Президент Жапаров чек ара боюнча кайрылуу жасады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалуунун деңгээлин азайтуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды. Президент Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгиледи",- деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле президент кайрылуу менен чыкты.

"Кыргызстандын баардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам. Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана баардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда баардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам",-деп кайрылуу жасады президент С.Жапаров.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү чек арадагы чыр-чатакта жаракат алып бир киши каза таап, 17 адам ооруканага түштү. Алардын ичинен жети кишиге ок тийгени, экөөнө операция жасалаары кабарланды.

баткен

Сүрөттүн булагы, Social media

28-апрелде Ак-Суунун боюнда тажикстандык жарандар шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы жергиликтүү бийликтердин эки тараптуу макулдашуусу болмоюн, бул жерге кирүүгө болбой турганын эскерткен. Бирок тажик жарандары чек арачылардын эскертүүсүнө көңүл бурган эмес. Курал колдонуу тууралуу эскертүүдөн кийин гана ишин токтоткон.

Андан кийин "Головной" (суу бөлүштүрүү) тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алды. Анын арты ок атышууга жетти.

Бул жайда 2014-жылдын 11-январында дагы чоң жаңжал чыккан. Баткен облусундагы Ак-Сай-Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен окуя катталып, андан беш кыргыз, кеминде эки тажик чек арачысы жаракат алган эле.

Бул окуянын айланасында Бишкек-Дүйшөмбү ортосунда кайым айтышуу орун алып, кыргыз тарап тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, биринчи болуп ок аткан, эл аралык келишимдер боюнча тыюу салынган миномёт, гранатамётторду колдонгон деп айтып чыккан.