Чек арадагы жаңжалда талкаланган үйлөр. Сүрөт

талкаланган имарат

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда 78 турак-жай талкаланганын билдирди.

Андан сырткары эки мектеп, бир эмкана, үч чекара бекети, бир бала бакча, сегиз дүкөн, 10 май куючу бекет, милициянын бир имараты талкаланган.

Мектеп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максат айылындагы мектеп
талкаланган имарат

Миң-Булак, Достук менен Максат чек ара тозоттору талкаланды. Ошондой эле Лейлек районундагы Достук, Борбордук, Раззаков, Арка, Сада, Максат айылдарындагы турак үйлөр, май куючу бекеттер, дүкөндөр, имараттар өрттөлүп, бүлүндү.

талкаланган имарат
талкаланган имарат
талкаланган имарат
талкаланган имарат

28-апрелде Баткен районунда башталган чек ара чатагы Лейлекте тутанды. Тажикстан тараптан кыргыз айылдарына ок атылып, чек ара тилкесиндеги айыл тургундары үй-жайын таштап качып чыкты.

Кыргызстан эки күндүк аза күтүү жарыялады. 29-30-апрелде, 1-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргызстандыктар саны 34 кишиге жетип, 160тан ашууну жаракат алды.

талкаланган имарат
талкаланган имарат

29-апрелде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайда тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алды. Анын арты ок атышууга жетти. Мунун алдында эки өлкөнүн жергиликтүү бийлиги жолугуп, бирок маселе чечилген эмес.

Айрым кыргызстандык эксперттер жана журналисттер "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык экенин тастыктаган архивдик документтерди коомдук сайттарга жарыялашты. Анда СССР учурунда өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министрлигинин буйрутмасы менен курулганы, Баткенге караштуу экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы 972 чакырым чек ара сызыгынын 375 чакырымы тактала элек. Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылганы белгилүү. Ошентип тараптар чек ара тактоо маселесинде орток пикир таба албай келишет. (AbA)

*