Баткен коогалаңы: мурдакы аскер прокурору байкаган каталыктар

Видеонун түшүндүрмөсү, К.Кожоналиев: Начар координация жана каталыктарды оңдоону ойлонолу

Кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда кыргыз чек арачыларынын иш аракеттери жөнүндө кайчы пикирлер болуп жатат. Куралчан топтор чек арага чектеш кыргыз айылдарына чейин кирип келип, басып алып, карапайым элге ок жаадырып, 34 адам курман болду. 170ден ашык адам жаракат алып, ооруканага жатты.

Би-Би-Си мурдакы аскер прокурору жана коомдук ишмер Кубат Кожоналиевге кайрылып, кыргыз чек арачыларынын күжүрмөн даярдыгы уставдык милдеттерге канчалык ылайык болгондугун, чек арачылардын иш-аракеттеринин координациясы кандай болгонун сурады.

К. Кожоналиев: Аскердик устав боюнча эки учурда күжүрмөн буйрук берилет. Чек арачыларга жана аба мейкиндигин коргогон күчтөргө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын же аба мейкиндигин коргоого киришүүгө буйрук берилет. Бул деген согушка чыккандай эле учур. Устав боюнча сага кол салса, сен коргогон объектилерге кол салса, устав боюнча сен курал колдонгонго толук укугуң бар. Биринчи өйдө көздөй атасың, экинчи жолу тийиштүү тарапка атасың. Эгерде сага кол салуу болсо, анда дароо атканга укугуң бар. Мурдакы аскер прокурору катары мындай иштерди тергөөгө катышкам, билем. Эмнеге мындай болду-болбоду, азыр айта албайм. Анткени менин колумда толук маалымат жок. Бирок жергиликтүү элдин куралсыз калганы мен үчүн чоң суроо...