Саясий басым, согуш коркунучу, НАТО жана кыйноолор жөнүндө. Путиндин пресс-конференциясы 100 жана 500 сөз менен

Путиндин пресс-конференциясы

Орус президенти Владимир Путиндин жылдык маалымат жыйыны салт боюнча төрт саатка созулду. Би-Би-Си беш негизги теманы тандап алды - саясий активисттер менен журналисттерди куугунтуктоо, Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучу, НАТОнун кулач жайышы, колониялардагы кыйноолор жана коронавирустук пандемия.

Би-Би-Си Путиндин 17-жолку чоң пресс-конференциясында айткандарын 100 жана 500 сөз менен кыскача айтып берет.

100 сөз менен

Путин иш-чараны салттуу түрдө орус экономикасынан баштады. Анын айтымында, орус экономикасы пандемиядан өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларына караганда жакшыраак чыкты. “Азыраак жыгылып, тезирээк чыктык”. Кийинчерээк ал антиваксерлер (эмдөөгө каршылар) тууралуу суроого жооп берди. Аларды айыптап (“улуттун саламаттыгы үчүн упай алышат”), бирок аларды катуу жазалоо сунушуна макул болгон жок (бул пайдасыз).

Путин "чет элдик агенттерге", анын ичинде жүздөгөн журналисттерге жана маалымат каражаттарына карата жазаны катаал деп эсептебейт. Бул Путиндин кыжырын кайнаткан Би-Би-Синин суроосуна берген жообунан айкын болду. Колониялардагы кыйноо? Жаман, эл менен андай кылбаш керек, алар Россиянын жарандары. Бирок башка өлкөлөрдө деле кыйноолор бар.

Россиянын Украинага басып кириши боюнча кооптонууга келсек, Путин 1990-жылдары чыгышка кулач жайбайбыз деп убада бергенде, НАТО Орусияны алдап кеткенин дагы бир жолу айтты. Эч кандай кепилдик берген жок.

500 сөз менен

Саясий басым

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы Петр Козлов Орусияда бийлик «чет элдик агенттердин», ошондой эле жагымсыз жана экстремисттик уюмдардын реестрин тездик менен толуктай баштаганынын айынан акыркы бир жылда эмне болгонун сурады. Алексей Навальный болсо абакта.

Путин кайрадан “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамды америкалык мыйзам менен салыштырып, орус мыйзамын либералдуу деп атады. Анын айтымында, АКШда бул үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. "Беш жыл! Бизде андай эч нерсе жок. Биз бул уюмдардын ишине тыюу салбайбыз", - деди Путин. Ал орус мыйзамдарында да "беш жыл" – каралганын эстеген жок.

Путиндин айтымында, Орусияда “чет элдик агенттер” аз, катталган 200 миң бейөкмөт уюмдун 74ү гана. Негизи “чет элдик агенттердин” тизмесинде 76 уюм бар, бирок бул жалгыз реестр эмес. Быйыл жаңы катталбаган бирикмелер пайда болду, ал эми «чет элдик агенттердин» ЖМКлардын реестри бир жыл ичинде сегиз эседен ашык өстү (2020-жылдын 23-декабрында 12 сап болсо, азыр - 103).

Ага мындай саясат жана бийликти бир колго топтоо келечекте согуштарга жана революцияларга негиз болуп бере тургандай сезилбейби деген суроонун экинчи бөлүгүнө жооп берип жатып, Путин Орусияда бийликти бөлүштүрүү бар экенин айтты. "Коомду жана мамлекетти уюштурууну тандоону орус эли чечет. Бүгүн сиз кимге кызмат кылып жаткандар эмес", - деди Путин Би-Би-Сиге.

Путин Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы Петр Козловдун суроолоруна жооп берип жатат

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы Петр Козловдун суроолоруна жооп берип жатат

Басып алуу коркунучу

Батыш маалымат каражаттары Украинага басып кирүү коркунучу тууралуу жарыялагандан кийин НТВ телеканалынын алып баруучусу Ирада Зейналова Орусия кандайдыр бир согуштун ыктымалдуулугу бар деп эсептейби деген суроо узатты. Путин 2014-жылы Украинада төңкөрүш болгонун дагы бир жолу кайталап айтты, ошондуктан Москва Донбасста окуяларды жөн гана байкап отура алган жок. Ал эми Киев Донбассты эки жолу “күч менен” кайтарып алууга аракет кылган болчу.

«Эми бизге: согуш, согуш, согуш эле деп жатышат. Мүмкүн үчүнчү аскердик операция даярдалып жаткандай таасир калтырат жана бизге алдын ала эскертип жатышкандыр: кийлигишпегиле, бул адамдарды коргобогула, кийлигишсеңер же коргосоңор мындай жаңы санкциялар андан кийин боло берет", - деди Путин.

Ал "анти-Орусия" деген макаласын эске салды, ага ылайык, Украина Владимир Ленин тарабынан түзүлгөн жасалма мамлекет, аны Батыш азыр трамплин катары колдонууга аракет кылып жатат. Мындан улам Москвада НАТО мындан ары чыгышты көздөй жылбайт деген “суроо коюлду”.

НАТОнун кеңейиши

НАТОнун кеңейүү темасын британиялык Sky News телеканалынын журналисти көтөрдү. Ал Путин Украинага кол салбайм деп кепилдик бере алабы же бул сүйлөшүүлөргө жараша болобу деп сурады.

Путин НАТО Орусияны алдап койду деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин НАТО Орусияны алдап койду деп эсептейт

"Биздин аракеттер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнөн эмес, Орусиянын коопсуздугун эч кандай шартсыз камсыз кылуусунан көз каранды", - деп жооп берди Путин ага.

Ал дагы бир жолу 1990-жылдары НАТО Орусияга «чыгышка бир дюйм да [кеңейтүү] болбойт» деп убада кылганын айтты. "Анан? Алар жөн эле алдап коюшту", - деп жыйынтыктады ал. Натыйжада, анын айтымында, аскердик базалар жана сокку уруучу курал системалары Орусияга жакындап калды.

"А сиз менден кандайдыр бир кепилдиктерди талап кылып жатасыз... Сиз бизге кепилдик беришиңиз керек. Сиз! Жана дароо!" – деп талап кылды Путин Sky News журналистинен. Ал эми Орусия эч кимди коркутпай турганын, бирок Батыш аны бөлүктөргө бөлүүнү каалап жатканын кошумчалады.

Түрмөдөгү кыйноолор

Теле алып баруучу Ксения Собчак түрмөдөгү кыйноолор, тагыраагы, укук коргоочулар азыркы тарыхтагы эң ири кыйноо операциясы деп атаган Иркутск окуялары тууралуу суроо узатты.

Путин дароо эле “бул Россиянын гана көйгөйү эмес”, башка өлкөлөрдө деле мындай “көйгөйлөр аз эмес” деди. Бирок абактагыларга “адамча” мамиле кылуу керектигин айтты. Собчак Gulagu.net архивин эске салганына карабай, Путин быйыл негизги темалардын бирине айланган Саратовдо жайгашкан абактагылардын кургак учук ооруканасындагы кыйноолор боюнча комментарий берген жок.

"Эч бир агенттик эч кимди системалуу түрдө [Батыш түрмөлөрүндө] кыйнабайт, зордуктабайт жана видеорегистраторго жаздырбайт!" - деп Gulagu.netтин жетекчиси Владимир Осечкин Путин менен макул эмес экендигин Би-Би-Си менен болгон маегинде билдирди.

Түрмөдөгү кыйноолор

Антиваксерлер жана экономикалык өсүш

“Комсомольская правда” гезитинин кабарчысы Александр Гамов коронавируска каршы эмдөөгө каршы чыккандарга жазаны катаалдаштыруу керекпи деп сурады. Путин муну пайдасыз деп эсептейт.

“Мисалы Германияда күчөтүп жатышат, бирок эмдөөнүн деңгээли төмөн, кереги барбы?” — деди ал жана “бул чаралардын зарылдыгын чыдамкайлык менен түшүндүрүүнү” улантууну сунуш кылды. Ошол эле маалда ал антиваксерлерди «куйругуңарды бурбагыла», «улуттун саламаттыгы үчүн упай топтобогула» деп сындады (ошол эле учурда Германияда калктын 70% жакыны эмдөөдөн өткөн, Россияда 50% жакын).

Путин пресс-конференцияны пандемия жана анын экономикага келтирген зыянына баа берүү менен баштады. Ошондой эле ал орус экономикасы "мындай соккуларга көбүрөөк даяр" болгонун айтты: ИДӨ 4,5% га өсөрү күтүлүүдө, ал тургай орточо айлык эмгек акы да өсө баштады. “Азыраак жыгылып, тезирээк чыктык”, — деп жыйынтыктады Путин. (MD)