Жапаров менен Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.
"Өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду",-деп жазды президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты.
"Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын баса белгиледи. Президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ыраттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди",-деп айтылат расмий маалыматта.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда Баткен облусунда өтөт.










