“Мыйзамдагы уурулар” түрмө сакчылары тарабынан зордукталгандар кордолбошун талап кылышты

Интернетте Орусиянын колонияларындагы кыйноолорго байланыштуу кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртө алуучу "уурулардын каты" (“воровской прогон”) эсептелген текст пайда болду. Абактарда тараган бул катта, “мыйзамдагы уурулар” РФнын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын (ФСИН) кызматкерлеринин буйругу менен зордукталгандар “опущенный” деп эсептелбесин, башкача айтканда, алар топтон чыгарып салынбасын деген талап коюшту.

“Аларды кордооп, мазактоо – адамдыкка жатпайт.” “Анткени адам баласынын аларга боору оорушу керек”, — деп айтылат текстте.

“Воровской прогон” – бул түрмөдөгү бейрасмий ички мыйзам, аны аткаруу милдеттүү болот.

Бул чыныгы катпы?

"Gulagu.net" долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин Би-Би-Си менен болгон маегинде "прогондун" чын экенине ишенерин билдирди.

Дал ушул “Gulagu.net” Саратовдогу түрмө ооруканасында абактагыларды кыйноого алган видеолорду жарыялаган. Бул жарыялоолор кеңири резонанс жаратып, аларга Кремлден комментарий берилген. 12 кылмыш иши козголуп, анын ичинде абак ооруканасынын жетекчилери, дагы бир нече адам кызматынан бошотулган. Бул чуулгандуу иштен көп өтпөй ЖАФКтын (ФСИН) башчысы Александр Калашников кызматтан кеткен.

“Gulagu.net” Саратовдогу түрмө ооруканасында абактагыларды кыйноого алган видеолорду жарыялаган

Сүрөттүн булагы, GULAGU.NET/YOUTUBE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Gulagu.net” Саратовдогу түрмө ооруканасында абактагыларды кыйноого алган видеолорду жарыялаган

Социалдык түйүндөрдө каттын аныктыгынан күмөн саноолор айтылды, анткени “прогон” деген каттын алдында адатта адамдардын аттары коюлушу керек – бул жерде “уурулардын тобу” кол койгон. Осечкин буга таң калган жок. “Уурулардын тобу" кол койгон “прогондор” эки жарым жылдан бери түрмөлөрдө айланып жүрөт“, - деп түшүндүрөт ал.

Анын айтымында, бул азыр “мыйзамдагы уурулар” өз аты же “уурулук каймана аты” менен кол койсо, РФ Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кылмыштуу чөйрөнү уюштурганы үчүн жазага тартылуу коркунучу бар экенине байланыштуу.

Бул жаңы берене: Орусияда кылмыш иерархиясында эң жогорку орунду ээлегендиги үчүн жоопкерчилик биринчи жолу 2019-жылы киргизилген. Башкача айтканда, “мыйзамдагы ууру” деген статустун өзү үчүн эле сот жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болуп калды.

Бул эмнени өзгөртөт?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Коомдук ишмер күч органдары каттын аныктыгына атайын күмөн жаратып жатышат деп эсептейт. Эгерде абактагылар “прогон” менен макул болуп, кыйноолордун курмандыктарынан жүз буруп кетпесе, анда кыйноо өз маанисин жана күчүн жоготот, деп түшүндүрдү Осечкин.

Абактагылар зордуктоонун өзүнөн эле эмес, бүтүндөй колония аларды "опущенный", "петух" деп эсептеп каларынан коркушат. Ошон үчүн ЖАФКтын кызматкерлери кийин камактагыларды шантаж кылуу кыйноолорду атайлап видеого тартып алышат.

"Бул ушул жааттагы төңкөрүш, бул калыптанган адаттарды кайра карап чыгуу, бул таяк менен же киши зордуктаган кыйноолордун курмандыктарын коргоо. Бул ушул пресс-хаталар аркылуу топтолгон жашыруун архивидердин маанисин жокко чыгарат", - дейт Осечкин.

Бирок атын атагысы келбеген "Русь Сидящая" уюмунун кызматкери документте анчалык деле жаңы нерсе жок экенин белгиледи: “Абактагылар буга чейин эле администрация аларды ушундай кыйноолордун жардамы менен манипуляциялап жатканын түшүнүп, ЖАФКтын кызматкерлеринин сөздөрүнө же жада калса видеого караганда, мындай болгон эмес деп айткан соттолгон адамга ишенишчү”.

“Каттагы негизги жаңылык – союл жана башка нерселер менен зордукталгандардын даражасы такыр төмөндөтүлбөй, катардагы соттолгондордун арасында “массада” калып жатат. Түрмөдө эркектин жыныс органдарын эрин же жамбашка тийгизүү сыяктуу кемсинтүүнү да жасашат. Катта бул практиканын курмандыктары да жеңилдиктерди алган: алар менен бир идиштен тамак жебей койсо болот, бирок “массадан” кууп чыканага болбойт”, - деп белгилейт эксперт.

Бирок дал ушул эркектин жыныстык органы менен зордукталгандар тууралуу катта айтылган эмес. Себеби, абактагылардын түшүнүгүндө аны “эч нерсе жууп кетире албайт” деп ишенет "Русь Сидящая" уюмунун кызматкери. Бул адамдар жолбундар статусундагы бойдон кала берет.

"Прогондо" иш жүзүндө ЖАФКтын кызматында болуп калган, көбүнчө алардын буйругу менен адамдарды кыйнаган камактагылар тууралуу да айтылганы маанилүү. Алар кагаз бетинде "гады" деп айтылып — башкача айтканда, бардык абактагылардын душмандары деп жарыяланды.

"Эгерде аны эркиндикте таанып, жөн эле сабап салса,бул эч нерсе эмес. Менин билишимче “гад” болгондорду союп кетишет”, - деди Би-Би-Сиге "Русь Сидящая" уюмунун кызматкери.

"Мыйзамдагы уурулардын" жашоосу тууралуу чагылдырган "Прайм Крайм" сайтынын башкы редактору Виктория Гефтер, мындай "прогондун" пайда болушун абдан логикалуу деп эсептейт.

Гефтер: "Прогон анонимдүү болгонуна карабастан - уурулар азыр өздөрүн 210.1-беренеден коргоо үчүн прогондордо аттарын жазбай жатышат - уурулар камак жайларында болуп жаткан окуяларга олуттуу эле тынчсызданышат", - деп билдирди Би-Би-Сиге...

"Кылмыш дүйнөсүнөн алыс адамдардын көбүнүн аң-сезиминде бул шерменде иштер уурулардан келип чыккан деген ойдо болушу мүмкүн. Иш жүзүндө ар бир экинчи ууру, жадагалса ар бир жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ууру, өзүнө карата кандайдыр бир зордук-зомбулукка кабылышы мүмкүн. Мындан эч ким корголгон эмес, - деп баса белгиледи ал. - Акыркы кездеги бир катар уурулардын табышмактуу өлүмдөрү, алар зордук-зомбулукка кабылгандан кийин өз өмүрүн кыйганы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн".

Мыйзамдагы уурулар эмне дешет?

Гефтер Орусияда идеологиялык кылмышкерлерге физикалык жана моралдык кысым көрсөтүү, совет доорунан бери колдонулуп келгенин белгилеп жана азыр ал ого бетер күчөдү дейт: "Тарыхый тажрыйбанын топтолушу менен, ууруларга каршы күрөштүн ыкмалары улам татаалдашып келген. Азыркы криминалдык кылмыш иерархиясындагы эң жогорку даражаны ээлегени үчүн жоопкерчилик киргизилген учурда, ал ыкмалар, кыязы, туу чокусуна жеткен болушу керек."

Бул темага өз атынан көңүл бурган кримавторитет дагы бар. Ал Бесо Квинихидзе, дал ушул 210.1 кылмыш иерархиясындагы эң жогорку орунду ээлегендиги тууралуу берене боюнча соттолгон. 2021-жылдын 22-ноябрында акыркы сөздү сүйлөп жатып, ал өз сөзүн башка нерселер менен катар колониянын администрациясы менен кызматташып, анын буйругу менен зордук-зомбулукка даяр турган абактагы "активисттерге" арнаган.

Квинихидзе сотто: "Алар кара күч колдонуп адамдын эркин жана ар-намысын сындырат. Айрымдарды сөздүн түз маанисинде зордукташат. Адамдар аларга өз намысын тебелетпеш үчүн өз жанын кыйышат. Баш кесерлер тарабынан жөн эле өлтүрүлгөн адамдар бар: алар кыйноо учурунда каза болгондор. Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматтын эркине баш ийбегендер ошолорго туш болушат. Бул биз 21-кылымда демократияда жашап жаткан чакта болууда, жакшыларым", - деген.