Лейлек: тажик күч түзүмдөрү толук чыга элек, изоляцияда калган айылдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов аймакта абал дагы деле чыңалган абалда турганын айтты.
"Кырдаал тынчый элек, тажиктер күч түзүмдөрүн толук алып чыгып кете элек. Жашаган жерин таштай качкан жарандар үчүн деп гумжардамдар келип жатат. Аны уюштуруу жагы кыйынга турууда. Себеби, жыйырма бир миңге жакын адам эвакуацияланды. Азыркы кырдаалда мындан башка эч нерсе айта албайм",-деди аким.
Жергиликтүү тургундар бир нече айыл сырт дүйнөдөн бөлүнүп, изоляцияда калганын айтып, жардам сурап кайрылууда.
"Арка, Жаңы-Жер, Достук айылдарынын тургундары азыр Исфанага да келе албай калышты. Аябай кооптуу жагдай түзүлдү. Муну коомчулук жакшы түшүнбөй, билбей жатат. Кудай сактасын, эгер тажик тараптан ошол жакка кире турган болсо, кыргыз жарандары туңгуюкта калды, алардын кача турган жери жок. Азыр журналисттер өздөрү деле Лейлектин картасын эми ачып, кайсы жерде эмне экенин жакшы билбей жатышат. Мен ал жерде туулуп-өскөн киши катары айтайын, ошол эле Исфанадан Арка айылынан барыш үчүн сөзсүз Тажикстан аркылуу өткөнгө туура келет жана ал жарым сааттык жолго тете жер, ал жерде түз жол жок. Максат деген айылда соңку он жылда курган бир көпүрө бар, ушул күндөру ал да тосулуп калды. Биздин жарандар тузакта калып жатышат", -деди туугандарынан кабатыр болуп жаткандардын бири Максатбек Жалилов .
29-апрелде Баткен районунда башталган чек ара жаңжалы Лейлекке өтүп, тажик тараптан тынымсыз ок атылып, кыргызстандык айылдарда турак үйлөр, дүкөндөр, май куючу бекеттер өрттөлүп, курмандыктар болду.

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT
Чек ара тилкесиндеги кыргыз айылдары үй-жайын таштап качып чыкан эле. Лейлектин чек арадагы Максат айылындагы үйлөр бүт өрттөлгөн. Райондогу беш айыл жабыр тартты. Анын ичинен Максат менен Арка айылдары көп жапа чеккен. 30га чукул май куюучу бекет өрттөлүп, дүкөндөр талкаланып, тонолду деди жергиликтүү тургундар. Лейлектен 13 миңден ашуун киши коопсуз жайга чыгып кетти дейт жергиликтүү бийлик.










