Нарендра Моди: Индиянын премьер-министринин карама-каршылыктуу саясаты

Prime Minister Narendra Modi dominates India's political landscape - illustration of Modi doing various things, February 2024, New Delhi
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Нарендра Моди Индиянын саясий ландшафтында лидер бойдон калууда
    • Author, Зубаир Ахмед
    • Role, BBC India

Быйыл 60тан ашык өлкөдө шайлоо өтүп жатат - шайлоочулар Бангладеште, Тайванда жана Пакистанда өз добушун беришти, ал эми Улуу Британия жана АКШ жылдын аягындагы шайлоолорго камданып жатат. Бирок жазында өтүүчү Индиянын улуттук шайлоосу булардын ичинен эң ири демократиялык иш-чара болуп калмакчы, таң калыштуусу ал жакта бир миллиард адам добуш берүүгө укуктуу.

10 жылга жакын бийликте тургандан кийин премьер-министр Нарендра Моди Индиянын саясий ландшафтында үстөмдүк кылууда. Ал бардык жерде - мамлекеттик сайттарда, радиодо, телевидениеде, көрнөк-жарнактарда, атүгүл темир жол вокзалдарындагы фотокиоскаларда да - башка саясатчыларга өп-чап орун калтырууда.

73 жаштагы саясатчы башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын (BJP) жылдызы жана алардын эң чоң шайлоо активи болуп саналат. Ал YouTube, Facebook, Instagram жана X, (мурда Twitter'де) эң көп жазылуучу дүйнө лидерлеринин бири. Анын 1,4 миллиард калкы бар өлкөдө социалдык тармактарда багыттоочу катары кеңири катышуусу атаандаштарынын көрө албастыгын жаратууда.

Индияда парламенттик башкаруу формасы болгону менен, Модинин жекелештирилген үгүт жүргүзүү стили АКШнын президенттик өнөктүгүнүн шаан-шөкөтүнө жана ызы-чуусуна окшоп кетет. Анын индус улутчулдугунун полярлуу мүнөзүнө карабастан, BJP 2014 жана 2019-жылдагы шайлоолордо чоң жеңиштерге жетти, ал үчүнчү жолу да жеңишке жетет деп күтүлүүдө.

Модинин саясий карьерасы: "Баарлашуу чебери"

A police officer rides an electric scooter past a poster of Indian Prime Minister Narendra Modi in Ahmedabad, January 2024

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарендра Модинин сүрөтү тартылган плакаттар Индияда кадыресе көрүнүш

Модинин жактоочулары аны мыкты коммуникатор жана кызыктуу оратор катары көрүшөт. Ал кепти байланыштын кубаттуу куралы катары пайдаланып, масса менен байланыштын ынанымдуу жолуна ээ.

Саясий оппоненттери да анын чеберчилигин моюнга алышат. Оппозициялык Конгресс партиясынын лидери Шаши Тхарур "биз баардыгыбыз чебер коммуникаторду көрүп жатканыбызга эч кандай шек жок" жана премьер-министр "сөз сүйлөөдө абдан эффективдүү", "чакырыктарды, үн фрагменттерин, фотооперацияларды болуп көрбөгөндөй ойлоп табат" деп мойнуна алып, партия мүчөлөрүнүн каарына калды.

Ошентсе да, бренд куруу боюнча адис Сантош Десаинин айтымында, Модинин чеберчилигинин маанилүү бөлүгү - анын өз позициясын билдирүү жана өзүн жарнамалоо үчүн кайсы чоң окуяларды колдонууну билүү жөндөмү.

Prime Minister Modi greeting US President Joe Biden at the G20 summit in Delhi 2023

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Ноди АКШ президенти Байден менен Делиде өткөн жылы Чоң жыйырмалыктын жыйынында учурашууда

Ал былтыр сентябрда Делиде өткөн G20 саммитин мисал келтирет. "Мүчө өлкө ротация жолу менен саммитти кабыл алат. Аны кабыл алуу эч кандай жетишкендик эмес. Индияга чейин Индонезия үй ээси болгон, кийинки жолу Бразилиянын кезеги келет" - дейт ал.

Бирок анын айтымында, Моди өкмөтү G20ны премьер-министрдин жеке ийгилиги катары эсептеген, бирок өлкөнүн лидери ким болгонуна карабастан, Индия аны өткөрмөк.

"Моди аны мега-окуяга айландырды. Көп жагынан ал окуя эмне жөнүндө жана аны кантип колдонуу керек экенин түшүнөт."

Байкоочулар Модинин баарлашуу жөндөмү чечендиктин чегине сыйбай турганын белгилешет. Анын эмоцияны жеткирүү жөндөмү, эл алдында көз жашын агызуусу, анын гипер-эркектик образын бузбастан, жактоочуларынын көз алдында аны адамгерчиликтүү кылып көрсөтөт.

Indian Prime Minister Narendra Modi addresses a BJP rally dressed in traditional Khasi tribe attire and Garo tribe headgear, Shillong, December 2017

Сүрөттүн булагы, BIJU BORO/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарендра Моди BJP митингисинде салттуу кийим менен чыгып сүйлөп жатат. Шиллонг, декабрь 2017-жыл.

Андан тышкары, анын кийим тандоосу, заманбап ансамблдерден тартып, салттуу индиялык кийимдерге, анын ичинде аймактык кийимдер жана шафран халаттарына чейин, коомдун түрдүү катмарларына резонанс жараткан визуалдык сигнал катары кызмат кылат.

Мунун эч бири кокустук эмес, дейт Гуджаратта Модинин узак саясий сапарын чагылдырган кабарчы Даршан Десай. Ал Модинин стратегиялык кыраакылыгын жана кылдат пландаштыруусун баса белгилейт: "Нарендра Моди алыскы келечекти ойлонот" дейт. "Мен билем, ал өлкөнүн премьер-министри болуу сценарийин эчак эле жазып койсо керек"

Нарендра Модинин талаштуу жүрүштөрү

Former Indian Prime Minister AB Vajpayee wanted to sack Narendra Modi's government following the Gujarat violence in 2002

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын мурдагы премьер-министри А. Баджпаи (ортодо ак көйнөкчөн) 2002-жылы Гуджараттагы тополоң окуялардан кийин Нарендра Модини (оңдо) кызматтан алмакчы болгон.

Пландаштыруу жана коммуникация көндүмдөрү Модиге башкалардын жолун тосуп, токтото алган талаш-тартыштарды жеңип өтүүгө жардам берди.

Эң маанилүү окуялардын бири, 2002-жылы ал штаттын башкы министри болуп турганда Гуджараттагы зомбулук болгон.

Годреде индус зыяратчыларды ташыган поезд өрттөлгөндөн кийин, Гуджаратта мусулмандарга каршы зомбулук күчөп, анын натыйжасында, айрыкча мусулман коомчулугунда көп адам курман болгон.

Сынчылар Модинин штаттагы өкмөтүн зордук-зомбулукту баса албай жатат деп айыпташты. Моди бардык мыйзам бузууларды четке кагып, кырдаалды жөнгө салууну жактап жатканы менен, бул окуя анын аброюна шек келтирип, улуттук жана эл аралык катуу текшерүүлөргө алып келди. Кийинчерээк Индиянын Жогорку соту аны актады.

Модинин сынчылары анын көп учурда бөлүп-жаруучу саясаты жана риторикасы Индиядагы индустардын басымдуу бөлүгүнө жана индус улутчул топторунун колдоосун бекемдөөгө багытталып, индустарды жактаган күн тартибин чагылдырат деп айтышат.

Анын көптөгөн жолдоочулары индус баалуулуктарына берилгендигине терең сүйүүсүн жана суктануусун көрсөтүү үчүн "индус хридай самрат" же "индус жүрөктөрүнүн императору" деп аташат.

Модинин каржы министрине турмушка чыккан жазуучу Паракала Прабхакардын айтымында, Моди BJPди секуляризмден алыстатты. «Жаңы Индиянын кыйшык жыгачы» аттуу китебинде ал мындай деп жазат: «Индустардын мажоритардык идеологиясы бөлүнгөндөн кийинки жылдарга караганда бүгүнкү күндө алда канча колдоого алынганы таң калыштуу".

"Учурдагы түзүм өзүнүн саясий легитимдүүлүгүн жана күчүн иш-аракеттерден эмес, индус эместерди индус иденттүүлүгүнөн ажыратуу процессин ырастоодон тапты."

Бирок Моди дагы бир жолу өзүн 1,4 миллиард индиялыктардын лидери экенин элдин эсине салды.

2016-жылдагы премьер-министрлик кызматтагы биринчи мөөнөтүндө ал капысынан жогорку номиналдагы банкноттор жараксыз деп жарыялап, өзүнүн талаштуу кадамын жасаган. Максаты коррупция, кара базар жана жасалма акча менен күрөшүү болгон.

Бирок бул кадам банктардагы узун кезектер жана накталай акчанын жетишсиздиги менен кеңири тараган башаламандыкка алып келди, бул бизнести жана формалдуу эмес экономиканы каптады. Сынчылар ал өз максаттарына жете алган жок жана карапайым жарандарга, өзгөчө айыл жеринде жана акчага көз каранды болгондорго олуттуу кыйынчылыктарды жаратты деп ырасташкан.

Моди Индиянын имиджин кантип өзгөрттү?

A Madame Tussauds artist puts the finishing touches on a wax figure of Narendra Modi as it joins figures of other world leaders in London, 2016.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарендра Модинин мом фигурасы Лондондогу мадам Тюссонун коллекциясына кошулду

Моди Овал кеңсесинде эски достордой кучактап тосуп алуудан, кол алышуудан, өзгөчө Конгресстин биргелешкен сессиясында сүйлөгөн сөзүнө карата кол чабуулардан төбөсү көккө жетти.

Анын жактоочулары муну дүйнөлүк иштерге таасир эте алган көрүнүктүү дүйнөлүк лидердин пайда болушу катары көрүштү. Индиянын медиасы күнү-түнү дебей Модинин шаан-шөкөттүү сапарынын бир да учурун калтырбай чагылдырып жатты.

АКШдагы кабыл алуу ал үчүн жеке триумф сыяктуу сезилди жана ал муну азыр Батышта кеңири кадыр-баркка ээ экенин билдирүү үчүн колдонгон.

Narendra Modi waves before addressing a joint meeting of Congress at the US Capitol in Washington DC, on June 22, 2023

Сүрөттүн булагы, OLIVIER DOULIERY/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарендра Моди АКШда Капитолийде Конгресстин алдында сүйлөп жатат, 2023-жыл, 22-июнь

Бирок Лондондогу Кингс колледжинин Индия институтунун Түштүк Азия боюнча окумуштуусу, профессор Кристоф Джаффрелот "Модинин Индиясы - индус улутчулдугу жана этникалык демократиянын көтөрүлүшү" китебинин автору, бул анчалык деле оңой маселе эмес дейт.

«Нарендра Моди июль айында Францияга келгенде бир добуштан колдоо тапкан эмес», - дейт ал.

"Учурда Европарламент Манипурдагы (өлүмгө алып келген этникалык кагылыштарды башынан өткөргөн Индия штаты) зордук-зомбулук боюнча резолюция кабыл алган. Бул Индиянын жана Индия өкмөтүнүн Манипурдагы жана башка жерлердеги саясатын айыптаган абдан катуу айтылган резолюция болчу.

"Аны колдоо жеке адамды колдоо эмес. Батыш Кытайды тең салмактай турган өлкөнү издеп жатат", - деп кошумчалайт ал.

Моди бренди

Supporters of PM Modi during state assembly elections on 3 December, 2023
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Модинин жактоочулары жакында болгон парламенттик шайлоо учурунда

Бирок мекениндеги, Индиядагы, колдоо жеке мүнөзгө ээ. Көптөр Моди ушунчалык мега-брендге айлангандыктан, ал партиясынан да өйдө турат деп эсептешет.

"Эгер сиз Модини сахнадан алып салсаңыз, BJP жок болот" дейт журналист Даршан Десаи. "BJPнын саясаты - анын саясаты. Өзүнүн партияга муктаждыгына караганда, BJP га ал көбүрөөк керек."

Бренд боюнча эксперт Сантош Десайдын айтымында, Моди өзүн башкалардан жогору турган чоңураак фигура катары көрсөтөт.

"Кабинеттин жыйындарында отурганда да өзүнчө отурат. Ал лидер, калгандары ээрчигендер экени ачык көрүнүп турат", — деп түшүндүрөт ал.

"Мен лидермин, мен сенден башкамын, сенден көбүрөөк түшүнөм" деген аура бар.

Моди бул имиджин долбоорлоо жана өзүнүн брендин өзүнүн жолдоочуларыysy армиясына жайылтуу үчүн социалдык медианы кантип колдонгонун АКШдагы Мичиган университетинин профессору Джойожет Пал терең изилдеген.

Профессор Пал 2009-2015-жылдар аралыгында Модинин 6000 твиттерин талдап чыккан.

"Модинин бренд куруу иши аны баарын жасай ала турган адам катары долбоорлоодо. Ал Манн Ки Баат (элге ай сайынкы радио кайрылуусу) жөнүндө сүйлөй алат, йога менен алектене алат, саясий баяндамаларды жасай алат, экзамен тапшыруучу студенттер үчүн мугалим катары иштей алат. Анын акыл-эси баарына жетишет. Демек, эгер бүгүн өлкө алга жылып, өнүгүп жатса, анда ага эч ким салым кошкон эмес, бул Модинин гана салымы».

Narendra Modi, when he was Gujarat state chief minister, enlisted Bollywood star Amitabh Bachchan to promote himself and his state

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Моди штатты башкарып турганда, кино жылдызы Амитабх Баччанды өзүнүн саясатында жакшы пайдаланды

Моди жана маалымат каражаттары

Моди Гуджаратта башкы министр болуп иштеген күндөрүнөн бери бир нече жолу бетме-бет келген сындын бири - анын маалымат каражаттарына жасаган мамилеси жана ал журналисттердин суроолоруна жооп берүү үчүн маалымат жыйындарын сейрек өткөрүшү болуп саналат.

"Гужаратта мурда бир нече пресс-конференциялар болчу, балким, жылына бир же эки жолу", - деп түшүндүрөт кабарчы Даршан Десаи. «Ал ЖМКны колдончу, туура эмес да колдончу, керек болсо кыянаттык менен ашыкча да колдончу.

"Бүгүнкү күндө да ал ЖМКны мыкты башкарат. Мен муну эч кандай терс мааниде айтып жаткан жокмун. ЖМКлар талапка жооп берет. Алар анын каалаганын жасашат. ЖМКлар маргиналдашып баратат. Биз ушуну сезип жатабыз".

Сынчылардын ырасташынча, Моди бийликте турганда Индияда медиа эркиндиги олуттуу коркунучка кабылды, журналисттер куугунтукталып, атүгүл өз иштерин аткарганы үчүн камакка алынды.

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексинде Индиянын рейтинги акыркы жылдары тынымсыз төмөндөп кетти. «Чек арасыз кабарчылар» уюму 2023-жылдагы баяндамасында өлкө 180 өлкөнүн ичинен 161 орунга ылдыйлаганын билдирди. 2016-жылы 133 орунда болгон.

Жакында Моди өкмөтү социалдык медианы көзөмөлдөө жана фейк жаңылыктарды жок кылуу үчүн фактыларды текшерүү бөлүмүн сунуштады, бирок көптөгөн журналисттер бул цензуранын чөйрөсүн кеңейтет деп кооптонушат.

ЖМКларды куугунтуктоо боюнча айыптоолор жаңы эмес - BJPден башка саясий партиялар башкарган штаттарда сындар болгон жана буга чейин да, өзгөчө мурдагы премьер-министр Индира Ганди тушунда да ушундай тынчсыздануулар болгон.

Модиге ким каршы чыга алат?

Rahul Gandhi, a senior leader of the opposition Congress party, embarked on a 6,700km-long march across the country in January 2024

Сүрөттүн булагы, Indian National Congress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оппозициялык партиянын лидери Рахул Ганди 6700 км жүрүшкө аттанды

Модинин каршылаштарында азырынча ырк жана ынтымак жок. Бирок өткөн жылдын июль айында 26 оппозициялык партия, анын ичинде Конгресс партиясы жана бир катар аймактык партиялар "жамааттык чакырык" үчүн альянсын түзүшкөн.

Алар башкаруучу BJPтин "гипер-улутчулдукка" көз карандылыгына каршы туруу максатында өздөрүн Индиянын Улуттук өнүгүүнү камтыган альянстын аббревиатурасы катары ИНДИЯ деп аташкан. Бирок азыртан эле бул топтун фракция-фракция болуп бөлүнөрүнүн ачык белгилери байкалууда.

Саясий технолог Прашант Кишор "Моди жеңилгис эмес" деп эсептейт, бирок оппозициялык партиялар арасындагы ынтымактын жана стратегиянын жоктугу аны күчтүү көрсөтөт деп эсептейт.

Кишордун пикиринде Модинин жеңилбестиги төрт факторго таянат:

"Индутва идеологиясына негизделген идеология жана индуизмдин атынан аны колдогон индус добушу.

«Эмне деп атасаңыз да, бул нео-национализм же гипер-улутчулдук".

«Түздөн-түз бенефициарларга (өкмөттүн жыргалчылыгынан көз каранды болгон жакырларга) жардам берүү жобосу, ажаткана болобу, фермерлерге же турак-жай схемасына жардам берет.

"Анын электоралдык жана каржылык кубаты.".

Анын айтымында, "эгер сиз Моди менен BJPди жеңүүнү кааласаңыз, бул күчтүү жактардын экөөнө же үчөөнө каршы туруңуз".

Модинин үй-бүлөсү

Narendra Modi with his mother, Heerben, near Ahmedabad in 2014

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарендра Моди апасы менен, 2014-жыл

Үй-бүлөлүк байланыштар көбүнчө саясатта жана башка тармактарда ийгиликке жол салган өлкөдө, Модинин өзүн өзү жаратканы шайлоочуларга абдан жакшы таасир этет. Алар аны менен жакын мамиледе болушат, анткени ал карапайым үй-бүлөдөн чыккан жана Делинин элиталык саясий чөйрөсүнө сырттан келген адам катары сыпатталат.

Моди бала кезинде Ваднагар темир жол станциясында атасына чай сатууга жардам бергени тууралуу көп айтып калат. Ал учурда өзүндөй таанымал эмес төрт бир туугандын арасында чоңойгон жана Гуджаратта өзүнчө жашаган Джашодабен Модиге 18 жашында эле үйлөнгөн. Ал саясатка аралашканда бул маалыматты ачыкка чыгаруу талап кылынгандыктан, үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматты кийинчерээк берген.

Кыскача айтканда, Нарендра Моди ар кандай адамдарга ар кандай нерселерди билдирет. Кээ бирөөлөр үчүн ал Индиянын эң күчтүү адамы жана анын көптөгөн жактоочулары Индия анын жетекчилигинин аркасында дүйнөлүк сахнага чыкты деп эсептешет.

Анын сынчылары аны авторитардык деп эсептейт жана ал индиялык демократиянын артка тартып, башкача ойлордун үнүн басуу жана басма сөз эркиндигин катуу чектейт дешет. Аны каралоочулар үчүн анын индутва идеологиясына жана гипер-улутчулдукка басым жасоосу Индиянын көптүгүнө жана секулярдык демократиялык баалуулуктарыны карама-каршы келет.

Ал эми нейтралдуу адамдар андан өзүн технократ катары көрсөткөн жана бизнеске жана өнүгүүгө ыңгайлуу башкаруу стилин колдонгон адамды көрүшөт. (МА)