Ө.Суваналиев: Кадимкидей эле аскердик тиреш жүрүүдө

өрттөнгөн имарат

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу Баткен облусунун Лейлек районунда башталды деп кабарлады өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев.

"Кадимкидей эле аскердик тиреш, согуш болуп жатат. Атышып жатышат, азыр Лейлекте башталды. "Кулунду" менен "Максат" деген чек ара бекеттеринде, чектеш аймакта булар, согуш болуп жатат. Тажик тарап минометторду, гранатометторду, пулеметторду колдонуп жатат. Бир нече тик учактар дагы аймакта учуп жүрөт. Чек аранын бардык аймактарында аскердик тирешүүлөр болуп жатат. Биз позицияларыбызда бекем турабыз",-деди Баткендеги өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткендеги "Головной" аймагында абал курч бойдон турат деп билдирди.

Буга чейин Исфара-Ворух жолу Кыргызстандын жарандары тарабынан тосулган.

"Саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталды. Атышуу учурунда Кыргызстандын жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышты. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине ок чыгарган. Минометтон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кетти. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын атайын багыттагы "Бөрү" отряды Тажикстан Республикасынын Ходжа Алло чек ара заставасын басып алган",-деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү чек арадагы чыр-чатакта жаракат алып бир киши каза таап, 17 адам ооруканага түштү. Алардын ичинен жети кишиге ок тийген, экөөнө операция жасалаары кабарланды. Мындан мурун УКМК ок атышуу күчөгөнүн ырастаган.

"Ушул жылдын 29-апрелинде саат 14.00дө Тажикстан Республикасынын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты. Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча КР УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Шаршеев Уларбек Зарлыкович окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат",-деп кабарлады Чек ара кызматы.

Ал эми тажикстандык басылмалар "Тажикстандын УКМКсы Кыргызстан суу бөлүштүрүүчү жайды бир тараптуу басып алып, атайын даярдыктагы аскерлер жарандык кийим кийип алып жайкын тургундарга каршы күч колдонгонун айтууда" деп жазып жатышат. Тажик тараптан бир киши жаракат алып, ооруканага түшкөнү кабарланды.

баткен

Сүрөттүн булагы, Social media

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үч айылда - Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татырда күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды.

Ал ортодо Кыргызстан баш калаасы Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында ондогон кишилер жыйналып, кыргыз бийлигинен чек ара боюнча кырдаалды түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

28-апрелде Ак-Суунун боюнда тажикстандык жарандар шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек ара кызматы жергиликтүү бийликтердин эки тараптуу макулдашуусу болмоюн бул жерге кирүүгө болбой турганын эскерткен. Бирок тажик жарандары чек арачылардын эскертүүсүнө көңүл бурган эмес. Курал колдонуу тууралуу эскертүүдөн кийин гана ишин токтоткон.

чек ара чатагы

Сүрөттүн булагы, Social media

Андан кийин кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайда тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алды. Анын арты ок атышууга жетти.

Бул жайда 2014-жылдын 11-январында дагы чоң жаңжал чыккан. Баткен облусундагы Ак-Сай-Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен окуя катталып, андан беш кыргыз, кеминде эки тажик чек арачысы жаракат алган эле.

Бул окуянын айланасында Бишкек-Дүйшөмбү ортосунда кайым айтышуу орун алып, кыргыз тарап тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, биринчи болуп ок аткан, эл аралык келишимдер боюнча тыюу салынган миномёт, гранатамётторду колдонгон деп айтып чыккан.