"Кара ниеттик менен кол салды": Кыргызстандын башкы прокуратурасы тажик аскерлерине кылмыш ишин козгоду

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Баткен областындагы куралдуу кагылышууда тажик тараптын аракетин аскердик агрессия деп баалап, тийиштүү беренелер боюнча кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратура өзүнүн негиздемесинде эл аралык толтура документтердин тизмектеп көрсөткөн.
"1976-жылдагы БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын уставын, 1991-жылдагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү макулдашууну, 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын, 1994-жылдагы КМШ мүчө-мамлекеттеринин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек араларынын кол тийгистиги жөнүндөгү Москва декларациясын, ошондой эле 1996-жылдагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдин талаптарын бузуу менен, 2021-жылдын 29-апрелинде таңкы 04 саат 40 мүнөттөн баштап Тажикстан Республикасынын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдардын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонуп, Кыргыз Республикасынын чек арасына кара ниеттик менен кол салды",-деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле башкы көзөмөл органы Тажикстандын аймагындагы аскерлердин туруктуу ордунан башка жайдан чабуул коюп, оор куралды колдонгону Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылганын айгинелейт деп белгилейт. "Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерде алардын аскерлери, куралдуу жалданган адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты",-деп айтылат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Расмий маалыматка караганда, Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү жергиликтүү элдин үй-жандыктарын, автотранспорттук каражаттарын Тажикстандын аймагына айдап кетип, алардын мүлкүн талап-тоноого өтүшкөн. Алар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын жана тонолгон социалдык объектилерди массалык түрдө өрттөшкөн. Натыйжада, кыргыз жарандарына жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Миномёт жана башка артиллериялык курал колдонулган аскердик кол салуунун алгачкы сааттарында Баткен районунун "Головной" тилкесинде турган 24 бейкүнөө жаран каза болду.
"Тажикстандын аскерлери жана көптөгөн бандиттик түзүмдөрүнүн тынч жаткан элге жана жарандык объектилерге, ошондой эле жаракат алгандарды ташыган тез жардам автомашиналарына фугастык-жарылуучу бөлүкчөлөрдүн жана ракеталык куралдардын колдонулушу Тажикстан Республикасы тарабынан бир жактуу жана көп тараптуу эл аралык Женева конвенцияларындагы макулдашууларды, гуманитардык нормаларды бузуу менен караөзгөйлүк максатта жасалган агрессияны күбөлөндүрүп турат",-деп дагы айтылат билдирүүдө.






