Сальвадордун “күндүн нуру кирбеген” түрмөлөрү

Сүрөттүн булагы, Twitter @PresidenciaSV
Сальвадордун түрмөлөрүндө социалдык аралыкты сактоо эрежелери жок. Жакында эле президент Найиб Букеле коомдук тармакта жарыялаган сүрөттөр кызуу талкууга жем таштады.
Үрөй учурган сүрөттөрдө түрмөдө тартипке көңүл бурбай койгондордун колу кишенделип, бир нече саат бою жерде отурганын көрсө болот.
Сальвадордун вице-президенти Осирис Луна сүрөттөр өкмөттүн кылмыштуу топторго каршы катаал күрөшүн көрсөтөт деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, Twitter @OsirisLunaMeza
Луна мырзанын айтымында, түрмөнүн эшик, терезелерин калай менен "күндүн нуру өтпөгүдөй" кылып жаап салышууда.
"Мурда бири-бирин өлтүрүп салбасын деп башка абактарда кармалып жаткан атаандаш криминал топтор мындан ары бир абакта кармалышат. Террордук топторду аралаштырдык. Эми мурдагыдай болбойт. Өлкөнү башкарып жаткан бийликке сый-урмат көрсөтүшөт",-деди вице-президент Осирис Луна.
Кылмыштуу топтордун зомбулугунан жабыркаган өлкө

Сүрөттүн булагы, Twitter @OsirisLunaMeza
Сальвадор бир нече жыл катары менен кылмыштуулук, адам өлтүрүү дүйнөлүк рейтинги боюнча биринчи орунда турган. Соңку айларда адам өлтүрүү боюнча көрсөткүч 30 пайызга кыскарды.
Өткөн жылы өлкөдө 100 миң кишинин 36 (35.8) көчөдө өлтүрүлгөн. Өлкөдөгү эң чоң уюшкан кылмыштуу топтордун, "Мара Салматруча" (MS-13) менен атаандаш "Баррио 18", 70 миң мүчөсү бар. Алар опузалоо, баңгизат соодасы жана башка кылмыштар менен алектенет.
1992-жылы өлкөдө жарандык согуш токтогондон бери, Сальвадор дүйнөгө кылмыштуу топтору менен таанылды.
"Өзгөчө абал режими"

Сүрөттүн булагы, Twitter @PresidenciaSV
Президенти Найиб Букеле өткөн жылы июнь айында бийликке келген. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда кылмыштуу топторго каршы катаал чара көрөм деп убада кылган.
Жакында эле президент коомдук баракчасына түрмөдө тартылган видеону жарыялады. Анда абакта отурган кишилер түрмөнүн башка бөлүгүндөгү атаандаш топтун өкүлүн өлтүрүү боюнча буйрук берип жатканын көрсө болот.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Найиб Букеле коопсуздук кызматкерлери көңүлүн Covid-19 вирусу менен күрөшүүгө буруп жатканда, кылмыштуу топтор мүмкүнчүлүктөн колдонуп, кайрадан зомбулукту күчөтүп жатканын билдирди. Өлкөдөгү түрмөлөрдө 50 киши өлтүрүлгөндөн кийин, өкмөт абактарга "өзгөчө абал режимин" киргизди.
Эми полиция тартипти сактабаган кылмышкерлерди эскертүүсүз атып өлтүрүүгө укугу бар.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал эми адам укуктарын коргогон уюмдар, президенттин чараларын сынга алышууда. Салвадордун адам укуктарын коргогон алдыңкы уюмдун өкүлү Мигел Монтенегро бийлик атаандаш топтордун өкүлдөрүн бир абакта кармаганы "зомбулукка" түрткү болорун айтат. Ошондой эле өкмөт билип туруп абакка кесилген айрым кылмышкерлерди "өлүмгө" алып барып жатканын кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Twitter @PresidenciaSV
Коопсуздук боюнча эксперт Жанет Агуилар болсо, бийлик эл алдына өзүн кубаттуу көрсөтүү аракетинен улам "кыргынга" себепкер болуп калышы мүмкүн экенин айтты. Би-Би-Си берген маегинде, Агуилар коопсуздук кызматкерлери эмитен эле сотсуз өлтүрүүгө же кызмат абалынан пайдаланып жатканын билдирди.
Февраль айында президент Букеле коопсуздук боюнча долбоорун Конгресс колдоп берүүсүн талап кылып, парламентке армияны дагы жөнөткөн. Ошондуктан Human Rights Watch уюму Америка континентинде дагы бир "диктатура" пайда болушу мүмкүн деп коңгуроо каккан.
*Макаланын түпкү нускасын Маркос Гонзалез Диаз жана Би-Би-Си Мундо кызматы даярдаган.











