"Конфликтке алып келген негизги посттор". Кыргыз-тажик чек арасында сегиз пост алынды

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк чек ара комиссиялары чек арада сегиз постту, тагыраак айтканда үчтөн пост, бирден чек ара бекетин алууну чечишти. Бул посттор чек арадагы конфликтке алып келген негизги посттор экени айтылды, Ошол эле учурда алардын алынышы кимдин көбүрөөк пайдасына болуп жатканы жөнүндө кооптонгон адамдардын жоромол-божомолу күчөдү.
Медиа штаб тараткан маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасында эки тараптан төрттөн пост, баардыгы сегиз пост алынат. Алар Тажикстан тараптагы "Бедак", "Карачикум", "Кех", "Шаршара" посттору, ал эми Кыргызстан тараптан "Булак-Башы", "Тамдык", "Катта-Туз", "Дача" посттору.
"Эң негизги маселе, ар дайым конфликтке алып келген негизги постторду алып салдык",-деген Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
Чек ара посттору консервация болуп, ал жерлерде чек ара аскерлери жана жөнөкөй адамдар дагы болбойт. Чек араны кайтаруу кыймылдагы чек ара отряддары тарабынан макулдашылган маршрут боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле конфликт чыгып жаткан жерлерге видео камералар орнотулат.
Эки тарап чек арага чектеш аймактан аскерлер менен оор согуштук техниканы, кошумча күчтөрдү алардын туруктуу ордуна кайтарууга тийиш.
Чек арадагы посттордун алынышы дароо эле көп суроо жаратты. Эң башкысы, бул контрабандисттерге же Ворухка коридор ачуу үчүн болуп жаткан жокпу деген түпөйүл суроо.
"Ошол алынган төрт чек ара посту ( эки тараптан тең алынганын эске алсак, анда 8 пост) качан коюлган, буга чейин кандай функцияларды атказып келген? Эмне үчүн так ушул сегиз пост, башкалар эмес? Бул посттор алынганда эки тарапка тең эмне плюс, эмне минус жагдайлар болушу мүмкүн? Биздин төрт пост алынганда ошол зонада коопсуздук күчөйбү же басаңдайбы? Ал посттор контрабанда ташууга тиешеси бар беле же жок беле? "Конфликттер ушул посттор жайгашкан зоналарда башталып жүргөн" деп белгиленди. Ошол үчүн ал постторду алуу каралды. Ушундан улам: конфликтердин пайда болуусуна посттордун так ошол жерде туруусу түрткү болуп келгенби? Эгер ошондой болсо, себеби эмне? Алынган посттор коопсуздукка өз салымын кошуп келгенби же, тескерисинче, ал посттор коюлган соң кооптуулук күчөп, конфликттер көбөйдү беле? Биздин төрт пост алынганы Ворухка коридор ачып берүү маселесине таасири барбы же жокпу?",-деп жазды аналитик Алмаз Акматалиев Фейсбукка.
Ал эми коомдук ишмер Эмил Каптагаев "бул жерде "себеп - натыйжа" байламтасы алмашылып калганбы?",-деп суроо койду. "Анткени: "жаңжал заставалар бар болгон үчүн чыгып жатат" - деген ой айтылды. Калпыс ой. Ошол заставалар жергиликтүү тургундар таш-кесек менен, союл, кетмен-күрөк менен чабышып жаткандан улам коюлган да. Жаңжал эки жактын чечилбеген талаш маселелери (суу пайдалануу, жер пайдалануу, жол пайдалануу сыяктуу) бар үчүн чыгып жатпайбы. Ошондой эле чек ара заставаларын алып салуу идеясы мурдатадан айтылып жүргөн - жаңжалдын башкы себептеринин бири контрабанда, бангизаттын ташылуусу - деген версияны чындыкка жакындатып жатат. Чынында эле чек ара жок, тоскон эч ким жок болсо ары-бери өткөн контрабанданы дагы тоскон эч ким жок, эч кандай жаңжал чыкпай зуулдап ташып өтүп калышат да. Неси болсо дагы бул чечим боюнча коомго жүйөлүү сөз айтылышы керек болуп калды".
Маалыматтарга караганда, мурдакы жылы дагы Ворухка кире бериштеги кыргыз посту алынган. Ошондон кийин анклавка тажиктер эмне кааласа, ошону алып кирип калышкан. Анын ичинде БТР, танк сыяктуу оор согуштук техника алып кирген жок деген кепилдик жок дешет. 14-17-сентябрдагы чек ара согушунда Ворух тараптан Аксай айылына тажик тарап оор согуштук техникалар менен кол салганын азыр күбөлөр айтып турган чагы.
Ташиевдин билдирүүсү
Көп өтпөй президенттик администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков УКМК төрагасынын билдирүүсүн Фейсбукка жарыялады. Анда Ташиев "заставалар элдин макулдугу менен алынганын" белгилеген.
"Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чтактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан "сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың" деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда. Эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген", - деп түшүндүрдү Ташиев.
Ошондой эле УКМК башчысы чек арада "бир метр ары же бери жылган жок" деп белгиледи. Ошондой эле Ташиев эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттер "чек ара тилкелери такталып бүткөндөн кийин ачылат" деп кошумчалады.
"Элди дүрбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге айтаарым: кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, "менден кийин эмне болсо ошол болсун" деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз", - деп жыйынтыктады ал.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан жогоруда аталган протокол убактылуу болгонун, чек ара тилкелери такталганга чейин посттор убактылуу алынганын билдиришти. Азырынча кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Мындан сырткары, жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган тилкелерге видеобайкоо камераларын орнотула турмай болду.
Президенттин тапшырмасы
Ага удаа эле президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев дагы Фейсбукка билдирүү жарыялап, "президент Жапаров коргоо министрине "Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды" деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын "резервдик ротага" мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла деген тапшырманы берди",- деп жазды.
"Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып "мына ушул жерибизди берип жатышат" деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун. Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт. Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет".
"Ал эми "жерлерибизди алып коюшат" деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт. Андан сырткары, ар бир чек ара тилкелерибиз спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот. Аскерлерибиз жана жергиликтүү калкыбыз коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок",-деген президент.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу конфликт болуп, эки тараптан каза тапкандар жүздөн ашты. Анын ичинде кыргыз тараптан 62 жаран, тажик тараптан 41 адам деп айтылды. Жаракат алгандар эки тарапта тең эки жүзгө жуук. Чек арага чектеш кыргыз айылдарынан эвакуация болгондор 140 миңге жакын адам болду. Чек арадагы бир нече кыргыз айылдарында толтура үйлөр, социалдык объектилер таланып-тонолуп, өрттөлдү.
Кыргызстан Тажикстанды чек арадагы бүт периметр боюнча кыянатчылык менен кол салды деп айыптап, бул алдын ала даярдалган агрессия болду деп кыргыз президенти Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан бүт дүйнөгө жарыя айтты. Анын соңунан Тажикстандын тышкы иштер министри Кыргызстанды келишимдерди аткарбай жатат, согуштук техниканы чек арага жакын айылдарга катып койду деп айыптады.
Тажиктердин Ворух району Кыргызстандын ичиндеги анклав, анда эл абдан жыш жайгашкан. Дүйшөмбүнүн максаты ушул анклавка коридор ачуу.
"Булардын көздөгөнү Ворухка жол ачуу. Бирок ал аткарылбай турган иш, себеби ал жерде Баткен облусунун 200 миңге чукул эли жашайт. Эгер Ворухка жол ачылса, ал айылдар берки тарапта анклавда калып калат", -деди Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов. (КС)

Сүрөттүн булагы, 2GIS









