Адам укугу: Мэрия кир аба үчүн олчойгон айыпка жыгылбайлы десеңер...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
10-декабрь адам укугунун күнү белгиленет. Бул даталуу күндүн тамыры 1948-жылга барып такалат. Ошол жылдын 10-декабрь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде атайын декларация кабыл алынган.
Тилекке каршы көп учурда адам укугунун өтө маанилүү өңүтү көз жаздымда калып келет. Айрымдар ал тууралуу кабары дагы жок. Бул сөз эркиндиги, билим алуу, шайлоо же шайлануу укугунан эч айырмасы жок экологиялык укук. Адам таза экологияда, таза абада жашоого укуктуу. Экология бузулган шартта биринчи кезекте ал ден соолукка терс таасирин берет. Мисалы шаардагы кир, зыяндуу аба саналуу кишилерге гана эмес, жаш балдардан тарта улгайган адамдарга чейин жапырт кесепетин тийгизет. Бирок, ал дароо эле сокку катары тийбестен жылдап кесепетин тийгизип олутуруп, өтө оор абалга алып келиши ыктымал. Окумуштуулардын изилдөөсү далилдегендей кир аба дем алуу органдарына эле эмес, мээнин иштешине да түздөн-түз терс таасирин бере турган факторлордун бири.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Би-Би-Си Адам укугунун күнүнө карата Акыйкатчы институнун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков менен кенен маек куруп, экологиялык укук маселесин дагы талкуулады.
Би-Би-Си: Коомчулук маани бербеген, бирок өтө олуттуу маселе бар. Бул адамдардын экологиялык укугу. Таза аба, таза табиятта өмүр сүрүү, жашоо дегендей. Айрымдар Бишкектеги кир абаны табигый кубулуш сыяктуу эле кабыл алат. Адамдардын экологиялык укугу бар экенин, ал өтө маанилүү экенин кантип түшүндүрөсүздөр?
Аскат Азарбеков: Буга чейин бул боюнча эч кандай иш кылынбаптыр. Моюнга алалы муну. Эми гана бул маселеге кириштик. Өзүңүздөргө маалым болуш керек “Укук кербени” аттуу чоң долбоор баштаганбыз. Өлкөнүн 44 районундагы 20дан ашуун шаарды кыдырып чыктык. 5 миңге жакын адамдар менен кезиктик, 500дөн ашык арыздарды кабыл алдык. Жеринен эле анын жарымынан көбү чечилди. Ошол учурда мен Чаткалга иш сапары менен барып, элдер менен жолугушуу учурунда “алтын кенде иштегендер, жергиликтүү элдин экологияга болгон укуктарын бузуп, экологияны булгап, суу дагы келбей калган, жайыттардын баары бузулган” деген көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Регион боюнча айтып калдык. Бишкектин өзүндө аба кир. Демек адамдардын экологиялык укугу бузулуп жатабы?
Аскат Азарбеков: Бузулуп жатат. 3-4 маселени болушунча көтөрөбүз. Экология жөнүндө мыйзам бар. Мыйзамдын 3-беренесинде айтылган “эгерде кандайдыр бир ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен экология бузулуп, адамдын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келе турган болсо аны жокко чыгарыш керек” бул биринчиден. Экинчиден “компенсация төлөнүп берилиш керек” деген маселе бар. Эми ушул маселени көтөрүп, 10-декабарда боло турган биздин иш чарабыз бар, ошол жерде тиешелүү презентациябызды чыгарабыз. Бул алгачкы кадам. Ушул презентацияда көрсөтүп, өзүбүздүн сунуштарды айтабыз. Министрлер кабинети эмнени кылышы керек? Мэрия эмнени кылыш керек? Ушул экологиялык бузулуудагы маселелер боюнча Акыйкатчы институтунун ролу кандай болот? Адамдардын укуктарын кантип сактай алабыз? Ушул суроонун баары камтылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аскат Азарбеков: Биз айтып атабыз, ошол эле 3-берененин негизинде азыр эгерде ушунча адамдын укугу бузулуп атат, ден соолугуна залакасы тийип жатат деп мэриянын үстүнөн биз сотко бере турган болсок кандай болот? Статистиканы ала турган болсок 150 миңден ашуун өпкө ооруусуна чалдыккан жарандарыбыз бар. Бул эмненин белгиси? Бул ошол эле абанын начардыгына байланыштуу деген тийиштүү эксперттердин корутундулары бар. Эгерде ошону сотко берип, абдан чоң айып пулга жыгылгыңар келбесе анда тез арада биз берип жаткан сунуштарды андан сырткары, экологдор берип жаткан, ошол эле бейөкмөт уюмдар берип жаткан сунуштарды талдап чыгып, чогуу-чаран отуруп тез аранын ичинде бул маселени чечүү боюнча кадамдарды кылалы. Анан индикаторун так берели. Эгерде мэр болобу же жергиликтүү бийликтин башчысы болобу ошол индикаторго жетпесе анда жумуштан бошошу керек. Анткени ишке ошону аткарам деген кишилерди жумушка коюш керек деген маселелерди көтөрүп, презинтацияда айтып беребиз.

Би-Би-Си: Ар бир адамдын укугу өтө баалуу, кол тийгис албетте. Бул баш мыйзамда дагы жазылган. Бир же бир нече адамдын сотто талаш-тартышын кароо дагы абдан маанилүү. Бирок ошол эле учурда билбей, сезбей миллиондук шаардагы шаардыктар жапырт кир аба менен дем алып жатканынан улам алардын “укугу тебеленип жатат” десе болобу?
Аскат Азарбеков: Туура.

Кир аба өтө зыян...
Бишкекте кышкысын аба ченемден эселеп ашып, өтө булганган учурлар арбын. Бул өтө кооптуу. Мындай көрүнүш быйыл эле эмес, көп жылдан бери бар. Кайсы бир ченемдер көрсөткөндөй, Бишкек кээде дүйнө жүзүндө абасы эң кир шаарлардын сап башына чыкканын эко-активисттер жазып эле келет. Бийлик, калаа башчылар кайра-кайра убада бергени менен азырынча олутту жыйынтык жок. Окумуштуулар аныктагандай кир абадагы көзгө көрүнбөгөн өтө майда катуу бөлүкчөлөр аба аркылуу организмге кирет. Андан соң ал канга өтүп, өтө оор кесепетке жеткирет.
Көмүрдү көп жагат деген Бишкек четиндеги эң чоң жаңы конуштарда дагы сейил бактары жокко эсе. "Шаар ичинде орун калбай калыптыр дегенге айла жок макулбуз, жок дегенде жаңы конуштарды пландап жатканда сейил бакка орун калтырбайт белеңер!" деген доомат кайра-кайра айтылып келе жатат...
Бул маектин видеосу толугу менен Би-Би-Синин Facebook баракчасына жарыяланат.












