Таштанды: Кыргызстан азабын тартат, Швеция жыргалын көрөт
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Бишкектин четинде кеминде 40 гектар жерди ээлеп жаткан таштандыдан ит-мышыктын өлүгүнөн баштап, темирин да, желимин да тапса болот. Айнеги да, акыр-чикири да аралашып жаткан ал жерде тоодой үйүлгөн уулуу калдыктар чирип, түтөп жыл бою абаны булгап келет. Пайдалануу мөөнөтү эбак өтсө да жабылбай, зыянсыздандырылбай келе жаткан бул жай шаардыктардын баш оорусуна айланды.
Швециянын таштандыдан тапкан пайдасы тууралуу да маалымат беребиз, сөздү Бишкектин акыр-чикир жайынан баштайлы.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Мындан саналуу күн мурун эле санитардык жайдын жетекчиси Адиль Назаров таштандынын бир бөлүгүнүн үстүнө топурак төгүп, өрттүн алдын алам деп жаткан. Себеби, таштанды ачык эле өрттөнгөн учурда зыяны ого бетер күчөйт. Көп өтпөй ким бирөлөр ишке тоскоол болуп, ал жерди атайын өрттөп жиберди деп видео жарыялады.
Ал ошол жерде мыйзамсыз иштеп жаткандар бар, алар өз кызыкчылыгын көздөп атайын өрттөдү деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Адиль Назаров
Таштанды "мафиясы" бар?
Убагында мурдагы калаа башчы Балбак Түлөбаев, таштанды жайдан пайда тапкан чоң “мафия” бар деп айткан эле. Күмөн жараткан кимдер, эгер чындап ошол адамдар таштандыны атайылап өрттөсө кандай максаты бар, өрттөгөндөн аларга эмне пайда деген суроо менен таштанды жайдын жетекчиси Адиль Назаровго кайрылдык.
“Октябрда бийлик алмашып, бул жакка дагы жаңы адамдар келгенде саботаж кылуу үчүн өрт чыгарышкан. Туура эмес иштеп жаткан балдарды жакында эле иштен алгам. Кайра ошол күнү дагы өрт чыкты. Өрт аларга эмне үчүн керек дегенди түшүндүрө кетейин. Таштанды күйгөндө дем алууга аябай кыйын болот. Анан ошол тегеректе жашагандар таза аба жетпей кыйналганда чогулуп алып мэрияга келет. “Жетекчи карабай жатат, ишти жөндөй албай калды, биз кыйналдык” дейт. Кыскасы өрттөгөндөн кийин ушундай жол менен ишти жокко чыгарып, полигон жетекчисине бут тосууга аракет кылышат”- деди санитардык жайдын жетекчиси Адиль Назаров.
Таштанды полигонун экологияга зыяны
Полигондун зыянын изилдеген экологдор да бар. Алар Бишкектеги таштанды жайдан уулуу заттар чыгаарын аныктап, ал тургай эсебин да чыгарышкан. Алардын айтымына караганда, 65% метан, 30-35% көмүр кычкыл газы жана башка газдар чыгат экен.
Абага чыккан уулу заттардан тышкары жер кыртышын, жер алдындагы сууларды булгай турганын айткан эколог Калия Молдогазиева таштандыны бөлүп, ылгап алгыдай кылбаса маселе чечилбейт деп жатат. Себеби, темир, желим, кагаз ага тамак-аштын калдыгы барып кошулганда химиялык реакция жүрүп, абдан уулу заттар пайда болот дейт. Эколог барын бир жерге үйүп, реакция жүрүшүнө шарт түзбөстөн ар бирин бөлүү менен маселени жеңилдетсе болоорун айтууда. Ал ошондой эле аралык алыс деген менен шамаал болгондо ал жердеги уулу газ, түтүн Бишкекке оңой эле келет деп жатат.

Таштанды полигонунан кантип акча тапса болот?
Бишкектеги таштанды полигону 1970-жылдары эле ачылып, колдонуу мөөнөтү эбак аяктаса да жабыла элек. Андыктан канча тонна таштанды бар экени тууралуу так маалымат дагы жок.
“Жылына жарым миллион тоннадай таштанды келип түшөт. Дүйнөнүн бир топ мамлекети үчүн мындай таштанды жайлары “алтын кениндей” эле эсептелет. Таштандыны кайра иштетип, укмуштуудай каражат табышат. Бизде болсо таштанды деген баш оору. Биз эсептеп чыктык, эгер ошол таштандыдан эле органикалык жер семирткич чыгара турган болсок суткасына 50 миң доллар киреше табууга болот. Башкасын эске албаганда. Мен болгону таштандыдан композ чыгаруунун кирешесин айтып жатам”,- дейт Адиль Назаров.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал бул ишти баштоо үчүн шаар бийлигине кайра-кайра сунуш берип, жаңы долбоорду даярдап койгону дагы кошумчалады.
Шаар бийлиги бул полигонду жаап, ага жакын жерден жаңы полигон ачабыз дегенине бир топ убакыт өттү. Азырынча жыйынтык жок.
Таштандыны байлыкка айланткан Швеция
Таштанды демекчи, Швеция өз таштандысын толук иштетип, анын 4 пайызга жакынын гана жерге көмөт. Иштетүүгө такыр эле жарабайт деген таштандыны түтүн чыкпагандай күйгүзүп, андан жылуулук, электр энергиясын дагы алышат. Жөнөкөй айтканда атайын технологиянын жардамы менен таштандыны отун, көмүр катары пайдаланат.
Таштанды, акыр-чикирди бир жерге тоодой кылып үйүп алып, ылгашпайт. Жети башка түстөгү баштыктарга таштандыны дароо эле үйдөн бөлүп чыгарышат. Мисалы, тамак-аштын калдыгын топтоп, андан биогаз өндүрүп, аны шаар ичинде каттаган автобустарга газ кылып пайдаланышат. Бишкекке дагы газ менен жүргөн автобустар келген. Бирок, аларга мындай биогаз колдонуу тууралуу азырынча сөз да боло элек.
Кыскасы өздөрүндөгү таштанды жетпей Швеция Норвегиядан таштандыны сатып алат. Таштанды бир өлкөдөн экинчисине импорт товар катары сатылаарын интернеттен кенен окусаңыз болот. Бишкек таштандыны кайра иштетүүгө жетишип, андан жер семирткич, жылуулук, газ, чийки заттын түрлөрүн алганча аба менен жер, суу дагы далай булганат өңдүү.
Муну да окуңуз: Бишкек: таштандыда жаткан уу заттар жана миллиондор Бишкек: таштандыда жаткан уу заттар жана миллиондор








