Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

жоокер

Сүрөттүн булагы, April/social media

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолукканы белгилүү болду. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып К.Ташиев "кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз" деп айтты.

Баткендин жергиликтүү бийлиги 20 миңдей тургун коопсуз жайга чыгарылып кеткенин маалымдады. Лейлектин Максат, Арка айылдары катуу жабыркады. Түндөсү ок атылып, жай тургундардын көбү үй-жайын таштап чыгып кетти.

"Маргун айыл өкмөтүнө Жаңы-Жердеги чек ара тилкесиндеги айылдардагы тургундарды эвакуацияладык. Ылайыктуу имараттардын баарына, мектеби барбы, ооруканасы болобу жайгаштырдык. Азыр менин үйүмдө жетимиш киши бар. Балдар, улгайган кишилер, аялдар. Азыр чек арада олку-солку абал болуп турат. Ок деле атылып кетүүдө",-деп айтып берди Маргундун тургуну Эрнис Тойчубаев.

Баткендин жергиликтүү бийлиги 20 миңдей тургун коопсуз жайга чыгарылып кеткенин маалымдады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткендин жергиликтүү бийлиги 20 миңдей тургун коопсуз жайга чыгарылып кеткенин маалымдады

"Абал оорлошуп кетти. Тоо жакка качып келгенбиз, Арка айылы толугу менен тоого сүрүлүп, эвакуацияландык. Эл өзү эле качып, машинасы барлар ташый берди. Айылыбызда аскерлер анан жаш жигиттер эле калды. Биз тынч эле жатканбыз, Максат деген айылдан кабар келе баштады. Атышуу үндөр угулуп, анан биз да жөнөп калдык. Угушубузча май куючу бекеттер, негизги соода жайларды өрттөшүптүр. Машиналарга бензин жок, Аркада дүкөндөр жабык",-деди Арка айылынын тургуну Бурулай.

Өлкөнүн көп аймактарында кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултулуп жатат.

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Баткен облусунун чектеш айылдарынын эвакуацияланган тургундарынын абалын сурады.

Артем Новиков Баткенде

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артем Новиков Баткенде

"Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7093 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6079 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган. Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган",-дейт Артем Новиков.

Вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.

аялдар

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ылайыктуу имараттардын баарына, мектеби барбы, ооруканасы болобу жайгаштырдык. Азыр менин үйүмдө жетимиш киши бар",-деди Маргундун тургуну Эрнис Тойчубаев.

Жоготуулар, өрттөнгөн үйлөр жана чек ара бекеттери

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткендеги чек ара жаңжалынан 13 киши каза тапканын маалымдады. Каза тапкандардын бири он үч жаштагы өспүрүм кыз.

134 киши жаракат алып, анын 25и атайын борт менен Бишкек шаарына жеткирилди. Жаракат алгандардын экөөнүн абалы оор деп айтылды. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкерлери.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

"Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт",-деген президент Садыр Жапаров.

29-апрелдеги чек арада болгон куралдуу кагылышуудан Баткендин эки районундагы онго жакын айыл жабыр тартты. УКМК бир нече чек ара бекеттери жана тозотторуна ок атылып, өрт чыкканын билдирген. Ошондой эле 30га чукул май куюучу бекеттер өрттөлдү.

Минометтон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кетти

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Минометтон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кетти

"29-апрелде саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталды. Атышуу учурунда Кыргызстандын жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышты. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине ок чыгарган. Минометтон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кетти. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын атайын багыттагы "Бөрү" отряды Тажикстан Республикасынын Ходжа Алло чек ара заставасын басып алган",-деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Тажикстан тараптын жоготуулары тууралуу так маалымат жок. Айрым тажик басылмалары 10 киши каза таап, 90 киши жаракат алганын жазууда.

Лейлекте тутанган атышуу

Кечээ саат 20:00 чек ара аймагында бардык аскердик аракеттерди токтотуп, жаңжалга тартылган күчтөрдү артка кайтаруу боюнча эки тараптуу макулдашуудан кийин дагы ок атышуу токтогон жок. Баткендин Лейлек районунда тынымсыз ок атылып, кыргызстандык айылдарда турак үйлөр өрттөнгөнүн жергиликтүү тургундар кабарлашты. Тажик тарап тынымсыз ок чыгарып, чек ара тилкесиндеги кыргыз айылдары үй-жайын таштап качып чыкан.

өрттөлгөн үй

Сүрөттүн булагы, screenshot

Кечээ кечинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу Баткен облусунун Лейлек районунда тутанып кеткенин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирген.

"Кадимкидей эле аскердик тиреш, согуш болуп жатат. Атышып жатышат, азыр Лейлекте башталды. "Кулунду" менен "Максат" деген чек ара бекеттеринде, чектеш аймакта булар, согуш болуп жатат. Тажик тарап минометторду, гранатометторду, пулемётторду колдонуп жатат. Бир нече тик учактар дагы аймакта учуп жүрөт. Чек аранын бардык аймактарында аскердик тирешүүлөр болуп жатат. Биз позицияларыбызда бекем турабыз",-деди Баткендеги өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

Баткен району

Чыр чыгып, куралдуу тирешке айланып кеткен суу бөлүштүрүүчү жер Баткен районунда. Аймакта ок атуудан кишилей чыгымдар болуп, турак-үйлөр күйдү. Көк-Терек айылында 17 үй күйгөнүн жергиликтүү тургандар айтып жатышат. Андан сырткары чек ара итлкесиндеги алты айыл жабыр тартты. Ок атылып, өрт жалмаган чек ара бекеттеринин көбү дагы ушул аймакта.

28-апрелде Ак-Суунун боюнда тажикстандык жарандар шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек ара кызматы жергиликтүү бийликтердин эки тараптуу макулдашуусу болмоюн бул жерге кирүүгө болбой турганын эскерткен. Бирок тажик жарандары чек арачылардын эскертүүсүнө көңүл бурган эмес. Курал колдонуу тууралуу эскертүүдөн кийин гана ишин токтоткон.

Көк-Таш айылыны көрсөткөн карта, Баткен облусу

Андан соң кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайда тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алды. Анын арты ок атышууга жетти. Мунун алдында эки өлкөнүн жергиликтүү бийлиги жолугуп, бирок маселе чечилген эмес.

"Кечээ күнү 28-апрелде эки делегация нейтралдуу тилкеде жолукканбыз. Бүт маселелердин баары ошол жерден толугу менен чечилген. Андан кийин биз ар бирине тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү берип жөнөткөнбүз. Ошол жерде бир маселени Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода өзүнүн мэрине дайындаган. Ал "жанагы видеокамераны алып кой" деп тапшырма берген. Аймактык милициянын начальнигин, атайын кызматтын аймактык начальнигин жана чек ара кызматынан кошуп жиберген. Анан суу тосмого келгенде эле аларды укпай, албайм деп калды. Анан ошондон чыр-чатак чыгып кетпедиби. Бул чагымчылдыкты жасады деген тыянакка келдик. Анткени өз жетекчисин укпайт деген болбогон нерсе. Бирок биз баарын сүйлөшүп алганбыз. Аларда мындай конфликт кырдаал чыгышына эч кандай ниет жок болчу",-деди Би-Би-Сиге өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев.

Суу бөлүштүрүүчү жай

суу

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

2014-жылдын январында дагы Баткен облусундагы Ак-Сай - Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Анда эки тараптан тең чек арачылар октон жаракат алган. Бул окуянын айланасында Бишкек-Дүйшөмбү ортосунда кайым айтышуу орун алып, кыргыз тарап тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, биринчи болуп ок аткан, эл аралык келишимдер боюнча тыюу салынган миномёт, гранатамётторду колдонгон деп айтып чыккан.

"Суу бөлүштүрүүчү жайдын жанына Тажикстандын бир жараны отурукташып алган. Андан көп өтпөй Кыргызстанга тиешелүү делген аймакка тажик чек арачылары келе баштаган. Кыргыз чек арачылары коңшу өлкөнүн жарандарын чыгып кетүүсүн талап кылып барганда ортодо чатак чыккан",-деген эле жети жыл мурун Ак-Сай айылдык округунун башчысы Абдипатта Бердиев.

Бишкек менен Дүйшөмбү чек ара тактоо иштеринде орток пикир таба албай келет. Чек арадагы чыр-чатактардын көбү Ворухтун айланасында. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылганы белгилүү.

Айрым кыргызстандык эксперттер жана журналисттер "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык экенин тастыктаган архивдик документтерди коомдук сайттарга жарыялашты. Анда СССР учурунда өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министрлигинин буйрутмасы менен курулганы, Баткенге караштуу экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы 972 чакырым чек ара сызыгынын 375 чакырымы тактала элек. Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылганы белгилүү. Ошентип тараптар чек ара тактоо маселесинде орток пикир таба албай келишет. (AbA)