Максат тургуну: үйлөр өрттөлүп, айыл бүлүнүптүр

аялдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова басма сөз жыйынында чек арадагы жаңжалда 33 388 киши эвакуацияланганын айтты. Алардын 20 миңге жакыны балдар болгон.

Баткендин жергиликтүү бийлиги эки райондогу чек ара айылдарынан коопсуз жайга чырагылгандарды мектептерге, мейманканаларга жайгаштырган. Туугандарынын же кайрымдуу кишилердин үйүндө башкалкалап жаткандары да бар. Баткен аймагына өлкөнүн туш тарабынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлекке гумжардамдар барып жатканын кабарлады.

гумжардам

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылына ӨКМ тарабынан 3 КамАЗ гумжардам "Улуттук Кызыл жарым ай коому" менен биргеликте жеткирилди

Кечээ күнү Лейлектеги бир нече айыл сырт дүйнөдөн бөлүнүп, изоляцияда калганын айтып, жардам сурап кайрылуу жолдошкон эле.

Маргун айылына эвуакацияланып келген тургундарга жеткен гумжардам

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маргун айылына эвуакацияланып келген тургундарга жеткен гумжардам

28-апрелде Баткен районунда башталган чек ара чатагы Лейлекте тутанды. Тажикстан тараптан кыргыз айылдарына ок атылып, чек ара тилкесиндеги айыл тургундары үй-жайын таштап качып чыкты.

мектеп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максат айылындагы мектеп
Жаңы-Жол айыл аймагындагы талкаланган имараттар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы-Жол айыл аймагындагы талкаланган имараттар
талкаланган үй
талкаланган үй

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда чек арадагы окуяларда 78 турак-жай талкаланганын билдирди. Андан сырткары эки мектеп, бир эмкана, үч чекара бекети, бир бала бакча, сегиз дүкөн, 10 май куючу бекет, милициянын бир имараты талкаланган.

аялдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Райондогу беш айыл жабыр тартты. Анын ичинен Максат менен Арка айылдары көп жапа чеккен. Учурда айылдардагы материалдык чыгымдар эсептелүүдө. Айылдарына кайтып баргандар бар. Бирок аялдар жана балдар коопсуз жайларда башкалкалап турат дейт Максат айылынын тургуну Урпия Сатарова.

Максат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максат айылы
качкындар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Азыр Исфанада гумжардам келген экен ошол жердемин. 29-апрелде Баткен районундагы чек арада чыр-чыкканда эле Лейлектин Максат айылындагылар аялдар жана балдарды коопсуз жайга чыгып кеткиле дешти. Ар ким ар кай жакта башкалкалап жатат. Биз Исфанага келдик эле. Элден айланса болот экен, бизди бул жердегилер үйүнө киргизип, жакшы карап жатышат. Максатка баргандар айтып келишти, үйлөр бүт талкаланып, өртөлгөн дейт. Менин дагы үйүм күйүп кетиптир. Балдарым сыртта иштешет. Ал жерге барбаңыз, алып кетели дейт. Жок дедим, үйүмдү тикелейп, эл менен болом. Эми кудай тынчылык берсин. Мындан кийин кандай жашоо болот деп сарсанаа болуп жатабыз. Бизди МЧС (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) үйлөрүңөргө барбай тургула деп жатат. Өздөрү коопсуздук жагын бир сыйра карап чыгышат окшойт. Эркектер дагы ок атуу болгондо жөө жалаңдап качыптыр",-деп айтып берди Максат айылынын тургуну Урпия Сатарова.

Баткенден убактылуу Кадамжайга эвакуация болгон үч аял көз жарган.

бата берген эне

Сүрөттүн булагы, Getty Images

*