Дүйнөдөгү эң мыкты жасалгаланган түрмө

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Норвегияда кылмышкерди эркинен ажыратууну жетиштүү жаза катары бааланат. Ошондуктан түрмөгө кесилгендерди келечекте коом менен кайра аралаштыруу үчүн абакта мыкты шарт түзүп берүүгө умтулушат.

Натыйжада Норвегияда кайра кылмышка баргандардын саны өтө төмөн. Ошондой эле мамлекеттин түрмөлөрүндө эң мыкты адистери иштейт. Норвегиядагы Халден түрмөсү дүйнөдөгү эң "гумандуу" абак катары таанылган.

Линн Маргарет Адреассен Норвегиядагы Халден абагында күзөтчү катары кызмат кылат.

"Бизде темир торлор эмес, терезелер бар. Өзүңдү жаныбар эмес, адам катары сезесиң. Бул өтө манилүү", -деди Линн Маргарет Андреассен.

Норвегияда абакка кесилгендерди кадыресе турмушун улантууга үндөшөт. Тамак-аш даярдоо, окуу, иш кылуу жана күзөтчүлөр менен баарлашуу.

Линн Маргарет Адреассен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Линн Маргарет Адреассен

"Айрым абактагы кылмышкерлер биринчи жолу билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Демек, реабилитациядан тышкары, өзүн-өзү үйрөтүү дагы маанилүү. Биз адамды түрмөдөн чыккандан кийинки жаңы турмушка даярдайбыз. Менимче, Халден түрмөсү бул багытта ийгиликтүү иш жүргүзүп келди", -деди Андреассен айым.

Норвегияда кайра кылмышка баргандар өтө аз. Мамлекет мурдагы кылмышкерлерди коом менен аралаштырууда дүйнөдөгү лидерлердин бири.

Норвегиядагы Халден түрмөсү дүйнөдөгү эң "гумандуу" абак катары таанылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Норвегиядагы Халден түрмөсү дүйнөдөгү эң "гумандуу" абак катары таанылган

Бирок Норвегиянын саясатын сындагандар дагы көп.

"Көптөр ачууланат, себеби алар түрмөлөр өтө эле жакшы жасалгаланган деген пикирде. Арийне, жаңы бир нерсени курап жатканда, эски каталарды кайталабайсыз да. Албетте, башкаларга зомбулук көрсөткөн адам жазасын алышы абзел. Бирок биз түрмөгө кесилген адамга жана ал бул кадамга эмнеге барганына көңүл бурушубуз керек. Кылмыш кайра кайталанбоо үчүн кандай чаралар керек деген суроого жооп издейли. Абактагылар менин жана сиздин кошунаңыз болуп калышы ыктымал. Демек, системанын болушунча натыйжалуу иштеп кетишине умтулабыз", -деди Линн Маргарет Андреассен.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Норвегиянын өкмөтү түрмөдөн бошогондорго дагы колдоо көрсөтүп, коомчулук менен аралаштыруу аракетин уланта берет. Аларга турак жай берилип, иш табууга жардам көрсөтүлөт.