Индиядагы сеп чыры. Сыйыртмактагы келин жана отто чыркыраган кайната менен кайнене

Anshu and Anshika Kesarwani at their wedding

Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Anshu and Anshika Kesarwani had a lavish wedding in 2023
    • Author, Гита Панди
    • Role, Би-Би-Си жаңылыктары, Прайаграж

Эки үй-бүлөнү ыдыратып, үч адамдын өмүрүн алган, жети адамды түрмөгө салган үрөй учурган трагедия.

Индиянын түндүгүндөгү Прайаграж шаарында (мурдагы Аллахабад) 18-мартка караган түнү болгон окуя эл жык жашаган, анчейин бай эмес эки конуштун тургундарын да дүрбөлөңгө салды.

Эскертүү: Бул макалада деталдар кээ бирөөлөргө оор тийиши мүмкүн.

"Түнкү саат 23:00дө 60-70тей адам үйүбүзгө келип, бизди аёосуз сабай башташты", - дейт Шивани Кесарвани.

Анын айтымында, кол салгандарды бир саат мурун Кесарванинин үйүнөн асынып алган жеринен табылган Аншунун аялы Аншиканын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары баштап келишкен.

Шивани менен полиция Аншиканы өз жанын өзү кыйды деп айтышат, бирок анын үй-бүлөсү жана кошуналары аны сеп үчүн өлтүрүлдү деп ырасташат.

Кесарванилердин жыгач менен соода-сатык кылган үй-бүлөлүк бизнеси бар эле жана алар баары чогуу турушчу. Биринчи кабат менен жер төлөдө дүкөн жана кампа жайгашып, үстүңкү кабатты өздөрү ээлешчү. Ар бир кабатта бирден уктоочу бөлмө - Аншу бир жыл мурун үйлөнгөндөн бери жогорку кабатта, ата-энеси биринчи кабатта, эжеси Шивани болсо экинчи кабатта жашачу.

Шивани Би-Би-Сиге: "Аншика адатта кечки тамакка кечки саат сегиздерде келчү, бирок ошол күнү кечигип жатканынан, биз аны уктап калган окшойт деп ойлодук",- деди.

Саат 22:00дө иниси дүкөндөн келип, аялын чакырганы кеткенин айтты.

"Анын тыкылдатканы жана чакырганы жоопсуз калганда, эшиктин үстүндөгү терезени сындырып кириптир. Анан Аншиканын жансыз денесин көрөт. Ал кыйкырганда,, баарыбыз чуркап жөнөдүк."

Аншу менен анын агасы келиндин каза болгондугун полицияга кабарлап, бул суук кабарды Аншиканын ата-энесине да угузушат.

Полициянын айтымында, бир саатка жетпеген убакыттан кийин Аншиканын үй-бүлөсү топтошуп келип, бир нече мүнөттүн ичинде үй-бүлөлөрдүн ортосунда чыр-чатак дүрт эткен.

Shivani Kesarwani

Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шивани Кесарвани келиндин үй-бүлөсүн анын үйүн өрттөдү деп айыптап, полицияга арыз менен кайрылды.

Шивани уюк телефонунан бизге эркектердин кыйкырышып, бири-бирин таяк менен уруп жаткан видеолорун көрсөттү. Полиция кызматкери ортодо туруп, тартипти орнотууга аракет кылып, бирок кырдаалга ээ боло албады.

Аншиканын сөөгү үйдөн чыгарылгандан кийин полиция анын жакындары үйгө өрт коюшканын айтты.

Биринчи кабатта жана жер төлөдө сакталган жыгач бат эле жалындап күйүп, Шивани, анын ата-энеси менен таежеси өрттүн туткунунда калган.

Шивани таежеси экөө экинчи кабаттын терезесин сындырып чыгып, жанаша жайгашкан агасынын үйү тарапка сойлоп кетип аман калышты. Ата-энеси болсо, өрттөн качып кутула албады.

Өрттү өчүрүүгө үч сааттан ашык убакыт кетип, өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат үчтөр чамасында үйгө киргенде улгайган жубайлардын күйүп кеткен денелерин табышкан.

"Апамды тепкичте отурган жеринен табышты. Аны мүшөккө салып өлүкканага алып барышты", - дейт Шивани көзүнүн жашын сүртүп.

Шиванинин полицияга жазган арызында Аншиканын үй-бүлөсүнүн 12 мүчөсүнүн жана "60-70 белгисиз адамдын" аты аталган.

Полиция кызматкеринин Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, андан бери жети адам, анын ичинде Аншиканын атасы, агасы жана алардын уулдары камакка алынды.

Алардын айтымында, Аншиканын атасы "Аншу, анын ата-энеси жана эже-карындаштары" кызын сеп үчүн куугунтуктап өлтүрдү деп айыптап, каршы арыз берди.

Шивани анын үй-бүлөсүнө коюлган айыптарды четке кагууда, бирок ал тойдо алар Аншиканын үй-бүлөсүнөн белек, анын ичинде машине алганын мойнуна алат. "Кызына каалаганын беришти. Биз эч нерсе сураган жокпуз" дейт.

Shivani shows a photograph of her parents Rajendra Kumar and Shobha Devi on her mobile phone

Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шивани өрттөн каза болгон ата-энеси Раджендра Кумар менен Шобха Девинин сүрөтүн көрсөтүүдө.

Аншу аялы каза болгон түндөн бери үйүнө кайтып келген жок. "Ал жашынып жүрөт, анткени Аншиканын туугандарынын көбү камактан чыгып кеткендиктен, ал өз өмүрүнөн коркуп жатат", - деп кошумчалады ал.

Индияда 1961-жылдан бери сеп берүү да, алуу да мыйзамсыз деп табылган, бирок акыркы изилдөөгө ылайык, индиялык жаңы баш кошкондордун 90% дагы деле ушул салтты карманат.

Полиция жыл сайын аялдарга зомбулук боюнча миңдеген даттанууларды алат. Кылмыш тууралуу маалыматтарга караганда, Индияда 2017-2022-жылдар аралыгында септи аз бергени үчүн 35 493 келиндин өмүрү кыйылган.

Бирок сеп чыры өлүмгө алып келген окуяларда буга чейин мындай коркунучтуу өч алуу эч качан болгон эмес.

Азыр агасынын үй-бүлөсү менен кошуна жашаган Шивани бизди жакында эле анын үйү болгон жерди көрсөтүүгө алып барды. Ошондогу каргашалуу түндүн үнсүз күбөлөрү бардык жерде чачылып жатат. Дубалдары өрттөн көө болуп карарып, полун калың күл басып, металл казан-аяктар жана эмеректердин күйгөндөн кийинки калдыктары ар жерде сороёт.

"Мен адилеттикти каалайм. Жашоом талкаланды, үйүм жана үй-бүлөм жок болду. Мен көз каранды эмес жана адилет иликтөөнү каалайм, күнөөлүүлөр баары жазасын алсын" дейт Шивани. "Эмне үчүн алар үйдү өрттөштү? Кантип биз буга ынанымдуу далил табабыз?"

Ал полицияга да нааразы. "Үйүбүздүн жанында кеминде жыйырмадай полиция бар болчу, бирок ата-энемди сактап калуу үчүн эч кимиси кирген жок. Алар жөн гана карап турушту", - дейт ал.

The Kesarwani house and shop

Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кесарванинин өрттөнгөн үйү жана дүкөнү

Полиция бул айыпка катуу каршы чыгууда. "Бул сезимтал маселе болчу жана ачууга алдырышты. Биз маркумдун сөөгүн окуя болгон жерден алып чыгып, ооруканага алып барып, экспертизага берели деп жүрдүк. Биздин максат элди азайтып, курч кырдаалды басаңдатуу болчу", - деди Би-Би-Сиге полициянын атын атагысы келбеген улук офицери.

"Үй өрттөлөт деп эч ким күткөн эмес. Бул таптакыр күтүүсүз болду", - деди ал. "Биз дароо өрт өчүрүү кызматын чакырдык. Ошондой эле беш адамды куткарууга жардам бердик".

Кош трагедия Аншиканын үй-бүлөсүн да кайгыга салды. Окуянын жагдайын угуу үчүн биз Аншика бир жыл мурун үйлөнүү тоюна чейин жашаган анын ата-энесинин үйүнө барып эч кимди таппадык. Кире беришиндеги дарбазада чоң темир кулпу илинип турат.

Аншиканын үйүнөн болгону эки чакырым алыстыкта таякеси жашайт. Кармалгандардын арасында ал дагы жана анын уулдары бар. Үй-бүлө азырынча журналистер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Эшикти тыкылдатканыбызда Аншиканын токсон жаштагы чоң атасы Джавахар Лал Кесарвани баш бакты. Неберелеринин бири желим отургучту алып чыкты эле, ал ошого оор дем алып көчүк басты.

"Эмне дейин? Менин үй-бүлөмдүн баары: уулдарым, неберелерим түрмөдө", - дейт ал бир нече мүнөттөн кийин.

«Алар Аншиканы өлтүрүп, өзүн-өзү өлтүргөн сыяктуу кылып асып салышкан».

Кесарванинин айтымында, Аншиканын үйлөнүү үлпөтү эң сонун өткөн. "Биз 5 миллион рупий (60 000 доллар) сарптадык. Биз ага үйгө керектүү нерселердин баарын жана 1,6 миллион рупий турган автомобиль бердик."

Сөзүн улантып: "Аншика биздикине акыркы жолу февраль айында келгенде ага кысым болуп жатканын айтты. Биз ага отура бер, көнүп кетишет, абал жакшырат дедик", - дейт ал үнү каргылданып.

Кесарванилер жашаган жеринде кадыр-барктуу үй-бүлө, момун, боорукер жана жардамга даяр адамдар катары сүрөттөлөт, ошондуктан кош трагедиянын чоо-жайы алардын кошуналарын таң калтырды.

Shivani Kesarwani shows us her home

Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ошондогу каргашалуу түндүн үнсүз күбөлөрү бардык жерде чачылып жатат.

Кесарванилер жашаган жеринде кадыр-барктуу үй-бүлө, момун, боорукер жана жардамга даяр адамдар катары сүрөттөлөт, ошондуктан кош трагедиянын чоо-жайы алардын кошуналарын таң калтырды.

"Алар абдан жакшы адамдар. Бул кантип болуп жатканын элестете да албайбыз. Алар мушташка аралашчу адамдар эмес", - дейт бир көчөдө бир нече эшик ары жакта жашаган киши.

"Ким өрттөгөнүн билбейбиз, бирок ким болбосун өз кызынын сөөгүн көргөндө, акыл-эсин жоготуп коёт".

Коңшу жашаган дагы бир аял Аншиканы "абдан оор басырыктуу... сүйкүмдүү кыз" деп айтып, анын үй-бүлөсүн "өтө жөнөкөй... алар айыпталып жаткан коркунучтуу кылмышка барбайт эле" деп мүнөздөйт.

"Өкүнүчтүүсү, кайын журту өрттөн каза болду".

"Бирок мени чындап кейиткен нерсе, азыр эч ким Аншиканын эмне болгонун айтпай жатат. Ал кантип каза болду?" (МА)

Сүрөттөр Анкит Сринивастыкы