Сейил бакка "талгак" болгон жаңы конуштар

Бишкектеги митингдердин биринде тартылган сүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги митингдердин биринде тартылган сүрөт
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Би-Би-Си Бишкектин жашыл аянттары, таза аба темасына арналган түрмөктөрүн улантат.

Бул саам жападан жалгыз сейил багы бар Ленин районунун жашыл зонасы тууралуу кеп болот. Айтмакчы, бул райондо турак-жайын көмүр менен жылыткан тургандардын саны арбын.

Би-Би-Си аталган райондун акими Нурдин Тынаев менен ушул теманы талкуулады

Нурдин Тынаев: Ленин району аянты боюнча Бишкектеги эң ири район. Жалпы 60 километр чарчы аянтты ээлейт. Калкы негизинен каттого алынганы 200 миңден ашык болсо, каттоосу жок жашап жаткандар менен 300 миңге жетет. Районубузда 11 жаңы конуш бар.

Азыркы шаар бийлиги жаңы конуштарды жакшыртуу боюнча бел чечпей иштеп жактанын Би-Би-Сиге билдирген

Сүрөттүн булагы, BBC\rufat ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыркы шаар бийлиги жаңы конуштарды жакшыртуу боюнча бел чечпей иштеп жактанын Би-Би-Сиге билдирген

Би-Би-Си: Жашыл аянт районуңуздардын кеңдигине, калкынын санына ылайык келеби?

Нурдин Тынаев: 1 чоң сейил багыбыз бар. Аянты 7 гектарга жеткен Фучик атындагы жашыл жай. Бул сейил бакта бир гектардай жерди сот аркылуу курулуштан сактап калдык. Буга чейин сатылып кеткен экен. Андан сырткары майда-барат 15-20 сквер бар. Райондун 15-20 пайызын жашыл зона түзөт десек болот.

Би-Би-Си: 15-20 % жашыл зона деген эсеп чындыкка төп келеби? Себеби, эң чоң сейил багы 7 гектар болсо, калган скверлер биригип 7-8 гектарды араң түзсө керек.

Нурдин Тынаев: Жок, жаңы конуштарда да жашыл жерлерибиз арбын. Жаш Гвардия бульвары да жашыл зона. Ленин районунда өзгөчө жашыл зонабыз көп.

Ленин районуна караштуу скверлердин бири. Тосмо ичинде курулушу токтогон имаратттын пайдубалы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ленин районуна караштуу скверлердин бири. Тосмо ичинде курулушу токтогон имаратттын пайдубалы

Би-Би-Си: Жаңы конуштардын аянты да, калкы да өстү. Эң ири делген жаңы конуштардын баары сиздердин районго туура келет экен. Ошончо жаңы конуштун биринде да сейил бактын жоктугу сизди өкүндүрбөйбү?

Нурдин Тынаев: Эмнеге жок?...

Би-Би-Си: Кайсы жаңы конушта сейил багы бар?

Нурдин Тынаев: Ак-Өргө жаңы конушунда былтыр иш баштадык. Ошол жерге бак олтургузуп, балдар үчүн аянтчаны куруп жатабыз.

Ак-Өргө жаңы конушунда тургундар калемче сайып, жашылдандыруу аракетинде. Ахунбаев көчөсүнүн бою
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак-Өргө жаңы конушунда тургундар калемче сайып, жашылдандыруу аракетинде. Ахунбаев көчөсүнүн бою

Би-Би-Си: Ал сейил бак эмес, алакандай эле оюн аянтчасы да

Нурдин Тынаев: Эми, ачык айтканда жаңы конуштарда деле сейил бак кургудай кенен жер калган жок.

Би-Би-Си: Жаңы конуштарды бөлүп жатканда дароо жашыл зона деп сейил бактарга орун калтырууга, сактап калууга болот беле?

Бишкектеги бүрдөгөн карагай
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги бүрдөгөн карагай

Нурдин Тынаев: Башында пландар, генералдык пландар чийилип жатканда ошонун баары каралган. Мектеп, оорукана, бала бакча, сейил багы дегендей. Бирок, тилекке каршы ошол жерлерге мыйзамсыз үйлөр курулуп калган.

Би-Би-Си: Генералдык планга кирип, кийин турак-жай курулуп кетти деп жатпайсызбы, мыйзам боюнча башкы планга кирген соң эртеби-кечпи ал жерлерди кайрадан жашыл зона үчүн кайтарып алууга толук мүмкүн да. Бул качан ишке ашат?

Нурдин Тынаев: Туура. Биз азыр ошол боюнча иштеп жатабыз. Мисалы №122 токтом менен 400 дөн ашык жер тилкеси үй курууга бөлүнүп кеткен экен.

Би-Би-Си: Кайсы жерде?

Нурдин Тынаев: Ак-Өргөдө. Токтомду сот аркылуу жокко чыгарып ошол жердин баарын шаардын карамагына өткөрүп берип жатабыз. Ошондой эле №266 токтом менен Ак Ордо жаңы конушунда, №65 токтом менен Жайыл баатыр көчөсүнүн боюндагы жерлер бөлүнүп кетиптир. Ошонун баары мыйзамсыз чыккан токтомдор. Азыр ошонун баарын сот аркылуу жокко чыгарып, кайра оорукана же жашыл зона үчүн калтырсак деген аракетибиз күч.

Би-Би-Си: Үч токтом тууралуу кеп кылдыңыз. Бул үчөө тең жашыл зонага деп калтырылганына карабай кийин курулуш жүрүп кетти, эми кайра шаардын карамагына өткөрсөк деп айтып жатасыз, туурабы?

Нурдин Тынаев: Туура.

1974-жыл. Фрунзенин түштүк тараптан кире бериши.

Сүрөттүн булагы, Кинофотофонодокументтер мамлекеттик архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1974-жыл. Фрунзенин түштүк тараптан кире бериши.

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан ошол үч жашыл зона шаарга өтүп калса, алардын жалпы аянты канча гектарды түзөт? Ушуну тагыраак айтып берсеңиз.

Нурдин Тынаев: Мисалы, ошол эле №122-токтомду алсак, ар бири 8 сотуйдан 144 жер тилкеси. Бул Чортеков көчөсүнүн бою. Жыйынтыктап айтканда бул бери дегенде эле 8 гектардан ашык жер. Биз бул жерди казыгын кагып, курулуш баштайбыз деген учурда токтотуп калдык. Ак-Өргөдө дагы 200-300 жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткен. Эгер сиз айткандай баарын кошуп, аянтын жалпы эсептей турган болсок 20 гектарга жакын жер.

Бишкекте аба ченемден ашык булганып жатканына өкмөт башчы Мукамбеткалый Абылгазиев да тынчсызданып, атайын сунуштарын да айткан эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте аба ченемден ашык булганып жатканына өкмөт башчы Мукамбеткалый Абылгазиев да тынчсызданып, атайын сунуштарын да айткан эле

Би-Би-Си: Соттук иш кайсы баскычына жетти, шаардын карамагына качан өтүп калышы мүмкүн?

Нурдин Тынаев: Кээ бир жер тилкелери боюнча сот чечими чыккан. Дагы бир тобу боюнча сот иштери уланып, соттошуп жатабыз.

Би-Би-Си: Окурманга түшүнүктүү болсун, Арча-Бешиктин кайсы жериндеги жашыл зона тууралу кеп кылып жатабыз?

Сөз болуп жактан Чортеков көчөсүнүн бою. 2019-жыл 4-май
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сөз болуп жактан Чортеков көчөсүнүн бою. 2019-жыл 4-май

Нурдин Тынаев: Бул Түштүк магистралы деп аталган көчөнүн уландысы. Чортеков көчөсүнүн батыш жээги. Туурасы 30-40 метрге жакын узун тилке. 4-шаардык оорукана тараптагы айланмадан тартып жогору карай кеткен узун тилке. Бул жер магистарлдык жол болгондуктан техникалык регламент боюнча жээгине жакын курулуш кылганга болбойт. Биз былтыртан бери ал жерге арча көчөтүн тиге баштадык. Бул жерде 144 кишиге 8 сотуйдан жер мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул жер жашыл зона гана болушу керек.

Би-Би-Си: Калкы менен аянты кыйла көп делген Ак Ордо жаңы конушунда жок дегенде бир сейил бак же скверге жер каралганбы?

Нурдин Тынаев: Ал жерде 17 минге жакын киши жашайт. Мыйзамсыз бөлүнгөн жерлер ал жакта да бар. Ошол эле "Элнур" заводунун жогору тарабы туура эмес бөлүнгөн. Бул эле эмес, жалпы Бишкекте 6000 миңдей мыйзамсыз турак-жай аныкталган. Булардын эч кандай документи жок. Мунун баарын аныктап чыгуу да чоң иш болду. Азыр өкмөт, Жогорку Кеңешке бул боюнча документтер берилген. Ушул маселени бир жаңсыл кылып, ары же бери чечүү керек.

Би-Би-Си: Суроого кайра кайрылып келели. Ак Ордодо же Ак-Өргөдө сейил бак болобу? Боло турган болсо аны кантип ишке ашырасыздар?

Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарайт

Нурдин Тынаев: Сөзсүз түрдө ар бир жаңы конушта скверлер болушу керек.

Би-Би-Си: Болушу керек болсо кантип жүзөгө ашырасыздар? Эң жөнөкөй эле сейилдеп баса турган жайы жок болсо, балдарын ойното албаса, майрам сайын балдарын чууртуп башка сейил бактарга ташып жүрсө кандай болот?

Нурдин Тынаев: Чортеков көчөсүн жаңы эле айттым. Жал кичи районундагы бош жердин баарын жашыл зонага деп аракет кылып жатабыз. Быйыл Ак Ордодо №96 мектеп менен Тагай бий көчөсүнүн ортосундагы жерди сквер кылалы деп жатабыз. Анын узундугу 500-600 метрге жакындайт. Бирок туурасы 20 метрде эле. Ошол жерге көчөт тигип, ортосуна аллея курсак деп турабыз. Бул иш жакында башталат. Албетте, бул чакан аянт, жетишсиз. Ушул эле Тагай бийдин батыш жээгинде чектен чыгып кеткен курулуштар бар. Ошолорду алдырып, ал жагына да аллея курсак деген план бар.

Би-Би-Си: Шаардын азыркы жетекчилиги бара-бара шаардын борбордук бөлүгү жана жаңы конуш деген ажырымды жоёбуз, жаңы конушта да баардык шарттар түзүлөт деп келе жатат. Эгер ушунча жаңы конуштун бир сейил багы жок болсо кантип айырманы жоёсуздар?

Нурдин Тынаев: Буюрса акырындап болгон аракетибизди жумшайбыз.

Бишкекте жакынкы жылдары эмне өзгөрөт? Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев менен маекти толугу менен бул жерден көрүңүз:

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Би-Би-Си апта бою Бишкектин жашыл зоналарын кыдырды. Агрономдор бир ооздон соңку 2-3 жылда көчөт олтургузуу сан жагынын да, сапат жагынан жакшырганын баса белгиледи. Сейил бактарынын бири этно стилде жасалып жатат.