УКМК: атайын даярдыктагы аскер бөлүгү үч жоокерин жоготту

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
УКМК 29-апрелде кечинде болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" аскер бөлүгү үч кызматкеринен айрылганын ырастады. Андан сырткары 22 аскер кызматкери жаракат алган. Алардын экөөнүн абалы оор деп айтылат билдирүүдө.
"Өздүк курам курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Мурда кабарланганда чек арадагы жаңжал тажик тараптан жасалган чагым болду. 29-апрелде тажик тарап кыргызстандык чек ара бекеттерин жана тозотторуна жапырт ок атты. Ошондой эле "Ми-24" тик учагын көтөрүп, андан Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарын аткылады",-деп айтылды Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
Тажик тарап жабыр тарткандар тууралуу маалымат тарата элек. Айрым тажик басылмалары он киши каза таап, 90 киши жаракат алганын жазды.
Бүгүн эрте менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткендеги чек ара жаңжалынан 13 киши каза тапканын маалымдады. Каза тапкандардын бири он үч жаштагы өспүрүм кыз.
134 киши жаракат алып, анын 25и атайын борт менен Бишкек шаарына жеткирилди. Жаракат алгандардын экөөнүн абалы оор деп айтылды.









