“Протоколдор жокко чыксын”. Дүйшөмбүнүн Бишкекке агрессиясы жана опузасы

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Султанбай Айжигитов

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Султанбай Айжигитов

Кыргыз-тажик чек арасында болгон согуштан кийин эки тараптан төрттөн постту алууга чечим болгон, бирок Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар чек ара боюнча протоколдорду жокко чыгарууну талап кылууда.

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №39 жана №42 протоколдору “мыйзамсыз” экенин билдирди. Султанбай Айжигитов тажик тарап аталган эки протоколду “аскердик агрессия менен коркутуп, кол койдурган” деп эсептейт.

Ошондой эле эл өкүлү Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимовдун “№42 протоколундагы талаптар сакталганда гана тынчтык сакталат” деген сөздөрүн “аскердик агрессия менен ачык эле коркутуу” деп сыпаттады.

“[Протоколдорго] мажбурлап кол койдурду. Чоң согуш менен коркутуп, кол койдурду [...] Протоколдорго кол коюлганы менен ратификация болгон эмес. Ошондуктан онго жакын протоколдорубуз ошол жакта “илинип калып”, тажиктерге бизге агрессия кылганга шылтоо болуп жатат”, - деди Айжигитов.

Мындан сырткары, Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардын себеби чек ара заставаларында эмес, “Тажикстандын расмий саясатында” деп эсептейт. Депутат муну Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУда “кыргыздар 1950-жылдардан бери Тажикстандын эки миң чарчы километрден ашуун жерди мыйзамсыз ээлеп алган” деген сөздөрү менен тастыктаганын айтты.

“Такыр негизсиз аймактык дооматтар. Биз аларга бир метр да доомат койгон жокпуз, булар болсо [эки миңден ашуун] чарчы километрге доомат коюп жатышат. Биздин Баткенде болгону 17 миң чарчы метр жери бар, анын деле 90% тоо. Жалаң жерлери ашып кетсе үч миң чарчы километр - ошонун эки миңине доомат коюп атышат”, - деди депутат.

№39 жана №42 протоколдор

№39 протоколу

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №39 протоколуна 2021-жылдын 1-майында кол коюлган

2021-жылы апрель-май айларында болгон куралдуу кагылышууда эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ок атышууну токтотуу жөнүндө №39 протоколуна кол коюшкан

Протоколго ылайык, топографиялык жумушчу топтор Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы №43 — №61 жана Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу №135 — №141 чек ара чекиттеринин долбоордук сызыктарын чийип чыкмак.

Мындан тышкары, №39 протоколдо Кыргызстан менен Тажикстан Исфара районунун Хожаи-Аъло айылыны Ворух анклавы менен байланыштырган альтернативдик жолду курууну макулдашкан. Учурда Ворухту Тажикстан менен байланыштырган жол Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтөт. Ал эми айланма жол Ак-Сай айылыны караштуу Капчыгай калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөт.

Андан бери кыргыз-тажик чек арасынын жалпы 664 километри такталган - чек аранын жалпы узундугу 972-987 километрди түзөт.

Ал эми быйыл 14-17-сентябрларда болгон жаңжалда Ташиев менен Ятимов №42 протоколуна кол коюшкан. Анда тараптар чек арада “конфликтке алып келген негизги постторду” алып салууга макулдашкан. Атап айтканда:

  • “Тамдык” (КР) - “Бедак” (ТР);
  • “Булак-Башы” (КР) — “Кех” (ТР);
  • “Катта-Туз” (КР) — “Карачикум” (ТР);
  • “Дача” (КР) — “Шаршара” (ТР).
NASA'нын спутнигине тартылган карта

Сүрөттүн булагы, FIRMS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айжигитов посттордун алынышы Ворухтун кеңейүүсүнө алып келет деп эсептейт. NASA'нын спутнигине тартылган карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул постторду алып салуу менен Ворух анклавын кеңейип кетишине, ошондой эле Лейлектеги Катта-Туз мунай жана газ кенин басып алууга жол ачылат деген тынчсыздануу болууда.

Айжигитов эгерде “Дача” посту алынса, аймак көзөмөлдөн чыгып, тажик тарап сойломо жол менен жерлерди ээлеп алышы мүмкүн деп эсептейт. Эл өкүлү “Булак-Башы” посту Ворухтун чыгышындагы Кык жайлоосун коргоп калуу үчүн түзүлгөнүн, ал эми тажик анклавдын батышындагы Керевшин жайлоосуна (Ак-Сай дарыясынын башы) жолду жабуу үчүн “Тамдык” посту ачылганын белгиледи:

“Катта-Тузду айта турган болсок - бул бир топ мунай-газдын запасы бар кен. Ошол жерди тосуш үчүн - бүгүнкү күнгө чейин тажиктер ал жердин газын мыйзамсыз колдонуп келе жатат - ошол жерди алып койбошу үчүн пост коюлган. Азыр ал постту да алып жатабыз. Ал жерде эл жашабайт, тосо турган эл жок. [Кенди] тажиктер келип басып алганына жол ачып берип жатабыз”.

“Бул посттор азыркы аскердик согуштардын булагы имиш, алып салсак булагы жок болуп, түбөлүк тынчтык болот экен имиш. Бул абдан чоң жаңылыштык. Ушунчалык үстүртөн жүргүзүлгөн анализ. Буга эч ким ишенбейт. Чынында кагылышуулардын булагы такыр башка жакта, Тажикстандын расмий саясатында болуп жатат”, - деди ал.

Эл макулдугун бергенби?

Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен 18-сентябрда жолугушкан. Анда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу болуп турган

№42 протоколуна кол коюлган соң соцтармакта аны сынга алып, “кооптуу абал түзүлдү” дегендер да болду.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аларга жооп кайтарып, "заставалар элдин макулдугу менен алынганын" белгилеген. 

"Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чтактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан "сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың" деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда. Эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген", - деп түшүндүрдү Ташиев.

Анткен менен иликтөөчү журналист Али Токтакунов Фейсбук баракчасында бул боюнча сурамжылоо жүргүзгөндө Баткен облусунда жашаганын айткан колдонуучулар чек ара постторун алып салууга каршы экенин жазышкан.

Ал арада жергиликтүү медиалар чек ара аймактарында жашаган тургундар Баткен облусттук администрациянын алдында бир нече күн бою митингге чыгып жатканын жазышууда. Алар менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев сүйлөшүп жатканы кабарланды. Бирок чогулгандар Камчыбек Ташиев менен жолугушууну, протоколдор тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда.

Оппозиция Ташиевдин отставкасын талап кылды

“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөлөрү

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөлөрү

Ал арада “Бириккен демократиялык кыймыл” президент Садыр Жапаровго кайрылып, Камчыбек Ташиевди кызматынан четтетип, жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Алардын айтымында, Ташиев кол койгон №42 протоколу “баткендиктерди коргоосуз калтырды”. 

“Эки жылдын ичинде Кыргызстан эки жолу коңшу мамлекет тарабынан куралдуу кол салууга дуушар болду. Анткени Камчыбек Ташиев кызматка келери менен чек ара маселелеринде такталбаган, ойлонулбаган чечимдери менен мамлекетти ушул абалга алып келди. Чек ара маселелерин чечүүдө улуттук кызыкчылыкты коргой алган жок. Камчыбек Ташиев башка бийлик бутактары менен макулдашылбаган, олдоксон билдирүүлөрү, алешемдик, алабармандык тайкы сөздөрү жана жашыруун иштеринин кесепетинен 100гө жакын кырчындай уул-кыздарыбыздан жана жоокерлерибизден ажырап, миңдеген адамдар жабыр тартты”, - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө. 

Расмий бийлик бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда 63 кыргыз жараны курман болду, дагы 200гө чукулу жарадар болду. Тажикстан 41 жарандын өлүмүн тастыктады, бирок тажик журналисттер жоготуулардын саны көбүрөөк болгонун аныкташты - “Озоди” азыркы учурда каза болгон 74 тажикстандыкты аныктады.