Абактагы экстремисттер өзүнчө конушка бөлүнөт

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Жаза аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, терроризм, экстремизм боюнча соттолгондор жабык жайларда өзүнчө кармалат. Аталган мыйзамга президенттин колу керек, парламент аны үчүнчү окууда колдоду.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин башчысы Жаныбек Бакчыев Би-Би-Сиге билдирди.
«Экстремисттик идеяларды башкаларга жайбаш үчүн сот жообуна тартылгандарды бөлөк кармоо боюнча мыйзамга өзгөртүү долбоорун өкмөт сунуштаган. Бүгүнкүгө чейин антип башка-башка кармоого мыйзам шарты жок болчу, өмүр бою эркинен ажыратылгандардан башкаларынын баары чогуу кармалат», - дейт Бакчыев.
Кыргызстандын жабык жайлары советтер союзу мезгилинде курулган жана ал учурда терроризм түшүнүгү жок болчу. Дегеле өлкө түрмөлөрү камералык эмес, лагердик типте салынган.
Жаза аткаруу кызматы мурда уюшкан кылмышкерлер кооптуу эсептелсе, акыркы жылдары көбөйгөн терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор коркунучтуу катмарга айланганын айтууда.
Мындай күнөө менен камалгандардын саны 2013-жылы 81, 2014-жылы 116, өткөн жылы 132 адам болуп, көбөйүп жаткан экен.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Ушу тапта түрмөлөрдө мындай кылмышкерлерди өзүнчө кармоо үчүн камералар даярдалып жатканын Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.
«Корпустар камера тибине алмаштырылып, оңдоо иштери жүрүп жатат. Камеранын көлөмүнө жараша экиден, үчтөн же төрттөн жайгаштыруу пландалып жатат», - дейт Сабатарова.
Күч түзүмдөрү боюнча мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев кылмыштын башка түрү үчүн жоопко тартылгандар экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткенин тастыктаган өткөн жылдагы операцияны эске салды:
«Өткөн жылы атайын кызматтын операциясы учурунда кармалгандар мурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени, андан экстремисттик топко өтүп кеткени белгилүү болду. Алар башка кылмыш менен отургандарга өздөрүнүн үгүтүн жүргүзө берет. Андыктан өзүнчө кармоо сунушу туура, аны биз мурда эле көтөргөнбүз».
«Антитеррор» бирикмесинин башчысы Артур Медетбеков экстремисттик идеяларды түрмөдөгүлөр телефон, интернет өңдүү каналдардан да алаарын белгиледи. Бирок анын түздөн-түз таратуучусу таасирдүүрөөк.
Ошондой эле жабык жайга түшкөндөрдүн динден кечирим издөө психологиясы белгилүү. Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова диний пропагандалар көзөмөлдөнүп турат дейт.

«Ички иштер министрлиги, улуттук коопсуздук кызматы жана муфтият менен меморандумубуз бар, алар менен иштешебиз. Бизге келип жаткан адабияттар, жабык жайларга киргиси келген дин уюмдары текшерилет. Эксперттерден өткөн соң гана киргизилет».
Ал эми Артур Медетбеков мурдагы кылмышкерлердин экстремист, террорист болуп кетүүсү ого бетер кооптуу болгонуна карабай, терроризмге каршы күрөш түрмө менен сыртта бирдей катуу болуш керек деп, азыркы абал коркунучтуу экенин эскертти.
«Террористтик топтордун идеологдору жогорку деңгээлде даярдалып, материалдары катуу таасир эткендиктен аларга алданып, өзү акыл жүргүзбөй буйругун түз аткарып калгандары ачык белгилүу болуп жатат. Андайларды кайра буруш кыйын. Аларга каршы күрөшүүдө түрмөдө болобу, өлкө ичинде болобу алдын алуу иштери начар болуп жатат», - дейт Медетбеков.
Учурда жабык жайларда экстремизм жана терроризм боюнча отурган 200гө чукул жаран бар. Алар да кылмыштын башка түрлөрү өңдүү күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө режимдерге жараша ар түрмөгө бөлүнгөн.








