Кыш келатат, ыш келатат Бишкекке

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда кыш жакындап, от жагуу сезону келатканда, Бишкектин абасы кайрадан ышка толот экен деп шаардыктар кыжаалат ойго чөгүүдө. Соңку жылдары Кыргызстандын баш калаасы дүйнөдөгү абасы булганч шаарлардын сап башына чыгып келатат. Андан кутулуунун аргасы бар, бирок жакшы аракет жасала элек.

Кыш келип, баары от жагып баштаганда Бишкекти ушундай ыш каптайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыш келип, баары от жагып баштаганда Бишкекти ушундай ыш каптайт

Кыргызстанда бир миллион 100 миң автоунаа болсо, анын үчтөн бири баш калаа Бишкекте. Ал аз келгенсип, күнүнө миңдеген машиналар шаарга чыгыштан да, батыштан да кирет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, автоунаалар орточо алганда жылына 104 миллион тонна көмүр кычкыл газын чыгарат, анын көп бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Автоунаалардын 60% он беш жылдан эски, ошол себептүү зыяндуу газды чыгаруу деңгээли жогору.

Шаардагы булганыч аба шаардыктардын ден-соолугуна канчалык зыян алып келип жатканы өзүнчө чоң маселе.

“Ракка алып келген газдар машинеден чыгат. Аны эч ким ченебейт. Ошондуктан жыл сайын эле бизде респиратордук, рак оорулары жылдан жылга көбөйүп келатат. Мунун түз байланышы бар, машинелердин саны менен ошол оорулардын көбөйүшүндө”,-дейт профессор Рахат Сабырбеков.

Бишкек автоунаалар

Шаардын абасын булгап жаткан экинчи негизги фактор деп кышында жагылган көмүрдү айтышууда. Биринчи кезекте бул миңдеген тонна көмүр жаккан Бишкек жылуулук борбору жана шаардагы жеке менчик үйлөр, шаарды курчаган жаңы конуштар бүт көмүр жагат. Дүйнөлүк банктын изилдөөсү боюнча шаардын калкынын 40% кышында көмүр менен үйүн жылытат. Бирок алар абага канча ыш чыгарып жатканы так изилденген эмес.

Буга кошул-ташыл машина дөңгөлөктөрүн, тигүүчү фабрикалардын калдыктарын жана башка таштандыларды өрттөө дагы абаны булгап жатат дейт изилдөө жүргүзгөн адистер.

“Кышында көмүр жаккан үчүн ушундай болуп жатат деп аргумент кылышат. Бирок мына бүгүн карасак, мен бир-эки саат мурун карадым, бүгүнкү от жакпаган учурда деле сары болуп турат. Бүгүнкү күндө эч ким от жакпаса деле, сары деңгээлде. Демек, бул машинелер, чаң, ошолор эле таштандыларды өрттөөнүн натыйжасы”,-дейт Рахат Сабырбеков.

Бишкекте апрелде электр транспорттордун биринчи маршы болду

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте электромобилдердин саны эки жүзгө араң жетти
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эксперттер биринчи кезекте шаарда коомдук транспортту өнүктүрүү, аны электрге көчүрүү, жашылдандыруу, экологияга зыяндуу транспортко салыкты көбөйтүү, ошондой эле зыяны аз отунду алып кирүүгө салыктан жеңилдик берүү, жеке сектордогу жылытуу системаларын өркүндөтүү, эл ичинде түшүндүрүү иштерин күчөтүү сыяктуу чараларды сунушташууда.

“Биринчиден коомдук транспортту өнүктүрүп, аны электр транспортко алмаштыруу керек. Биздин изилдөө боюнча, электроавтобустар кымбат болгону менен эксплуатациялык чыгымдары аз. Газ же бензин менен жүргөн транспортко салыштырмалуу бир канча эсе арзан. Бирок баштапкы баасы арзан, ошого байланыштуу албай атышат. Негизги стратегия жок болуп атат электр транспортко массалык түрдө өткөнгө”,-деди Азамат Акелеев, БУУнун долбоорунун эксперти.

Бийлик электромобилдерди алып келүүгө бажы салыгын алып салганы жакшы кадам болду. Бирок бул жетишсиз, шаарда электромобилдерди тейлөөнүн инфарструктурасын куруу керек.

Абанын канчалык булганып жатканын Кыргызгидромет текшерип турушу керек. Бирок анын колундагы жабдуулар да, ченөө технологиясы да эскирген. Ошол себептүү ден-соолукка өтө зыяндуу углерод оксиди, бензпирен, эрүү сульфаты, цианид, фенол сыяктуу уулуу заттарды алар көрө албайт дешет.

“Атфмофералык абаны коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жарандар ден соолугуна булганыч заттардын зыяны тийгенде ал үчүн кенемте алууга акылуу. Ошондой эле абаны нормадан ашыкча көп булгаган транспортту алып келүүгө, пайдаланууга тыюу салынат. Бирок иш жүзүндө бул талап иштеген учурларды эч ким билбейт.

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images