"Жердин муздаткычы" өзү жылып бара жатат. Бул эмнеси менен кооптуу?

Мындан ондогон жылдар мурун бул муздар ээрийт деп эч ким ойлогон эмес эле...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындан ондогон жылдар мурун бул муздар ээрийт деп эч ким ойлогон эмес эле...

Кыштын кыраан чилдесинде күнөстүү жерлерге көк чөп чыгып, адаттагыдан жылуу болуп жатканы сизди да ойго салып жатса керек. Айрым аймактарда ана-мына бадам, өрүк гүлдөй турган болуп калды, үшүк урбайбы деп багбандар кабатыр болуп турган чагы. Мындай көрүнүш тигил же бул мамлекеттин эле аймагы менен чектелбейт, бул жер планетасына таасир берген тээ алыскы аймактардан бери байланышы бар кубулуш.

Жер бетинин алыскы бир чегинде обочолонгон, океандын кыйма-чийме күчтүү агымдары менен курчалган Антарктида жатат. Табышмактуу, али да далай сыры ачыла элек бул аймакка өзүнчө бир аба-ырайы мүнөздүү.

Бир нече жыл мурун ал жерде муздардын катмары калыңдаганда, илимпоздор "континент климаттын өзгөрүшүнө туруштук берип жатат" деп үмүт кылышкан эле.

Эми ошол үмүт акырындап өчө баштагандай...

Бул графика жыл сайын Антарктиданын айланасындагы муздун аянтын көрсөтөт.

Аппак муздун эриши ак аюнун башкы көйгөйү болуп жатат. Бирок ал аюу үчүн эле баш оору эмес...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аппак муздун эриши ак аюнун башкы көйгөйү болуп жатат. Бирок ал аюу үчүн эле баш оору эмес...

Караңыз, Антарктикада жай мезгилинде муздун аянты кичирейип, кышында кайра көбөйөт.

Эми, быйыл канчалык муз каптаганын көрөлү. Ал көк сызык менен көрсөтүлгөн. Мында континенттин муз аянты жайында рекорддук деңгээлде кичирейген, кышында да ошондой.

Муну дагы башка жол менен көрсөтөлү.

Бул муздар бизден абдан алыс, анын биздин климатка кандай таасири деп ойлогондор жок эмес. Бул терең жанылышуу дешет адистер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул муздар бизден абдан алыс, анын биздин климатка кандай таасири деп ойлогондор жок эмес. Бул терең жанылышуу дешет адистер

Бул сүрөттөн быйыл 14-сентябрда Антарктиданын айланасында канча муз болгонун көрүүгө болот.

Муну сары чекит менен көрсөтүлгөн сызык менен салыштыралы. Бул - бир нече ондогон жылдардагы ошол эле датада сүрөткө тартылган деңиздин муз аянты.

Быйылкы муздун аянты орточо көрсөткүчтөн бир жарым миллион чарчы километрге аз.

“Биз көргөн нерсе чындап эле тынчсыздандырат. 1979-жылдан берки спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, муз аянты бир топ кыскарган. Бул биз көргөн нормадан тышкары эң төмөнкү деңгээл”,- дейт изилдөөчү Вольтер Майер.

Буга эмне себеп болууда деген суроо кабыргансынан турат.

Бул муздардын тездик менен эриши ошол аймакка эле эмес, бүтүндөй жер планетасына терс таасирин берет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул муздардын тездик менен эриши ошол аймакка эле эмес, бүтүндөй жер планетасына терс таасирин берет

Антарктиданы изилдеген илимпоздор, буга көптөгөн факторлор, анын ичинде быйыл деңиз бетинде катталган жогорку температура дагы таасир эткенин айтышат.

Алар муз катмары кичирейе берсе, анын кесепети чоң болот деп тынчсызданышууда.

"Деңиз музу өтө маанилүү, анткени ал күзгүдөй болуп, түшкөн күндүн энергиясын артка чагылдырат. Антарктиканын климатын, ошондой эле бүткүл жер шарынын климатын салыштырмалуу салкын кармап турат. Ал океан агымдарына жана аба ырайына да таасирин тийгизет. Демек, деңиз музун жоготуу - жергиликтүү, аймактык жана глобалдык деңгээлде олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн",- деди изилдөөчү Элла Гилберт.

Окумуштулар ойлогондон да тез ээрип жактан муздар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштулар ойлогондон да тез ээрип жактан муздар

"Антарктика - Жер үчүн муздаткыч сыяктуу, бирок күн нурун чагылдырган деңиз музу азайып, күндүн энергиясынын көбүн караңгы океан өзүнө сиңирип алгандыктан акырындап температура жогорулайт",- деп кейиди илимпоз Гилберт.

Суу жылуу температураны абдан жакшы сиңирери илимде да маалым.

Ак аюулардын үйү бузулбасын...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак аюулардын үйү бузулбасын...

Муздаткыч радиатор сыяктуу функциясын аткарбай калат деген кооптонуу турат. Бул дегени сиз алыс сапарга унаа айдап бара жатасыз, бир маалда эле анын радиатору акырындап барып жарабай, иштен чыгып калды. Унааңыз туш тарабынан кайнап, ысып жарактан чыкты дегендей. Эгер бир унаанын мисалын бүтүндөй жер планетасына оодарып ойлонсоңуз анда чындап эле жалпы адамзат үчүн бул кооптуу коңгуроо.

Кыргызстан Антарктидадан алыс, бирок көйгөйдөн алыс эмес...

Климаттын тездик менен ысышы Кыргызстанга кандай таасирин берип жатат?

Мурда георафия сабагынан окуткандай мөңгүлөр, түбөлүк муздуктар дегендин баары аянты жагынан эле эмес, түшүнүктүн мазмуну жагынан да өзгөрүп бара жатат. Миң жылдап чогулган мөңгүлөр ээрибейт, алар тура берет дегенге болбойт. Соңку саналуу эле жыл дал ошол мөңгүлөр тездик менен ээрип, аянты кыскарып, калыңдыгы жукарып бара жатканын так көрсөттү. Мөңгүлөрдүн саны көбөйдү. Бул мөңгүлөр көп болуп жатыптыр дегенди эмес, тескерисинче чоң мөңгүлөр ээрип, майдаланып бара жатат дегенди билдирет. Мөңгү суунун эле эмес, абанын салкын кармалышынын бирден бир булагы. Кыргызстанда 8000 миңден ашуун мөңгү бар. (AK)