Айланма жол - анклавка коридорбу?

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялары Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курмай болду деген маалыматты Тажикстандын "Ховар" улуттук жаңылыктар агенттиги жарыялады.
Аталган агенттик мындай бүтүм чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунда кабыл алынган деп билдирип, ошол жолугушуудагы биргелешкен билдирүүнүн текстин бүтүндөй жарыялады.
Билдирүүдөгү маалыматка караганда, Тажикстанга таандык анклавды өлкөнүн өзүнүн аймагы менен байланыштыра турган автожол Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу курулат, аны тажик тарап колдонот жана өзү карап турат.
Жолдун курулушу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери бүткөнгө чейин башталышы керек. Топографиялык жумушчу топторго ушул жылдын 1-июнуна чейин Баткен району пайдаланган жер тилкелеринде изилдөө иштерин баштоо тапшырмасы берилет.
Эки тарап биргелешип кура турган автожолдун макамы жөнүндө эки өлкө өзүнчө макулдашуу кабыл алышы керек. Биргелешкен билдирүүгө Тажикстан тараптан Ятимов С.С., Кыргызстан тараптан К. Ташиев кол койгон.
Кыргызстандын өкмөтү өз кезегинде өкмөттүк делегациялардын билдирүүсүнүн орус тилиндеги текстин жарыялады, бирок түшүндүрмө берген жок. Ошол себептүү коомдук сайттарда бул маалыматтын айланасында жоромол-божомол күчөп баштады. Эң оболу, албетте, Тажикстанга Ворух анклавына өткөнгө коридор берүүгө кыргыз бийлиги макул болдубу деген суроо коюлууда.
Камчыбек Ташиев өзү Фейсбуктагы баракчасына "Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок" деп жооп жазды.
"Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Б.а. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан, сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай турсак",-дейт УКМК башчысы.
Камчыбек Ташиев "Ворух" анклавынын маселесин чечүү үчүн тажик бийлигине эки сунуш болуп жатканын мурда билдирген эле.
"Тажикстан менен негизги чек ара маселеси - бул Ворух анклавы. Тажикстанга эки сунушубузду бердик. Биринчи сунушубуз. Анклавдын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз, ченеп токтотобуз. Анын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоого пайдалануу үчүн, кирип чыгыш үчүн гана жол беребиз. Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө турган, Ворухка кире турган жол болот. Экинчи сунушубуз андан дагы катуурак, биз анклав Ворухту алмаштырганга даярбыз. Аны бизге таштаса, бул аймак 12 миң 300 гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Кайсы жерди берсек болот деген тизмени да берип койдук. Бирок азырынча тажик тараптан жооп келе элек".
Тажик тарап Ворух анклавын башка жерге алмашуу жөнүндө сунушту четке какканы белгилүү. Бул жөнүндө бийликтин расмий позициясын жарыялаш үчүн президент Рахмон апрелдин башында Ворух анклавына келип, мамлекеттик туу аянтын салтанат менен ачып кетти.
Ворух Кыргызстандын аймагынын ичиндеги Тажикстанга караштуу анклав. Чек ара сүйлөшүүлөрүндөгү эң оор маселе ушул.
Кыргызстандын расмий өкүлдөрү чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө азыр этият болуп калышты. Анткени, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир катар билдирүүлөрү эл ичинде чоң резонанс туудуруп, бийликтин чечимдерине нааразылык пикирлер күчөп кеткен эле.
Кыргыз-тажик чек арасына чектеш кыргыз айылдарына болгон кол салуу, анын кесепеттерин жоюу жана чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат алыш үчүн бүгүн Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн чакырган эле. Бирок аткаруу бийлигинен эч ким барган жок, бул ишти кийинки аптага жылдыруу жөнүндө өтүнүч айтылды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган айылдарды кыдырып көрүүдө.(КС)












