Кыргыз-тажик чек арасы: окуя боюнча кайчы пикирлер

Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташканы менен эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кандуу окуялар боюнча кайчылаш пикир айтышты.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия деп баалап, тийиштүү беренелер боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы өз кезегинде кыргыз чек ара аскерлери жергиликтүү калктын коштоосу менен чатакты биринчи болуп баштады деп жатат.
Борбор Азия боюнча орусиялык серепчи Аркадий Дубнов кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды жөн гана чырдашуу эмес, "чакан согуш" болду деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Ондогон кишилер каза таап, жүздөгөн адамдар жарадар болуп, биринчи кезекте кыргыз тараптан он миңдеген жарандар качкын болуп жатса, бул кайдагы чатакташуу болот эле. Бул чакан согуш болду. Баарын өз аты менен атайлы. Бул жерде жергиликтүү тургундар же чек арачылар ортосунда чатакташуу эле болгон жок. Тилекке каршы, бул согушта аскер бөлүктөрү да тартылды. Мен бул жерде тажик тарапты айтып жатам. Кыргызстандагы объектилерге каршы аскердик авиация, МИ-24 тик учактары, минометтер колдонулду. Бул окуя постсоветтик Борбор Азиянын тарыхында трагедиялуу окуя болуп калат",- деген пикирин Аркадий Дубнов орусиялык "Дождь" телеканалына маек берип жатып билдирди.
Кыргыз парламенти дүйшөмбүдө чек арадагы кандуу окуяларды жабык талкуулап жана бул тууралуу өкмөттүн маалыматын жашыруун укту.
Депутат Шайлообек Атазов, "Парламент радиосуна" депутаттар кандай жыйынтыкка келгенин учкай маалымат берди:
"Парламент да чечим кабыл алабыз. Комитетте бул маселени карап БУУ, эл аралык уюмдарга кайрылуу боюнча палатага сунуш жөнөттүк. Себеби, биз бул чек арадагы аткылашуу эмес, мамлекетибизге кирип келип, айылдарыбызды басып алып, адамдардын өмүрүн кыйганы боюнча кайрылуу жасап атабыз".

Кыргыз тарап Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы коңшулук, тынчтыкта жашоо тууралуу 2004-жылдын 26-майында түзүлгөн келишимди бузуп, чек араны бузуп кирди деген баасын берүүдө.
Мындан улам коомчулукта президент Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө барышын колдобой жаткандар да бар. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов:
"Бул окуя биздин көзүбүздү ачты. Туура арабызда көп чечилбеген маселелер бар. Бирок ошону тажик тараптын күч менен чечүү ойлору бар экен. Мындай шартта иш сапарбы же расмийби кайсы бетибиз менен Дүйшөмбүгө барабыз? Ушунча адам каза таап, жарадар болуп атса кайсы досчулук тууралуу сүйлөшүүгө болот. Эгер алар бизге чакыруу жөнөтүп келгиле деп атса, чек арада ошол окуялар болгон жерде жолугалы деген сунуш болуш керек".
Соңку окуяларда тажик тараптан да курмандыктар болду, бирок Тажикстандын расмийлери каза тапкандар жана жарадар болгондор тууралуу кенен маалымат тараткан жок. Жергиликтүү басылмалар бул окуяларда кеминде 19 тажик жараны каза тапканын жазып жатышат. Жарадар болгондордун арасында Исфара шаарынын мэри да бар.

Сүрөттүн булагы, Asia-Plus
"Фергана өрөөнүндө чыр-чатактын катталышы өтө опурталдуу. Эгер андай жаңжалдар бир өлкө ичинде орун алса, аны жөнгө салуу мүмкүн. Бирок эки мамлекет антип араздашса ал согуш болуп калат да. Андыктан мунун үстүндө ойлонуу керек. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өз позицияларын бекемдеп, жамааттарды ээрчип жатат. Жергиликтүү тургундар чек ара маселесин дайым алардын пайдасына чечип берүүнү суранып келишет. Ким эле көбүрөөк, суу, жер жана жайытты каалабайт эле",-дейт тажикстандык саясий серепчи Негматулло Мирсаидов.
Жекшемби күнү кыргыз президенти Садыр Жапаров элге кайрылуу менен чыгып, чек арадагы кырдаалга байланыштуу чечимдерин түшүндүрдү. Президент Жапаров кырдаалды жөнгө салуунун дипломатиялык жолу гана тандалганын, тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки жолу сүйлөшкөнүн билдирди.
Тажик президенти Эмомали Рахмон соңку окуялар боюнча азырынча үн ката элек. Тажик парламенти, Мажлиси Оли расмий сайтында да бул тууралуу айтылбады. Расмий Дүйшөмбү ушу күндөрү өз позициясын улуттук khovar.tj маалыматтык агенттиги аркылуу гана билдирип, өкмөт тараптан кыска маалыматтар менен гана чектелип жатат. (EKa)












