Чек арадагы ок атуудан каза тапкандар 34 кишиге жетти

Жаракат алгандардын экөөнүн абалы оор деп айтылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаракат алгандардын экөөнүн абалы оор деп айтылды

Баткендин чек ара тилкесинде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза тапкандар саны 34 кишиге жетти. Жаркат алгандар 163 киши. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Бүгүн түшкө жуук чек арадагы абал кайра чыңалып, Лейлек районундагы Арка айылына тажик аскерлери ок чыгарган. Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти деди УКМК.

Буга чейин жаркат алган 24 киши атайын борт менен Баткен облусунан Бишкекке алып келингени айтылган эле. Экөөнүн абалы оор деген дарыгерлер. Окко учкандардын жана Жаракат алгандардын дээрлик көпчүлүгү жайкын тургундар.

Каза тапкандардын бири - Интернационал айылындагы он гүлүнүн бири ачыла элек, алтынчы класстын окуучусу Мадина Рахматжанованын дагы өмүрү жалп өчтү.

Бейшембиде кечинде саат жети-сегиз чамасында тажик тараптагылар ок атып баштаганда, Максат, Кулунду, Интернационал айылындагы эл дүрбөп кача баштаган. Алардын арасында Мадина өзүнүн энеси жана төртүнчү класстагы сиңдиси менен кошо качып чыккан. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген.

УКМК 29-апрелде кечинде болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" аскер бөлүгү үч кызматкеринен айрылганын ырастады. Андан сырткары 22 аскер кызматкери жаракат алган. Алардын экөөнүн абалы оор деп айтылат билдирүүдө.

"Өздүк курам курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Мурда кабарланганда чек арадагы жаңжал тажик тараптан жасалган чагым болду. 29-апрелде тажик тарап кыргызстандык чек ара бекеттерин жана тозотторуна жапырт ок атты. Ошондой эле "Ми-24" тик учагын көтөрүп, андан Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарын аткылады",-деп айтылды Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Тажик тарап жабыр тарткандар тууралуу маалымат тарата элек. Айрым тажик басылмалары он киши каза таап, 90 киши жаракат алганын жазды.

Кечээ саат 20:00 чек ара аймагында бардык аскердик аракеттерди токтотуп, жаңжалга тартылган күчтөрдү артка кайтаруу боюнча эки тараптуу макулдашуудан кийин дагы ок атышуу токтогон жок. Баткендин Лейлек районунда тынымсыз ок атылып, кыргызстандык айылдарда турак үйлөр өрттөнгөнүн жергиликтүү тургундар кабарлашты. Тажик тарап тынымсыз ок чыгарып, чек ара тилкесиндеги кыргыз айылдары үй-жайын таштап качып чыкты.

Кечээ кечинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу Баткен облусунун Лейлек районунда тутанып кеткенин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирген.

"Кадимкидей эле аскердик тиреш, согуш болуп жатат. Атышып жатышат, азыр Лейлекте башталды. "Кулунду" менен "Максат" деген чек ара бекеттеринде, чектеш аймакта булар, согуш болуп жатат. Тажик тарап минометторду, гранатометторду, пулеметторду колдонуп жатат. Бир нече тик учактар дагы аймакта учуп жүрөт. Чек аранын бардык аймактарында аскердик тирешүүлөр болуп жатат. Биз позицияларыбызда бекем турабыз",-деди Баткендеги өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

Ал ортодо кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк комиссияларынын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Анда куралдуу конфликтти токтотуу, аскерлерди жана согуштук техниканы өз ордуларына алып кетүү, кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн чараларды көрүү, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топторун түзүү жөнүндө айтылат.