Бишкекте кыштын да, ыштын да камы жок

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте баары от жагып баштаганда ушундай ыш каптайт

Кыргызстанда кыш жакындап, от жагуу сезону башталганы, Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башына чыкты. Андан кутулуунун аргасы бар, бирок жакшы аракет жасала элек.

Дүйнө боюнча абанын сапатын көрсөтүп турган World Air Quality рейтингинде 8-ноябрда Бишкек кайрадан сап башына чыкты. Шаардын абасы абдан жаман деген көрсөткүчкө туура келүүдө.

Эң соңку рейтингде Индиянын баш калаасы Дели биринчи орунда, андан кийин Пакистандын Лахор, Карачи шаарлары турат. 9-ноябрда күн жылы түшкөнгөбү, Бишкек ылдый жылып, биринчи ондуктун арасында болуп калды.

Шаарга батпай жайнаган автоунаа баш калаанын абасын булгаган биринчи себеп болуп келатат. Кыргызстанда бир миллион 100 миң автоунаа болсо, анын үчтөн бири баш калаада. Ал аз келгенсип, күнүнө миңдеген машиналар шаарга чыгыштан да, батыштан да кирет.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, автоунаалар орточо алганда жылына 104 миллион тонна көмүр кычкыл газын чыгарат, анын көп бөлүгү Бишкек шаарына туура келет.

Автоунаалардын 60% он беш жылдан эски, ошол себептүү зыяндуу газды чыгаруу деңгээли жогору. Ал аз келгенсип, Кыргызстан бензиндин эң жаман, эң зыяндуу сортторун колдонгон КМШдагы жалгыз өлкө.

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ЖКнын депутаты Абдувахап Нурбаев убагында К-2, К-3 деген абаны булгаган бензиндин сортун алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдаган, бирок аны өкмөт колдобой коюп, кабыл алынбай турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бензин саткандар лобби кылып, бизди жамандап, Минэкономду сатып алышып, мыйзамга корутунду бербей коюшкан. К-2, К-3 деген эң сапатсыз бензин, бир гана Кыргызстанга кирет, башка өлкөдө жок. Ал өтө арзан аны апкелип өтө көп пайда табышат. Биздин күчүбүз жетпей койгон, 20 блогерге миң доллардан берип, бизди жамандатып, бензинди кымбаттатып атат деп, ошону менен мыйзам ишке ашпай калды",-дейт Абдувахап Нурбаев.

Шаардагы булганыч аба шаардыктардын ден-соолугуна канчалык зыян алып келип жатканы өзүнчө чоң маселе.

“Ракка алып келген газдар машинеден чыгат. Аны эч ким ченебейт. Ошондуктан жыл сайын эле бизде респиратордук, рак оорулары жылдан жылга көбөйүп келатат. Мунун түз байланышы бар, машинелердин саны менен ошол оорулардын көбөйүшүндө”,-дейт профессор Рахат Сабырбеков.

Шаардын абасын булгап жаткан экинчи негизги фактор деп кышында жагылган көмүрдү айтышууда. Биринчи кезекте бул миңдеген тонна көмүр жаккан Бишкек жылуулук борбору жана шаардагы жеке менчик үйлөр, шаарды курчаган жаңы конуштар бүт көмүр жагат. Дүйнөлүк банктын изилдөөсү боюнча шаардын калкынын 40% кышында көмүр менен үйүн жылытат. Бирок алар абага канча ыш чыгарып жатканы так изилденген эмес.

Буга кошул-ташыл машина дөңгөлөктөрүн, тигүүчү фабрикалардын калдыктарын жана башка таштандыларды өрттөө дагы абаны булгап жатат дейт изилдөө жүргүзгөн адистер.

Электромобиль

Сүрөттүн булагы, faceebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте электромобилдердин саны араң жүздөн ашты

Эксперттер биринчи кезекте шаарда коомдук транспортту өнүктүрүү, аны электрге көчүрүү, жашылдандыруу, экологияга зыяндуу транспортко салыкты көбөйтүү, ошондой эле зыяны аз отунду алып кирүүгө салыктан жеңилдик берүү, жеке сектордогу жылытуу системаларын өркүндөтүү, эл ичинде түшүндүрүү иштерин күчөтүү сыяктуу чараларды сунушташууда.

“Биринчиден коомдук транспортту өнүктүрүп, аны электр транспортко алмаштыруу керек. Биздин изилдөө боюнча, электроавтобустар кымбат болгону менен эксплуатациялык чыгымдары аз. Газ же бензин менен жүргөн транспортко салыштырмалуу бир канча эсе арзан. Бирок баштапкы баасы арзан, ошого байланыштуу албай атышат. Негизги стратегия жок болуп атат электр транспортко массалык түрдө өткөнгө”,-деди Азамат Акелеев, БУУнун долбоорунун эксперти.

Бийлик электромобилдерди алып келүүгө бажы салыгын алып салганы жакшы кадам болду. Бирок бул жетишсиз, шаарда электромобилдерди тейлөөнүн инфраструктурасын куруу керек. 

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Абанын канчалык булганып жатканын Кыргызгидромет текшерип турушу керек. Бирок анын колундагы жабдуулар да, ченөө технологиясы да эскирген. Ошол себептүү ден-соолукка өтө зыяндуу углерод оксиди, бензпирен, эрүү сульфаты, цианид, фенол сыяктуу уулуу заттарды алар көрө албайт дешет.

“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жарандар ден соолугуна булганыч заттардын зыяны тийгенде ал үчүн кенемте алууга акылуу. Ошондой эле абаны нормадан ашыкча көп булгаган транспортту алып келүүгө, пайдаланууга тыюу салынат. Бирок иш жүзүндө бул талап иштеген учурларды эч ким билбейт.