Гренландия: Трамптын аракетинен Орусия менен Кытай пайда көрөбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC
- Author, Паула Адамо Идоета
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
Президент Доналд Трамптын айтымында, Орусия жана Кытай басып ала электе АКШ Гренландияны алышы керек. Гренландия Данияга караган жарым автономдуу аймак.
"Биз Гренландияны коргошубуз керек. Болбосо Кытай менен Орусия келет", – деген Трамп ушул айдын башында кабарчыларга. "Мен аларды Гренландияда кошуна катары көргүм келбейт, андай болбойт", – деп кошумчалаган ал.
Ар кандай байкоочулардын оюнча, Трамптын Гренландия боюнча күч колдонуу жана тарифтерди киргизүү дымагы Владимир Путин менен Си Цзинпинге жагышы ыктымал.
"Менин оюмча, Кытай менен Орусия көргөн көздөрүнө ишенбей турат", – дейт Европа саясаты борборунун талдоочусу Мария Мартисиуте.
"Европалыктар жана НАТО альянсы бөлүнүп жарылганы жана эң күчтүү үзөңгүлөшү тарабынан коркунучка туш болгону алардын эле кызыкчылыгына иштейт. (...) Бул Орусия менен Кытай үчүн жакшы, себеби бул Орусиянын Украинада жасаган ишин, Кытайдын Тайванга болгон дымагын кубаттайт", – дейт Мартисиуте аралга шилтеме кылып.
Бээжин Тайванды бөлүнүп кеткен дубан катары көрөт жана акыры өз көзөмөлүнө алууну көздөп келет.
"Кытай менен Орусия жыргап жатышса керек", – деп жазган Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Кая Каллас X платформасында. "Шериктештердин ажырымынан пайда көрө тургандар дал ошолор".
Бирок иш жүзүндө чындык көрүнгөндөй болбошу ыктымал. Би-Би-Синин эксперттери Тони Хан менен Сергей Горяшко Кытай менен Орусия Трамптын Гренландия боюнча кадамдарын жана Европа менен тирешин кандай кабыл алып жатканын талдады.
Орусиянын реакциясы кандай болду?
Сергей Горяшко, Би-Би-Си Орус кызматы

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Доналд Трамптын Гренландияны алуу боюнча соңку билдирүүлөрү экспансиялык риторикаларды болуп көрбөгөндөй деңгээлде кайра жандантты. Ал тону жана логикалык жагынан Владимир Путиндин Крымды аннексиялаганын эске салат.
Трамп Гренландияны бир убактарда АКШ Данияга белекке берген деп сүрөттөйт. Бул Советтик доордогу риторика менен үндөш. Анда Крым Украинага "белекке" берилген деп айтылат. Трамптын Гренландияны "кандай болбосун алам" деп көшөргөнү Путиндин Киевге карата мамилесине окшош.
Бирок Москва жооп берүүгө ашыккан жок. Гренландияны сатып алууга Трамптын акчасы бар деп Путин чукугандай билдирди. Муну менен бул ишти ал стол оюнуна салыштырып, бирок бул маселеге "Орусиянын эч кандай тиешеси жок" экенин айтты.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ үчүн Гренландиянын мааниси Орусия үчүн Крымдай деп, этияттык менен окшоштуктарга токтолду. Бирок Трамптын сөздөрүн кубаттоодон карманды.
Чындыгында Кремль тараптан эч кандай ачык колдоо айтылган жок. Бул жымжырттык көп нерсени айтып тургандай. Трамптын кошаматты жакшы көрөрүн эске алганда, Москванын мактоосу Орусиянын пайдасына иштеши мүмкүн болчу.
Украина маселесин башка жакка буруп салуу менен Батыштагы шериктештердин арасындагы чыңалууну Москва өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн болуп турган кезде, эмне үчүн Кремлдин дабышы угулган жок?
Маселе Москванын Иран жана Венесуэла сыяктуу шериктештерине Трамптын кол салуунда эмес. Же болбосо Орусияны коркунуч катары көрсөтүп, Гренландияны басып алууну актоо аракетинде дагы эмес.
Карнеги Орусия Евразия борборунун талдоочусу Александр Баунов белгилегендей, Трамптын күтүүсүз иш-аракеттери Москвага жакканга караганда көбүрөөк тынчын алышы мүмкүн. Москва америка президентинин "ачык эле башаламан кыйраткычтыгынан" тынчы кетип турат.
Орус кесиптеши сыяктуу Трамп калыптанып калган дүйнөлүк системага доо кетирүүдө. Москва каршы болгон бул система толугу менен кыйрай турган болсо, анда Орусия эмнеге каршы болуп, өз дымагын эмнеге негиздемекчи?
Азырынча Кремль окуяларга сактык менен байкоо салууда.
Кытайдын реакциясы кандай болду?
Тони Хан, Би-Би-Синин Кытайдагы глобалдык бөлүмү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти Доналд Трамптын Гренландияны алуу дымагына Кытайдын расмийлери БУУнун уставын карманууга чакыруу менен жооп берди. Документте мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана саясий эгемендигине сый-урмат менен мамиле кылуу камтылат.
Массалык маалымат каражаттары учурда Европа кандай стратегиялык дилеммага туш болгонун ачык жазып чыгышкан. CGTN мамлекеттик телеканалы АКШнын Гренландияны басып алуу боюнча коркутууларын НАТОго каршы АКШ чыккынчылык кылып жатат жана альянс "иш жүзүндө кулоодо" деп сүрөттөгөн.
"Атлантика альянсынын бүлүнүшү же алсыроосу Кытай үчүн жакшы жаңылык", – дейт Би-Би-Синин Кытайдагы глобалдык бөлүмүнө курган маегинде Европа кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча илимий изилдөөчүсү Хосе-Игнасио Торребланка.
"Европалыктар АКШга каршы болгон сайын Кытайдын стратегиялык шериктеши Путинге оңой болот. Европалыктар Орусияга каршы өзү жалгыз коргонуусу жана ошол эле маалда АКШга каршы басым жасоосу Тынч океан аймагында АКШны ээрчүүгө болгон каалоосун азайтат".
Ал ортодо АКШнын Гренландия боюнча планына карата Кытайдагы комментарийлерде АКШ Кытайдын Арктикадагы иш-аракеттерин коркунуч катары сүрөттөөсү кескин түрдө сынга алынган.
Өзүнүн "Уюлдук Жибек Жолу" демилгесинин алкагында Кытай илимий, экономикалык жана стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп келет. Дүйнөдө күндүн ысышы менен мурда тоңуп турган Арктика аймактарына барууга шарт түзүлгөн.
2025-жылдын октябрында жаңы Арктика деңиз маршруту аркылуу Кытайдан Европага чыккан алгачкы кеме Британиянын Феликсстоу портуна келип токтогон.
Кытай компаниялары Гренландияга кызыгып жатат. Бирок Гарварддагы Белфер илим жана эл аралык мамилелер боюнча борборунун маалыматына ылайык, Кытай компаниялары аралга келип жайгашуу аракеттеринен майнап чыга элек.
2018-жылы Кытай өкмөтүнө таандык ири курулуш компаниясы Гренландия аэропортунун инфраструктурасын кеңейтүү боюнча контракт үчүн ат салышкан эле. Бирок АКШ тынчсызданып жатканын билдиргенден кийин Дания өкмөтү долбоорду каржылоону колго алып, кытай фирмасы акыры өтүнмөсүн кайтарып алган.
Гренландиянын дагы бир стратегиялык активи – бул анын минералдык байлыгы. Дүйнө негизинен эки аймакка көз артып турат: Кванефелд жана Танбриз. Бул аймактарда сейрек кездешүүчү минерал кору бар.
Сейрек кездешүүчү минералдар маанилүү өнөр жай материалдарын иштеп чыгууда ролу чоң. Мисалы, алар үн күчөткүчтөрдү, смартфондорду, электромобилдерди, учактарда колдонулган күчтүү бөлүктөрдү өндүрүүдө колдонулат.
Кытай компаниялары сейрек кездешүүчү элементтерди казуу жана иштетүү багытында эбак эле дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Гренландиядагы кен чыккан жердеги үлүшү алардын ордун бекемдөөгө шарт түзөт.
Кытай фирмалары Гренландиянын минералдарынан үлүшкө ээ болуу үчүн кадам таштаган, бирок аэропорт долбоору сыяктуу булар да саясий тоскоолдуктарга туш болгон.
Кытайдын Shenghe Resources компаниясы Кванефелд долбооруна ээлик кылуу үчүн үлүшүн сатып алып, экинчи ири үлүшчүгө айланган. Бирок Гренландия уран казууга тыюу салган мыйзам кабыл алгандан кийин өндүрүшүн токтоткон.
Ал ортодо АКШнын расмийлери Танбриздин мурдагы кожоюндарына кытай фирмасына сатпоого көндүргөндөн кийин Танбриз Нью-Йорктогу Critical Metals Corp тарабынан сатылып алынганы айтылып келет.










