерге жетчү.

Сүрөттүн булагы, nurture.farm
Бирок маалымат каражаттарында айтылгандай, дыйкандар капсуланы натыйжалуу түрдө колдоно алышкан эмес жана бийлик өкүлдөрүнүн оюнча, капсуланы даярдоодо кандайдыр бир катачылыкка жол берилген болушу ыктымал. Pusa бөлүндүргүч азыр эми күкүм катары чыгарыла баштады; 300 гр каражат болжолдуу жарым гектар жерге чачууга жетет. Процесске ылайыкташуунун натыйжасында дыйкандарга эркин эле жеткиликтүү болуп калган машиналар менен каражатты бирдей көлөмдө чачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сингхтин айтымында, бөлүнүп ажыраган пая жерди семиртип, химиялык заттарга болгон көз карандылыкты 25% азайткан. “Фермерлер эгин калдыктарын өрттөшкөндө, жердин жогорку катмарындагы температура 42°C чейин ысып, натыйжада жер кыртышындагы бардык пайдалуу микробдорду өлтүрүп жок кылат. Бирок микробиологиялык бүрккүч жерди семиртет”, - дейт ал.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын өкүлү Наталя Родригес Эухенио даярдган баяндамага ылайык, мындай кадам абанын кирдеши маселесин гана чечүү менен чектелбей, андан тышкары начар абалдагы жер көйгөйүн дагы чечет. Жер кыртышы начар болсо биз керектеген азык-түлүктөр менен суунун сапатына коркунуч жаралат. Колумбустагы Огайо мамлекеттик университетинин улук профессору Раттан Лалдын айтымында, жер начар болсо, био ар түрдүүлүккө дагы таасир этет.
“Индиянын жер кыртышындагы табигый запастар бара-бара жоголуп баратат”, - дейт Лал. “Пенжаб, Харяна, Ражастан жана Уттар-Прадеш сыяктуу түндүк-батыштагы штаттарда жердин үстүндүңкү 30 см катмарындагы табигый көмүртектин курамы 0,25% азды түзөт, көбүнесе 0,1% барабар”. Жер кыртышындагы табигый көмүртектин оптималдуу курамы 1-1,5% кем болбоосу зарыл. Лал козу карын спрейи мындай көйгөйдү чечүүдө көптү үмүттөндүрөт деп эсептейт. “Эгин калдыктарын мындай жол менен пайдалануу жер кыртышына терс таасирин тийгизбейт”, - дейт ал. “Ошондой болсо да чыгашага көз салуу зарыл. Планетаны коргоо процессине ыңгайлашып жатканы үчүн фермерге кенемте төлөп берүү кепилдениши кажет”.
Мурда эгин калдыктары өрттөлгөнгө чейин мал жандыктарына тоют катары колдонулчу. Лалдын айтымында, Pusa спрейин пайдалануу менен Индиянын 553 млн баш мал жандыгына тоют камдоо тартыштыгы жаралышы мүмкүн. “Андай кырдаал жаралып калбоосуна да көз салуу маанилүү. Домино эффекти жаралып кетпеши зарыл. Өсүмдүктөрдүн калдыктарын рационалдуу түрдө иштетүү “бирдиктүү саламаттык” концепциясын бекемдөөдө чечүүчү мааниге ээ. Жердин, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, адамдардын жана экосистеманын саламаттыгы - баары бири-бири менен тыгыз байланышкан”, - дейт ал.
48 жаштагы Кришна Кумар 30 жылдан бери Харян штатынын Хисар жергесиндеги Бханан Кхера айылында дыйканчылык кылат. Анын 2 гектардай жери бар, дагы 4 гектардай жерди ижарага алган. “Туугандарымдын бири бөлүндүргүч спрей жөнүндө айтып бергенден бери ага кызыгып калдым”, - дейт ал.
Былтыр ал спрейди колдонгондо эгин калдыктары толугу менен бөлүнүп жок болуп кеткен. Ал жерди семиртип, жарым гектардай жер үчүн болжолдуу 1000-1500 рупий ($10-15) үнөмдөп калууга шарт түзгөн. Кумар жердин кыртышы келечекте жакшы түшүм берет деп ишенет. “Талааларга өрт коюу, түтүн менен алпурушуу деле дыйкандар үчүн оңой эмес. Өзүн актаган варианттын пайда болгону жакшы болду”, - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Nasa Earth Observatory/Lauren Dauphin
Nurture.farm сыяктуу компаниялар дыйкандар үчүн микробиологиялык бүрккүчтү колдонуу процессин жеңилдетүүнү чечишкен. Атайын колдонмо аркылуу спрейди бекер эле буйрутма берип пайдаланса болот. Ошондой эле алар шаймандарды ижарага берүү сыяктуу акы төлөнгөн кызматтарды дагы сунушташат. Акыры барып аталган колдонмо козу карын бөлүндүргүчүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн кычкылтек кредитин сатуу үчүн платформа болуп бериши мүмкүн деп үмүттөнөт Соуни.
Сингхтин айтымында, Пенжабдагы күрүч талаасы ээлеп жаткан 3 млн гектар жердин болжолдуу жарымы акыркы дыйканчылык мезгилинде өрттөлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин Pusa бүрккүчү эгин талаасы эң көп өрттөлгөн төрт штатта 500 миң гектар жерге чачылган. Алар: Пенжаб, Харяна, Дели жана Уттар-Прадеш.
Пилоттук долбоор бир мезгил аралыгында ишке ашырылган. Мындан кийинки баскычта көбүрөөк аймак камтылат. Ошондуктан бүрккүчтүн жалпы эле абанын булгануусуна тийгизген таасири боюнча так кесе бир тыянак чыгарууга азырынча эрте. Паяны өрттөө Индиядагы абанын кирдешине таасир эткен көйгөйлөрдүн бири гана. Өлкөдө өнөр жай жана транспорт каражаттары да абаны булгаган факторлорго кирет. Бирок спрей чоңураак масштабда ишке киргизилип, ага көбүрөөк дыйкандар жана компаниялар кошула турган болсо, анда чоң эле өзгөрүү болушу мүмкүн дейт Сингх. Айрыкча абанын кирдеши октябрь, ноябрь айларында туу чокусуна чыккан кезде.
Жаз мезгилиндеги салыштырмалуу тыныгуу жана өзгөрүп турган шамал Делинин аймагындагы кара түтүндү азайтууга салым кошкону менен Шахин Кохар сыяктуу тургундар микробиологиялык спрей сыяктуу чаралар кезектеги түтүн сезонун жөнгө салууга өбөлгө түзөт деп үмүт эткенден башка аргасы жок. (EA)












