Баткен: чек арада кырдаал турукташууда
Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 20-сентябрь, саат 8:00ге карата кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде кырдаал туруктуу экенин жана түн тынч өткөнүн билдирди.
Буга чейин Тажик тарап туткунга алган төрт кыргыз аскери бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү 19-сентябрдын кечинде билдирди.
Туткундагы аскерлердин бошотулушун жакшы жышаан катары кабыл алгандар бар.
Төрт аскерди бошотуп алуу Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы. Жолугушуу “Кызыл-Бел - Автожол” өткөрмө бекетинде өттү.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
“Азыр эле Тажикстандан чыктык. Ал жакта барымтадан турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Алардын ден соолугу жакшы. Бирөөсүнүн гана бутунда бир аз жаракаты бар экен, калганы жакшы. Ооруканага барып текшерип, анан туугандарына өткөрүп беребиз”, -деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин билдиришинче, дагы эки кыргыз аскери дайынсыз болуп жатат. Алимбаев дайынсыз аскерлердин кайсы күч түзүмүнөн экенин ачыктаган жок.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан 14-17-сентябрь күндөрү 40 аскер кызматкери курман болуп, 70тен ашууну түрдүү жаракат алган. Бир нече аскер кызматкери дайынсыз жоголгону кабарланган.
Тажикстан тараптан дагы жоготуулар болуп, расмий маалыматтар боюнча каза тапкан жарандардын саны 41ге жетти.
Тынчтык протоколу
Ошондой эле 19-сентябрдын кечинде Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы согуштук аракеттерди токтотууну караган протколго кол коюшту.
“Тил табышып, орток пикирге келдик. Протоколго кол коюп, эми чек арада чындап тынчтыкка келебиз деген ишенимде болуп жатабыз. Эми саясий, экономикалык жана соцалдык тармактарда коңшулук, боордоштук негизде кызматташууну өнүктүрөбүз”, -деди Саймумин Ямитов.
“Биз бүгүн Саймумин Сатарович менен протоколго кол коюп, өз ара бири-бирибизди түшүнүштүк деп үмүттөнөм. Эми ал биздин өлкөлөрдө тынчтык алып келет деп ойлойм. Тынчтык деген жакшы жана ал үчүн биз аракет кылабыз”, -деди Камчыбек Ташиев.
Чек арада кырдаал туруктуу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чек ара кызматынын аймактагы аскерлери чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууну улантууда.
Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен жумушчу комиссиясы аймакта кырдаалдын чыңалуусуна жол бербөө жана мурда жетишилген макулдашууларды, анын ичинде кошумча алып келинген күчтөрдү чек арадан алып кетүү боюнча келишимдин аткарылышын көзөмөл кылып жатат.
Биргелешкен комиссиянын иши бүгүн да уланып, тараптар сунуштарды жана чечимдерди карайт.
Ошондой эле 20-сентябрдан тарта кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкелеринде снаряддар, миналар, ок-дарылар жана башка жарылуучу куралдар жарылбай калган аймактардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери башталды.
Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.
"Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган. Буга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат", - деп билдиришти УКМК Чек ара кызматынан.












