Кытай түрмөсүнөн качкан кореялыкты 40 күн дегенде кармашты
Кытайдын түрмөсүнөн качып кеткен түндүк кореялыкты полиция кырк күндөн кийин кармады. Аны кармоо үчүн чоң суммадагы акча сайылган эле.

Сүрөттүн булагы, JILIN POLICE
30 жаштагы Чжу Сяньцзянь (анын Түндүк Кореядагы аты белгисиз) КЭДРден 2013-жылы качып кетип, кытай соту тарабынан түрмөгө камалган.
Анын түрмөдөн качып кетиши социалдык тармакта чоң коомдук резонанс жаратты.
Эң оболу, кытай түрмөсүнөн качып кетүү - сейрек боло турган окуя. Beijing News мамлекеттик медиа-агенттиги тараткан байкоо камераларындагы видеодо 19-октябрда камактагы адам түрмөдөгү сарайга чыгып, андан негизги имараттын чатырына чыгып, электр тогу тартылган дубалдан секирип кетип жатканын көрүүгө болот.
Көп адамдар Чжу Сяньцзяндын көп жыл түрмөдө отурганына карабай, физикалык формасы жакшы сакталганына таң калышууда. Видеодо түрмө сакчылары аны кууп жөнөшкөнү менен жетпей калышканы көрүнөт.
Ошондой эле коомчулукту качып кеткен адамдын ким экени көп кызыктырды. Бийлик органдары аны кармоого жардам бере турган маалымат үчүн сыйлык акчаны улам-улам көбөйтүп айтып жатышты. Эң акыркы сумма 109 миң долларга чыкты.
Кытай бийликтеринин айтымында, Сяньцзянь – жөн эле качкын эмес. Соттун материалдарына караганда ал кытай аймагына келгенден кийин жакынкы кыштактан бир нече үйдү тоноп кеткен.
Ошондой эле аны үйдөн көрүп калган карыган аялды бычак менен сайган. Кармалгандан кийин анын жанынан уурдалган мобилдүү телефондор, кийимдер жана акча табылган.
Бардык кылмыштарын кошуп келгенде, Сяньцзянь жалпысынан он бир жылга кесилген, анын ичинен тогуз жылын отурду.
Ал өз мөөнөтүн толук отуруп бүткөндө КЭДРга депортация болмок. Ошондуктан көпчүлүк аны кайра мекенине барбаштын амалын кылып түрмөдөн качты деп ойлошууда. Анткени ал мекенинде Кытайга караганда катаал жазага тартылышы мүмкүн, керек болсо өлүм жазасына өкүм кылынат.
Кытай качкындарды кайра мекенине кайтарып берүүгө тыюу салган конвенцияны кабыл алганына карабай, түндүк кореялыктарды качкын эмес, мыйзамсыз мигрант катары карап, аларды Пхеньянга кайтарып берип келатат.
2014-жылы БУУнун адам укуктары боюнча атайын комиссиясы КЭДРды өзүнүн жарандарынын укуктарын системалуу, туташ жана одоно түрдө бузууларга жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптаган эле. (КС)











